Садык Алахан: Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Райкан Шүкүрбековдун термелеринин башкы проблемалары жана көркөм-эстетикалык өзгөчөлүктөрү

Ырас, Р.Шүкүрбеков жинди сууну шимирген аракечтин тышкы кебете-кешпирин да эсте каларлык деңгээлде көрсөтүп берет.

Билбей мээң айланып,

Кийбейсиң кээде чалбарды.

Маймыл көргөн немедей,

Ээчитесиң балдарды. (87-бет)

Жинди суу

Калтыратат колуңду,

Ийри кылат жолуңду.

Жайдын күнү кийгизет,

Кышындагы тонуңду.

 

Күн кайнаган жайында,

Июль, август айында.

Кийиз өтүк бутуңда,

Мына, анык күлкү ушунда (91-бет).

 

Сай сөөгүң сыздап жүлүндөйт,

Чылпактан көзүң ириңдейт.

Оозу башың бүлкүлдөп,

Сүйлөгөн сөзүң билинбейт (92-бет)

 

Ашаткан тери жыттанат.

Үстүңдөгү кийгениң. (93-бет).

Бул термеде Р.Шүкүрбеков конкреттүү тагдыр сыяктанган типтүү баяндоолорду эң сонун колдонот. Мунун бир мисалы катары жогоруда мас келиндин таржымалын көрдүк. Ушундай эле жекелештирилген баянды конкреттүү бир аракечтин тагдыры аркылуу да көрсөтүп берет. Адегенде ал ичкичтин мекемеден куулгандыгы, «кекиртектен кетти деп, кыргызга бүт угулгандыгы», айтылат да, анан

Боору ооруган начальник,

Аны кайра алат ишке калкалап.

Ашып кетсе алты күн,

Араң жүрөт чалкалап.

Ичпейм деп айтат күчтөнүп,

Үч күнү жүрөт тиштенип.

Кылжыңдап келет бир күнү,

Шляпасы бүктөлүп. (85-бет).

Албетте, бул аракечтин жинди сууга биротоло берилип калгандагы тагдыры эле. Аракечтик боюнча белгилүү окумуштуу Г.М.Энтиндин аныктамасы боюнча аракечтин акын сүрөттөгөн бул абалы аракечтиктин үчүнчү стадиясына –«хронический алкоголизм в исходной стадии» – туура келет. (Аракечтиктин түрлөрү жөнүндө төмөндө кеп кылабыз.) Аракечтин бул кебетесин көрүшкөн

Кызматчылар жабылып

Башын чайкап турушат.

Столдорго чалынып,

«Соомун» деп кайра урушат.

Акыл айтса, өзүңө

Ошондо куйкаң курушат.

 

Эми койдум анык деп.

Түгөнбөгөн убада.

Учу-кыйыры билинбейт,

Убада байкуш убара. (85-бет).

Мына ошентип, залкар акын жинди суунун адам тагдырын талкалаган кыйраткыч мүнөзүн таамай тартылган бир мисалдын негизинде эң сонун кылып ачып берди.

Арийне, жинди суу пенде баласын физиологиялык жактан гана кемирип жебестен адамды нравалык, адеп-актык жактан да деградацияга алып барат. Ичкич адам баарынан мурда ыйманын жеген, жалганды чындай сүйлөгөн калпычы болуп каларын акын:

Ал устасы болот төгүндүн,- деген

бир сап ыры менен эле чекеге черткендей кылып айтып берген.

Аракеч үчүн улууну урматтоо, кичүүнү сыйлоо деген адеп-актык критерийлер таптакыр жок болот. Ошондуктан ал

Кастын энесин тепкилейт.

Аракеч үчүн дегеле ыйык нерсе калбайт. Баарынан да жанга батканы –

Орусча сөгөт энесин,

Ыйлатат жакын жеңесин. (89-бет).

Ушундан соң

Адам деп кантип айтабыз

Адамдан чыккан айбанды –деп (87-бет) чыгарган акындын жыйынтык пикири ар кимди болсун муютпай койбойт.

Залкар акын дегеле бул чыгармасында жинди сууга азгырылган адамдарды өз ара топ-топко бөлүштүрүп берет. Илимде муну классификациялоо деп атайт. Акындын көркөм классификациялоосу боюнча аракечтердин төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

Биринчиси:  Чатагы жок шимирген,

Жүк көтөргүч пили бар.

Бирок, көйнөгү арак жыттанып,

Күйүп кеткен түрү бар.

Элден, журттан бөлүнгөн,

Бечера тарткан үйү бар. (90-бет)

Экинчи топтогу аракечтерди акын момундайча мүнөздөйт:

Тандабай кызыл агынан

Табылса соккон таңынан

Кызыл мурун деген бар,

Мына, ошолор жаман баарынан. (90-бет)

Ошону менен бирге момундай да (үчүнчү топтогу) ичкичтер бар:

Каны тарткан ичине,

Жутуп алса кичине.

Эртесинде шишиме,

Ичсе кирген күчүнө. (90-бет)

Көрүнүп тургандай, акындын минтип:

Ичкичтердин түрү бар,

Алардын түрүн билип ал, -деп бөлүштүрүүсү нукура поэтикалык интуиция менен гана жинди сууга алдырган адамдардын сырткы кебете-кешпири, жүрүм-туруму боюнча жасалган сүрөткердин гана бөлүштүрүүсү болуп эсептелет. Ал эми аракечтик боюнча жазылган атайын изилдөөлөрдө бул багыттагы эмгектенген окумуштуулар сунуш эткен тогуз түрдүү классификация берилген. Бул классификациялоолордун төртөө алыскы чет өлкөлүк илимпоздорго тиешелүү болсо, бешөө орус окумуштуулары тарабынан иштелип чыккан. Аракечтер жөнүндөгү бул классификациялоолордун толук кандуулары катары канадалык чоң окумуштуу E.Jellinek тарабынан иштелип чыгып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) тарабынан жактырылган бөлүштүрүү менен орус окумуштуулары Ю.П.Лисицын менен Н.Я.Копыт тарабынан иштелип чыккан бөлүштүрүү болуп эсептелет.

E.Jellinek аракечтикти төмөндөгүдөй беш топко бөлөт:

  1. Альфа – алкоголизм. Имеется психическая уязвимость. Причиной употребления алкоголя служит стремления облегчить телесную или душевную боль.
  2. Бета –алкоголизм. При этой форме алкоголизма спиртные напитки употребляются часто, в основном в связи с обычаями… Болезнь не прогрессирует.
  3. Гамма – алкоголизм. Сопровождается психологической и физической зависимостью от алкоголя. При этой форме процесс отчетливо прогрессирует.
  4. Дельта –алкоголизм. Физическая зависимость от алкоголя, позднее присоединяется психическая. Индивидуум не способен воздержаться от алкоголя более суток, однако контроль под количеством спиртного сохранен.
  5. Эпсилон –алкоголизм. Периодическое пьянство. …эта форма злоупотребления сопровождается тяжелыми алкогольными осложнениями.

Ал эми орус окумуштуулары Ю.П.Лисицын менен Н.Я.Копыт ичкичтерди төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүп беришет:

  1. Употребляющие алкогольные напитки редко, в небольших количествах.
  2. Употребляющие алкогольные напитки умеренно. …Лица, входящие в эту группу, как правило, «знают свою меру», а в состоянии алкогольного опьянения не допускают антиобщественных поступков.
  3. Злоупоребляющие алкоголем:

а). Без признаков алкоголизма, т.е. пьяницы, которые употребляют

алкоголь часто, …в больших количествах. …эта группа лиц, злоупотребляющих алкоголем, отличается ассоциальным поведением в состоянии алкогольного опьянения: конфликты в семье, невыходы на работы, нерушения правил общественного порядка. Последствиями бывают доставка в медвытрезвитель, приводы в милицию и т.п. Возможны нечетко выраженные признаки психической зависимости от алкоголя.

б) с начальными признаками алкоголизма – приналичии психической зависимости и измененной реактивности организма на алкоголь. (влечение к алкоголю и состоянию опьянения, утрата контроля за количеством потребляемых напитков и др.)

в) с выраженными признаками алкоголизма. Когда появляются признаки физической зависимости от алкоголя.

Залкар сүрөткер Р.Шүкүрбеков көркөм сүрөтүн тарткан биринчи топтогу ичкичтерди канадалык белгилүү окумуштуу E. Jellinek сунуш эткен үчүнчү топко, гамма-алкоголизм алкагындагы мастарга кошсок ылайык болчудай, анткени, «көйнөгү арак жыттанып//күйүп кеткен түрү бар» болгону менен али үй-бүлөдөн ажырай элек, б.а. адам катарынан биротоло чыгып кала элек. Бирок «сопровождается психической и физической зависимосью от алкоголя». Ал эми окумуштуулардын бөлүштүрүүсүндөгү үчүнчү топтун а подгруппасына тиешелүү деп айтсак болот, анткени булар «пьяницы, которые употребляют алкоголь часто, …в больших количествах».

Ал эми Р.Шүкүрбеков сүрөтөгөн экинчи топтогу («тандабай кызыл, агынан// Табылса соккон таңынан//Кызыл мурун деген бар») ичкичтерди E.Jellinek бөлүштүргөн эпсилон-алкоголизм алкагындагы аракечтерге кошсок болот. Ал эми орус окумуштууларынын классификациялоосу боюнча Р.Шүкүрбековдун бул топтогу ичкичтери, албетте, 3-топтогу аракечтердин 3-подгруппасына тиешелүү, анткени буларда “появляются признаки физической зависимости от алкоголя».

Р.Шүкүрбековдун бул термесинде аракечтиктин таптакыр өтүшүп кеткен түрлөрү да өтө кылдаттык менен баяндалып берилген. Аракечтик жөнүндөгү илимде ичкичтердин мындай абалын алкогольные психозы деп атап, өз ара төрт стадияга бөлүштүрөт: а) белая горячка, б) алкогольный галлюциноз, в) алкогольный параноид, г) корсаковский психоз.

Мында а тобундагылар (белая горячка) эмне иш жасап жатканын билбей, жинди чалыш немедей болуп, жасаган жумушун тескей албай калат, акындын сөзү менен айтканда:

Айылды бүтүн чакырат,

Мен киммин деп бакырат (88-бет).

же болбосо:

Бээлерди үркүтүп,

Быт-чыт кылат желесин. (89-бет).

Ал эми экинчи топтогуларда (алкогольный галлюциноз) болсо арактын уусу нерв системаларын да биротоло ууландырып, кулагына ар кандай добуштар угулуп, көзүнө ар нерселер көрүнө баштайт. Мындай учурда адам өзүнө өзү кол салышы, көп кабаттуу үйлөрдөн секирип жибериши, ээн токой, эрме чөлгө тентип кетиши ыктымал. Акын таамай айткандай, бул учурда

…өзүңдү өзүң билесиң,

өйдө-төмөн жүрөсүң.

Куш сайрабас, күн тийбес,

Түнт токойго киресиң.

Ачуу-ачуу кыйкырып,

Аржаңдап жалгыз күлөсүң. (91-бет)

Мына ошентип, залкар акын Райкан Шүкүрбеков «Жинди суу» деп аталган бул термесинде аракечтик жөнүндө, болгондо да көркөм сөздүн күчү менен, ар тараптуу кылып жүрөккө жетерлик, акыл-сезимди козгорлук, окуган адам таалим – тарбия аларлык деңгээлде баяндап берген. Таалим-тарбия демекчи, дале болсо терменин жанрдык табиятына ылайык акын ыңгай- шартына ылайык ар кандай дидактикалык акыл-насияттарды айтып жүрүп олтурат. Бул жерде:

Жаралып эки келбейсиң,

Жаркыраган ааламга.

Акыл, эс, уят, ар, намыс,

Чоң касиет адамга.

Түбөлүк жашап каласың,

Эмгегиң сиңсе заманга, -деген (84-бет) накыл кеп айтылса, ушуга улай эле:

Көрктөнөт киши жумуштан,

Эмне кызмат кылыштан, -делип айтылат.

Анан да:

Окууң болсо өргө чап,

Ашыгып иште, күн кыска. (89-бет)

Жана да:

Азамат болуу аста-аста,

Айбан болуу бир паста, -деген (90-бет)

сыяктуу элдик акылман ойдон сызылып чыкканы ачык-айкын көрүнүп турган, ушундан улам таасирдүүлүгү андан бетер күчтүү чыккан нуска кептер да өтө айрым кездешет. Анан калса терменин:

Айтканымды ойго алар,

Акылы бар жаш бала.

Ардактуу асыл башыңды,

Аракка кылба маскара (93-бет).

деген накыл кеп, ак дилден айтылган насыят сөз менен бүтүшү да кандайдыр бир деңгээлде символикалык көрүнүшкө ээ болуп турат. Жанатан бери ар кандай өңүттөн, ар кайсы нукта айтылып келген акындык баян кулпулап койгондой зымпыйып турат.

Жыйынтыктап айтканда, Р.Шүкүрбековдун «Жинди суу» деп аталган бул термеси улуттук терме ырларын тематикалык жактан байытып, проблемалуулугун дагы да жогорулатуу менен бирге акындын жеке чыгармачылык тагдырында гана эмес жалпы улуттук адабиятыбызда да өзгөчө орунга ээ чыгарма болуп калды.

  1. Шилтеме төмөнкү китеп боюнча алынды: Гукосян А.Г. Хронический  алкоголизм и состояние внутренных органов.-М.: Медицина, 1968. –стр.279-280.
  2. Стрельчук И.В. Острая и храническая интоксикация алкоголем. –М.: МедицинаЮ 1973. –стр.174.

Садык Алахан, филология илимдеринин доктору, профессор