Миргуль Текешова: Р.Шүкүрбеков жана Ч.Айтматов: орток идеялык-эстетикалык табылгалар

Райкан Шүкүрбековдун 110 жылдыгына Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналат

Р.Шүкүрбеков жана Ч.Айтматов: орток идеялык-эстетикалык табылгалар

Биринчиси белгилүү акын-сатирик, экинчиси жазуучу-философ, ортолорунда орток эмне болушу мүмкүн деген суроо туулары бышык. Бирок талант сыры ошондо тура, курч чыгармачылык туюм, эрк, көрөгөчтүк, жасалмалуулуктан алыс турмуштун таза сүрөтү, мына ушул нерселер орток болушу толук мүмкүн.

Р.Шүкүрбеков адам турмушуна жат, нравалык-этикалык түшүнүктөргө сыйбаган, коомдогу терс көрүнүштөрдү мыскылдап, келекелеп, аллегориялуу, каймана мааниде, кээде ачык эле шылдың-сатира менен чагылдырган, же поэзиянын учкул кайрыктары, чагылгандай курч учкундары менен тартылып өткөн турмуш картиналары, Ч.Айтматовдо кара сөздүн кубаты менен ташка тамга баскандай чегилип, терең, ары кенен иштелип, миң түркүн боектор менен көркүнө чыккандай, социалдык-философиялык маани-маңызы ачылгандай сезилет.

Райкан Шүкүрбековдун чыгармачылыгы ар тараптуу. Ал бир эле учурда поэзия, проза, драма, котормо жаатында иштеп, аз өмүрүндө бай көркөм казына калтырып кетти. Акындын чыгармачылыгын баамдап, андагы зор поэтикалык кудурет күчтү көрө билген киши дагы жазуучу-адабиятчы Ч.Айтматов өзү болгон. Адабиятчы-сынчыларга айрым учурларда өз чыгармаларынын дагы жандырмагын чечмелеп берип, түшүндүрүп жүргөн жазуучу, акын-жазуучулар, алардын чыгармачылыктары туурасында дагы асыл ойлору менен бөлүшүп, адабият маселелерине тиешелүү көптөгөн суроолордун башын ачып, багыттап коюуга жетишкен. Ушундай докладдарынын бири “Адабияттын жаш граждандарына” (1963) деген “Жаш жазуучулардын республикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө” жазуучунун мындай дегени бар: “Эсиңерге бир нерсени сала кетейин. Маркум Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаевдер жердигинен таланттуу адамдар эмес беле. Кыргыз адабиятынын ирдүү жылдыздары десек артык болбос. Мына ушул таланттуу кишилер ар кандай өкүнүчтүү себептерге байланыштуу, бир жагы өздөрүнөн да кетип калды, табийгаттын берген поэтикалык күчүн көңүлдөгүдөй өркүндөтүп, көңүлдөгүдөй жумшай алышпай калышты деген ойдомун. Эгерде алар өз чыгармачылыгын теория жагынан байытып, искусствонун ар кайсы тармагында болуп жаткан турмуш менен терең байланыштырганда, алар анда азыркысынан да өйдө, атагы алда кайда кеткен зор-зор художник болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар эле” .

Ал эми адабиятчы О.Ибраимов “История кыргызской литературы ХХ века” деген эмгегинде “Райкан-Мидин мектеби”, алардын инсандык жана чыгармачылык жеке-өзгөчөлүктөрүнүн маданий маанисине” токтолуп келип мындай дейт: “Сатира и Р.Шукурбекова, и М.Алыбаева, других последователей “Райкан-Мидинской школы” так или иначе обжигала серый, бездарный официоз, советский твердолобый бюрократизм, идеологическую предопределенность. Их лирика, гражданская поэзия всегда отличались искренностью, естественностью чувств, отсутсвием всякого ложного пафоса”. Аты аталган адабиятчы, Райкан-Мидин менен башталган эркин ой-жүгүртүү, катардагы эмес, өзгөчөлөнгөн, ар кандай шарттуулуктардан алыс, “өз ички демократизмине ээ”, жалпак тили жана элдик фольклорго жакындыгы менен айырмалангандыгын айтып келип, бул мектептин татыктуу улантуучусу катары Б.Сарногоевди көрсөткөн. Ал эми бул акындардын ушундай өзгөчө чыгармачылыктарынан кийин Ч.Айтматовдун келиши менен кыргыз адабиятында жаңы доордун башталгандыгын белгилеген.

Чынында да Р.Шүкүрбековдун айрым ырларын окуп отуруп, Ч.Айтматовдун повесть, романдарын эске түшүрөбүз, үндөштүктү сезебиз. Мисалы:

“Карышкыр менен Качкынбай” деген ырга көңүл бөлөлү:

“Колхоз коюн багат Качкынбай,

Ээн жерде ал илгерки эле бай.

Чекесинен сойгону сойгон,

Ойлоп да турбай, эсеп да кылбай.

Колхоздун малын өз малындай көрбөй,

Кылган иши мына ушундай.

Айылдагылар ага таң калат,

Мал арбыбайт,

Ал эмне багат?

Эсеп иши жүрө калса кокус:

Качкынбай карышкырга жалаа жабат.

Бир күнү тоодо Качкынбай кой сойгондо,

Карышкыр турган экен карап.

Аскадан мындай сөз салат:

–О-у, уяты жок Качкынбай,

Жүрөсүң мени жактырбай.

Уялбай бизди тилдейсиң,

Өзүңдү өзүң ким дейсиң?

Живсырьёго териң тапшырылбаганы болбосо,

Өзүңдүн деле карышкыр экениңди билбейсиң.

Ой тууган,

Каргыш урган–

Деп Карышкыр улуган.

Аны угуп Качкынбай тыянак кылган.

–Өстүрүү үчүн малды,

Жоготуу керек тоодон карышкырларды”. Жалган жалаа жабылып жүргөн карышкырга тил бүтүп, Качкынбай чабандын айыбын ачып улуганы, ошол мезгилдеги абийирсиз колхоз чабандарынын аракеттерин ашкерелеген таасирдүү, ары курч идея – адам карышкырдан өткөн жырткыч деген ой айтылбаса да түшүнүктүү. Адамдын карышкырдан өткөн жырткычтыгын биз “Кыямат” романынан көрөбүз. Роман соңунда Базарбайдын өлүгүнүн үстүндө аялы Турсун минтип ыйлайт: “Ит элең, ит өлүмүнө туш болдуң ушуну билгем мен, ушуну билгем. …бу Базарбай шүмшүккө мен айтпаптырмынбы, айткам, бөлтүрүктөрдү уурдап не кыласың, кой, акыры жакшы болбойт дебептирминби, дегем, бирок бу адамдан чыккан жырткычка даба бар беле, талаада жүргөн айбанатты да ичип жиберди го чиркин…”. Бирок мындагы жазуучулук чеберчилик, идеянын көркөм иштелиши албетте ал көп катмарлуу, көп кырдуу маселе. Бул идея – жаратылыш менен адамды байланыштырган, адамдын айбанчылык аракеттери, анын кыяматы, акыр заманы болоорун эскерткен жалпы адамзаттык деңгээлдеги, тарыхый, географиялык, мезгилдик алкак-чектери кең, терең философиялуу романдын ичиндеги бир канча идеянын бири гана.

“Солдат өптү” – бул алакандай ыр да акындын мындан башка дагы учкул ой, терең маани, идея камтыган ырларындай эле таамай жазылган:

“Кара жамгыр түн бою нөшөрлөттү,

Согуш тынбай эки жак күрсүлдөштү.

Таң агара тазарып асман бети,

Күлүмсүрөп күн чыгып нурун септи.

Жымжырт болуп бир азга согуш токтоп,

Кең дүйнөнү керилтип мелмилдетти.

Ой укмуш… өлбөйт тура турмуш деген.

Токойдон үпүп, күкүк сайрай кетти.

Жаша жер,

Жаша турмуш коркпогун – деп,

Болот калпак чоң солдат жерин өптү”.

Райкан Шүкүрбековдун бул ырын окуп отуруп, согушка катышып, согуш майданындагы салгылышууларга тикелей күбө болгон акындын, ошол оор турмушунан бир элес экен деген ойдо калышыбыз мүмкүн. Кан төгүлүп, алаамат болуп, өлүм менен өмүрдүн арасында жан далбастап жаткан жоокерлердин арасынан сезимтал, ары ыр жандуу акын жоокердин табият менен алааматтын ортосунан “турмуштун өлбөстүгү”, “Жердин кудурети” сыяктуу идеяны сезип туюп, ыр сабында туюнтуп бериши албетте табылга болгондугу талашсыз.

Табият бул ырда калыбынан жазбай, жамгыры жаап, ок дарынын жытын тазартып, асман бети чайыттай ачылып, “күн күлүмсүрөп чыгып, нурун сээп” бири-биринин канын төгүп, согушуп жаткан адамдардан ары күчтүү да, таза да, “өлбөс” да болуп чыкты. Акын бул ырында жасалма жол менен табиятты ырдын идеясына баш ийдирип, аны бурмалабастан, тескерисинче, табияттан, анын маани-маңызынан идея көрө билгендигин, сезе билгендигин байкасак болот. “Тирүүлүк” идеясы ырдагы кескин контраст аркылуу таамай чагылдырылгандыгын көрүүгө болот. “Үпүп”, “күкүк” сайрап, айлана тыптынч магдырап, атышуу, жардыруулардан кийин дагы жашоонун уланып жатышы, адамдардын тирүүлүккө канааттанып, Жер коюнунда тынчтыкта жашоонун канчалык маанилүү экендиги жөнүндөгү идея, айтылбаса да түшүнүктүү болуп турат. Бул согуш талаасы дейли, ошол эле учурда тылда, орукта да жашоо үчүн күрөш, согуш жүрүп жатты. Оруктагылар жакындарынын биринин артынан, бирин жоготуп, буга карабастан таман алдындагы Жерге, тирүүлүккө каниет кылып, бар күчүн жыйып, өтүп кеткендердин элесин эске салган кичиней нерселерге да топук кылып, ошолорду карманып, тутунуп, кулаган жерден турууга, алга карай жашоого аракеттенгендерди биз Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен көрөбүз. Жолдошу, үч уулунан ажыраган Толгонай эне: “Жаңы эле жабылган ысык нан экен. Жанболот кадыресе кишиче нан туурап: “Ал, эне” деди. Бир сындырым нан алып тиштегенимде, Касымдын колунун жытындай, комбайнчынын кара май колу жыттанган нан оозума тыгыла түштү. Ооба, ооба, так ошондой – керосин, күн, саман жыттанган дүмбүл нан экен. Көз жашым менен кошо күрмөп жибердим. “Нан өлбөйт экен го! – дедим ичимден. – Турмуш өлбөйт экен го, эмгек өлбөйт экен го!”. “Көптөн бери мындай тамылжыган таң эртесин көрө элек элем. Көптөн бери торгойдун минтип сайраганын уккан жок элем. …Көмөкөйүңдөн айланайын, торгойум. “Ана, биздин торгой, сайрады” деп койчу эле Субанкул. Сен да өлбөйт экенсиң, торгоюм!” – деп тирүүлүккө, тынымсыз бир ордунда турбай, жылып, өтүп бараткан, өз жолунда баардыгын улам өзгөртүп, алмаштырып, жаңылап бараткан убакытка топук кылат Толгонай эне.

Р.Шүкүрбековдун “Буттун шору” деген ыры, тоталитардык режимдин таасири менен бирин-бири аңдуу, бут тосуу, бирөөнү каралоо, жамандоо, күнөөлүү кылып табуу менен өз ордун бекемдөө, жагынуу, авторитетин коргоо, чин алуу сыяктуу илдеттер ашынып турганда жазылгандыгы байкалат.

“Бири болбосо, бири күн көрө албайт адамдар,

Өз ишин элдики, бирөөнүкүн өзүнүкүндөй көрөт акылмандар.

Жолдошун эл мактаса өлгүсү келет,

Мээси бар, бирок акылы чачылгандар.

Ошонун бири биздин Корозбаев,

Ал балким Конокбаев,

Көрбөсө айып,

Көрөлү элге жайып.

Кишинин ишин жактырбайт,

Өзү ишке майып.

Кимди болсо да кыртышы сүйбөйт,

Дайым «олуя болуп» сүйлөйт.

Коңшусунун чырагын өчсө деп үйлөйт,

Өзүнүкү жылт этип күйбөйт.

Мындайлар бар,

Эски калдык ал.

Ичи тарга кара жер да тар.

Кокус колунан келсе,

Аз күнү өкүмдү ага берсе,

Ал чак-челекей чаңдатар.

Ал укпаганды угат,

Укканына өзүнчө кошумчалап чыгат.

………………………………………………

Ошондо да эски оору

Корозбаевди уктатабы,

Шимшилейт да жүрөт,

Шимшилейт да жүрөт”. Акынды бул ырды жазууга түрткөн белгилүү себептер да болсо керек. Бирок эң башкысы турмуштук көрүнүш, эч ким тана албаган, тилекке каршы күнү бүгүн да не бир митаам түлкүлөр тумшугуна илинген бир сөздү миң түркүн жолго бурмалап, ал кылганынан кыпындай да абийири козголуп койбой, тескерисинче манчыркап, чексиз канааттанып, төбөсү көккө жетип, дагы кайсы жерден, кайсы сөздөн тумшугума бирдеме илинет деп шимшилеп жүргөн түлкүлөр азбы? Бизди кызыктырган нерсе атайылап арамдык издеп “шимшилөө” мотиви десек да болот. Жогоруда түлкү дегенибиз да жөн жерден чыккан жок, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романы дал ушул түлкү менен башталат. “Каш карайганда түлкү аңдан чыкты. Эки жакка сес салып, кулак түрүп бир аз турду да, анан темир жолдун жалын көздөй жортуп жөнөдү. Шырп эткен дабыш чыгарбай темир жолдун бирде наркы бетин, бирде берки бетин артыла шимшилеп, жойлоп баратты”. Эми салыштырып көрүңүз, “Мына ошондой душман издеп кайсалап, айла кетип, булуң-бурчта жашырынып калган эл душмандарын табуу, сууруп чыгуу боюнча күрөш солгундап бараткан кезде майор Таңсыкбаевге капысынан кудай берди да койду. Анын колуна алыскы бир Боранлы бекетинен Абуталип Куттыбаев деген неменин үстүнөн жазылган чагым анча мааниси деле жок, катардагы материал катары келип түштү; бу боюнча тергөө жүргүзүш үчүн эмес, жөн эле таанышып коюу үчүн берилди. Бирок Таңсыкбаев удулду шак кармады. Тумшугу бир чоң иштин жытын шыр сезди. Ыраактыгына карабады, эринип-ышынып отурбады. Сары-Өзөккө чейин жетип барды, эми мына, бир караганда эчтемеге арзыбагандай эле материал, эгер түзүктөп караса, жиресе, бутактантса чоң кылмыш ишине айланарына көз жетип отурат. Иш оңунан чыгып, ойдогудай болуп берсе, жогору жактан келчү сыйдан куру калбастыр” Р.Шүкүрбеков бул “шимшилөө” мотивин эскинин калдыгы катары көрөт, эми мындайлардын иши оң келбейт деп тыянак кылат, себеби заман жаңы дейт. Ал эми Ч.Айтматовдо болсо бул “шимшилөө” темасы түбөлүктүү тема экендиги, адам жаралгандан бери бар экендиги маалым болот. «Башына түшкөндө билди: эгер Абуталип болбой башка болуп кайра төрөлгөн күндө да бу Таңсыкбаевдин ары жагында турган азезил күч баары бир моюнга сыйыртмагын салмак. Ойлой келсе бу азезил күч согуштан да, туткунга түшкөндөн да жаман экен, эмне дегенде бул тээ дүйнө жаралгандан бери, Кудайдын жанында периште менен азезил күн менен түндөй катар пайда болгондон бери келаткан балээ турбайбы. Азезил бу ааламга пайда болорун болуп алып, нени бүлдүрсөм, кантип чаң салсам деп кыларга жумушу жок отурганда адамдын жаралганын кара, жаралар замат азезил менен шак тил табышып, башка бир да макулук, жан-жаныбар жолобогон азезилге шынаарланып, ошондон баштап дамамат жер үстүнө жамандык артынан жамандык жасап келаткан турбайбы. Ошол эзелтен келаткан жамандыктын бүгүн көп курманынын бири – жөнөкөй мугалим Абуталип. Бу жарыкчылыкта жан-жаныбардын ичинен атайлап жамандык издеген жалгыз башы кара, буту айры адам экен – эмне кыласың. Мына ушул өңүттөн караганда Абуталип үчүн Таңсыкбаев азезилдин өзү. Ошон үчүн экөө бир поездде, бир вагондо арбашып келатпайбы». Ч.Айтматов бул жерде да “шимшилөө” темасына ишенимдүү жерпай негиздеп койгонун, анын себеп-натыйжаларын тереңден изилдеп, идеянын кышын бекем пайдубалга кынаганын караңыз. “Периште-азезил”, “күн менен түн” сыяктуу эле “шимшилөө”-“түз жүрүү” да турмушта дайым бар нерселер тура, көрсө.

Р.Шүкүрбековдун “Барынан жогу” деген ыры да өтө кызыктуу ырлардын бири:

“Ырас айтасың эне,

Көйнөккө деген акчаңды келе!

Баласын энеси багуу керек,

Муңайбай жумушка жөнө.

Өзү тууп алат да, өзү кейийт,

Сени мен төрө дедим беле.

 

Айтар сөздүн келди оңу,

Мындай баланын барынан жогу!”  – деп Шүкүрбеков эне-бала, төрөө-төрөбөө, керек-кереги жок деген маселени кабыргасынан койду. Жалпак тил менен жазылып, тамашалуу ырдай көрүнгөн менен ачуу чындык, турмуштук жагдай, трагедия ырда ачык эле турат. Энеликтин кандай бала төрөлүп, кандай адам болоорунан кабары жок сыр башаты, бардык табышмактын баары демек ошондо экендиги, түйүлдүктүн (эмбриондун) сырын ачуу менен гана бул суроого жооп табыларын көркөм иштеп чыгуу милдетин Ч.Айтматов аркалагандыгы адабияттагы идеялык-эстетикалык табылгалардын өнүгүү эволюциясынан да кабар берет. Адабияттагы бул кубулуштар көркөм ой-жүгүртүүнүн улам жогорулап, байып бараткандыгынын көрсөткүчү катары дагы бааланууга тийиш.

Текешова Миргуль Бакаиновна

КУУнун эл аралык маилелер жана чыгыш таануу факультетинин  доценти, филология илимдеринин кандидаты