Исамидин уулу Бектурали: Айтпаса ким билет, жасабаса ким көрөт…?

Айтпаса ким билет, жасабаса ким көрөт…? 

Кылымдын кыйыр жолунда кылычтын мизине, найзанын учуна, жебенин огуна, душмандын сүрүнө, наадандын запкысына, узуну канча болсо, туурасы да ошончо болушун каалаган державалардын кысымына карабай улуттун улуулугун даңазалап, ушул күнгө чейинки урпактарга урабай жетип келген тилибизге жүз ыраазы, миң таазим кылам. Жанын садага чаап, тилибиз үчүн тике туруп өлүмдү тосуп алган аталарыбыздын арбагы, руху бизден ыраазы болсун, бирок бул айтканга оңой болгону менен аткарууга келгенде опол тоодой оор, нар төөгө жүктөсөк араң көтөрө алгыс жоопкерчилик турат. Албетте, ар жылы эле тилибиз үчүн миңдеген суммалар, балким материалдык каражаттар каралып, ыр, бий, концерт коштолгон программалар байма-бай уюштурулуп, комузчулар күү чертип, кызыл-тазыл көйнөкчөн бийкечтер чимириле бийлеп, артынан тил тууралуу көркөм окуулар окулуп, аягында желекти желбиретип, кол чабуулар астында кудум эле окшош, кулакка куюп, мээге кыттай уюп калган “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан”, – деген девизди айтуу менен жыйынтыктайбыз, ошол бойдон кыргыз тилин өнүктүрүп жатабыз деп ойлойбуз. А чынында ар бирибиз билип эле турабыз, бул жолдор балчыкка окшош, күн тийгенде жалтырай берет, бирок жакын барганда гана анын балчык экенине ынанып, бармак тиштеп калабыз. Кыргыз эли айткан ар бир накыл кептин төркүнү маалым жана кеменгер ойго чырмалышкан болот. “Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку”, дегендей, кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин жакынкы күндөрү “режиссер” кылсак аткара алат, керек болсо укмуш сценарист да чыгат, бирок анын окуучусу ката жазат, өз пикирин так айта албайт, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк, жада калса тыбыштардын катарын баамдап, өзүнчө чакан текст жаза албайт, бирок тил майрамына карата сонун концертти дал ушул кыргыз тилчи мугалим даярдашы керек! Кылымдарды ашып, кыйрабай кыргызга жеткен биздин тил, кыргыз тилчи мугалимге керекпи?! Ал кыргыз элинин майрамы, а кыргыз тилчи жогорудагы зарылдыгы бар, келечекте окуучу үчүн, инсан үчүн, адам тилин табуу үчүн, коомдук талкууда адам катары пикир жаратуу үчүн зарыл болгон актуалдуу маселелер менен алектенсин, ага мүмкүнчүлүк берели.

Токто!

Мен, ушул жерде атайын өзүмдү басып, оюмду калчап, пикримди пакизалап, адабияттагы стилдей, атайын чегинүү, же пессимист эмес, оптимист ойлонгон жаатка ыктап, көптүн жалпы эмес, көптүн алпы катары жаңы ой баштоону туура таптым. Анткени, мен сыяктуу толтура пикир айтып, тоодой түйшүк, ырааты аз, ызырынганы көп маалымат, ойлорду айтышат, баары эле зарыл, керек, болсо, шарт, ушундай, милдеттүү деген катаал кырдаалдын талаптарына басым жасаган пикирди карманат, анткени сын айткандай оңой иш жок болгон чыгар, демек катардагы кыргыз уулу, мамлекеттин атуулу жана кыргыз тили багытында эмгектенген кызматкер катары аткарууга мүмкүн болгон конкреттүү, реалдуу сунуштарды айтууну туура таптым, бирок бул жогорудагы оюма каршы чыккандык эмес, бул жазуудагы чыгармачылык стил жана ойду жеткирүү түйүнүн ачуунун бир жолу, үстүндөгү ойлор да маанилүү чындыктар жана учурдагы орчундуу маселелер. Биздин айта турган сунуштарыбыз жана конкреттүү пикирлерибиз ишке ашырууга мүмкүн экендиги менен айырмаланат, анткени жөн гана кыялга кызыгып, эйфорияга малынган кереметтей көрүнгөн ойлор эмес, анда биздин айта турган сөзүбүз ушул:

 

Ар улуттун ар түрдүү дини бар, бирок бирден гана тили бар. Андыктан эң эле бери дегенде адам өзүнүн улуу элинин алдында карыз катары, ата-бабалардын мурасын сактаган жаран катары өз тилине болгон чырайлуу сүйүүнү кабылдашы керек. Ал үчүн ага дем, дух бере турган жагдайлар керек. Демек, элибизге сүйүү чакыра турган эфирлерди, тил үчүн жан берген атуулдарды, кыргыз элинин элиталары болгон интеллигенттерди чагылдырган кыска роликтерди смартфондук жана сыналгы багытында байма-бай көрсөтүү зарыл. Демейде, ар мүнөттө чыга берген беймаза жарнамалардын ордуна ушул багыттарды камтыганга неге болбосун.

Кыргыз тилинин жоголуп кетүүсүнөн да, анын каймактай тоюмдуу, сүттөй таза болгон аруулугун сактап калуу маселеси жогору турат. Учурдун көзгө илбеген, бирок куюндай тез тарап бара жаткан сыркоосундай таасир калтырган сабатсыздыктын, эгерим ката кетирбей турган эле сөздөрдүн быт-чыты чыгып калып жаткандыгы жети өмүрдү жерге киргизмей болду. Социалдык тармактарда, интернет желесинде, сырткы көрнөк-жарнактарда кашкайып көрүнүп турган каталар тилге болгон мамилени айгинелеп турат. Ошондуктан, азыркы агымдын мүмкүнчүлүгүн пайдалануу кажети келип  чыкты. Смартфондор үчүн, компьютер, соц.тармактар, электрондук почталар жана жалпы эле бардык жерде ката жазылган жазуулар (М: турукту – туруктуу) өз дарегине жетпей, качан гана туура жазылганда гана иштей баштай турган программаны түзүп чыгуу зарыл. Ал үчүн IT тармагынын өкүлдөрү жана атайын программисттердин кызматы керектелет, албетте бул чоң каражатты талап кылат, бирок өз чыгымын эселеп актайт, анткени ката жазган адамдын жазууларынын, кайрадан оңдолуп жаткан мезгилинде канча бир минималдуу пайыз ушул программанын финансылык картасына түшөт, а бул өз чыгымына карата болгон төлөмдү актоо менен элибиздин сабаттуу жазууга үйрөнүүсүндө опол тоодой ишти аткарат.

Бизди бир күнү артыбыздагы муун эскерет. Кудум эле биз аталарга ыраазы болуп эстеп жаткан сыңары. Бирок, келечек муун үчүн биз тил жаатында эмне жасап жатабыз ошол да абдан маанилүү. Балдардын бал тилине ылайык анимациялык мультфильмдерди, баатырларыбыздын элестерин чагылдырган фондорду, кыймылдуу тасмаларды кыргыз тилинде жаратып, ага кошо дүйнөлүк денгээлдеги эң белгилүү, балдарга кызыктуу болгон тасмаларды котормо студиялар аркылуу иштеп чыгуу да аларга абдан зор пайдасын берет.

Манас деген коньяк, кыргыз арагы, семетей виносу дегендердин болушу кыргыз элинин жаралышына болгон моралдык жактан сый-урматтын жоктугун кабарлайт. Анткени, аталган ысымдарды мындай ичимдиктерге аташтын өзү чоң трагедия жана уят маселе. Ушул маселени тыкыр көзөмөлгө алып, дыкат чечим чыгарууну өтүнөт элек. Анткени, бир ууч элди дүйнөдө жок эпосу, ааламдан чыкпаган алптары, башкада аз балбандары, кылкылдаган кытайдан чыкпаган кыраандары жана тирүүлүктүн таалайы болгон тили сактап келүүдө, ага карата мындай мамиле жараксыз.

Кыргыз тили ушунчалык бай тил, бул талашсыз чындык. Бирок, сүйлөө маданиятыбызда анын байлыгын пайдалана албай жаткан күнөө бизде. Башка улуттун өкүлү араңдан зорго эптеп эки ооз кыргызча сүйлөп жатканы, тилибиз өнүгүп, башка улуттар да сүйлөп калды деп мактанууга далил болуп бере албайт. Тилибиздин байлыгын көрсөткөн керемет сөздөрдүн топтомун китепче катары чыгарып, маанилүү иш-чараларда колдонуу менен анын бүт өлкөгө, окуучуларга, студенттерге жана коомдун жалпы өкүлдөрүнө таралышын камсыз кылуу иштерин жүргүзүү максатка ылайык негиздүү.

Китеп окуу конкурстары, дал азыркы уюштурулган сынактай тилге, адабиятка, улуттук баалуулуктарга ыктаган сапаттуу иш-чаралардын жогорку масштабда өткөрүлүп турушу да тилдин улам жаңыланып бийиктикке сапар алышында орду бар. Аны менен катар басмаканалар менен иштешүүдө, окуу китептерин чыгарууда балдарга жакын, аларга кызыктуу болгон маалыматтардын топтолушун сөзсүз көзөмөлгө алуу зарыл. Анткени, балдар тилибизди оор, татаал тил катары бала кезинен түшүнүп албашы керек, бул кооптуу жагдайды жаратат.

Саясий эрк! Бул эки же үч адамдын аракети менен максатка жетпейт. Мамлекеттик негизде каралып, атайын чечим чыгарыла турган чечим кабыл алуу шарт. Кыргыз тилин конкреттүү түрдө орус тилинен, же башка тилден кыйла бир жогору турушун камсыздап беришибиз керек! Расмий тилге ыктап убара тартпай койгонубуз оң, ырас, эне тилинде көңүл жылытарлык кеп козгоп, баяндама жасап, маалымат бере албаса, демек анын кызматтык абалын эске алуу зарыл, кыргызга күйбөгөн атуул, кызматын деле жарытып жарык бербеши турган иш. Бирок, бул куугунтук эмес, аларга шарт, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек, ошого карабай тилин булдуратып, кооз тилге көлөкө түшүрө беришине каршы чаранын болушун камсыздаган оң.

Албетте, бул айрым деталдуу сунуштар, бирок тек гана уюштурулуп жаткан сынактын шарапатына арналып жазылган боюнча калып кетпешин камсыздоо зарыл. Аткарууга арбын иштерибиз толтура, бирок ага карабай тынымсыз аракет жасай берүүбүз керек. Эң башкысы – эне тилди чын жүрөктөн сүйүү, баарынан жогору турат, ошол сүйүүнү жандырып бере алсак биздин умачтай көздү ачкан утушубуз ушул болот.

Эне тилдин эртеңи үчүн жан берип, ак жеринен атылган аталарга түбөлүк таазим кылабыз. Биздин адам болуп жашашыбыз, атуул катары өмүр сүрүшүбүз үчүн кепилдик болуп берген КЫРГЫЗ ТИЛИ ар качан аруу, таза, нурданып, ар бир жүрөккө сүйүү тартуулап жашасын, МЕН кыргыз тилинин кереметине суктанам жана кадырлоого чакырам.

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башкы адиси

Исамидин уулу Бектурали