Үмүт Култаева: Азыркы доор үнү М.Мамазаированын “Аймаран” романында

Азыркы доор үнү М.Мамазаированын “Аймаран” романында Эгемендик алып келген эркиндик менен бирге өзгөргөн доордун коомдук-саясий, экономикалык, нравалык кризиси улуттук адабияттын көркөм аянтында жаңы горизонтту табигый түрдө көрсөтүп, көркөм сөз өнөрүндө жаңы темалардын жаралышы табигый көрүнүш го. Жаңы доорду чагылдырган адабият – жаңы доор адабияты атала баштады. Бул багытта биздин улуттук адабиятта болуп жаткан өзгөрүүлөр боюнча жазуучу, аналитик адабиятчылардын бири М.Апышовдун “Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгы” аттуу макаласы 2008-жылы жарык көргөнүнө карабастан, бул олуттуу тема боюнча оңдуу сөз уланган жок. А бирок бир системадан экинчи системага өткөн кезде жаңы жол оңой толугу менен…..

Зинакан Пасаңова: Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта

Залкар акындын музасы, акын жана романист Меңди Мамазаирова 80 жашта Белгилүү акын-жазуучу, драматург, Кыргыз Эл акыны Менди Мамазаирова эженин кыргыз адабиятында өзгөчө орду бар. Залкар талант Жолон Мамытовдун музасы, татыктуу жары жана акындын адабий казынасынын мураскору болуу милдети эженин жеке чыгармачылыгын арткы планга сүрүп коюшу мүмкүн эле. Бирок, оргуштаган талант менен чыгармачылык эргүү Меңди эжеге тынчтык бермек эмес. Көөдөндү ургулаган жаратмандык ышкы, турмуштун миң тамырынын сокконун туйган сезимталдык, сергек эс-акыл жана профессионал инсандардын ордосуна жаштайынан аралашып калуу тагдыры кыргыз адабиятына таланттуу калемгерди берди. Меңди Мамазаирова кыргыз окурмандарына 70-жылдары тааныла баштаса, ошол убакыттан бери көркөм сөз өнөрдүн жүгүн моюбай көтөрүп, калемгерлердин сап толугу менен…..

Меңди Мамазаированын “Аймаран” романынын каармандары – азыркы замандын кишилери

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгарма Меңди Мамазаированын “Аймаран” романынын каармандары – азыркы замандын  кишилери Эң алды менен айтып коёюн, адабиятчы же сынчы болбосом да, романды окуган соң, окурман катары да, чыгармачыл адам катары да, кала берсе жазуучунун калемдеш-замандашы катары өз пикиримди жазууга белсендим. Улуттук адабиятыбыздын тарыхында бардык жанрда бирдей эмгектенген жазуучулар сейрек. Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова ошондой сейрек калемгерлердин катарына кирери баарыбызга белгилүү. Албетте, бир эле мезгилде акын, прозаик, драматург, публицист жана журналист болуу оңой эмес. Бирок, ушундай көп кырдуу чыгармачылыгынын ар бир тармагында айтарлык ийгиликтерге жетишип, улуттук толугу менен…..

Меңди Мамазаированын “Аймаран” аттуу романынын бет ачары өтөт

Кыргыз Республикасынын Эл акыны, көптөгөн сыйлыктардын ээси, жазуучу, драматург  Меңди Мамазаированын “Аймаран” аттуу романынын бет ачары өтөт. Бет ачар  үстүбүздөгү жылдын 26-январында саат 11:00 дө,  Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов залында болмокчу. Баардык окурмандар үчүн эшик ачык.