Адабий сын жанрында Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун адабий сын жанры боюнча Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгы жөнүндө

ЖОБО

  1. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун адабий сын жанрында Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгы улуттук адабиятыбыздын өсүп – өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адабиятчы-сынчыларга ыйгарылат.
  2. Адабий сыйлыкка мамлекеттик мекемелер, коомдук уюмдар талапкерлерди көрсөтө алат жана жеке автор да сыйлыкты изденип алууга эмгектерин көрсөтүүгө укуктуу.
  3. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө соңку жылдардагы адабий сын макалалар жана өзүнчө китеп болуп жарык көргөн эмгектер сунушталат.
  4. Адабий сыйлык ыйгарылган авторго Болот Акматов атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты наамы ыйгарылып, күбөлүк, Болот Акматовдун элеси түшүрүлгөн төш белги жана 100 000 (жүз миң) сом тапшырылат.
  5. Адабий сыйлык Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан эки жылда бир жолу ыйгарылат жана салтанаттуу тапшырылат.
  6. Адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясы адабиятчылардын, адабий сынчылардын курамынан түзүлүп, сыйлыкка көрсөтүлгөн эмгектерди Жобого ылайык кабыл алуу, тандоо иштерин жүргүзөт.
  7. Комиссиянын курамы жети кишиден түзүлүп, тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун Президиуму тарабынан бекитилет.
  8. Комиссиянын төрагасы комиссиянын жүргүзө турган жалпы иштерин жетекчиликке алат.
  9. Комиссия өз ишин комиссиянын толук курамы менен жыйын өткөрүп, жыйындын чечимин кабыл алат. Комиссиянын чечими комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
  10. Комиссиянын мүчөлөрү өзүн сыйлыкка талапкер катары көрсөтүүгө укуктуу. Сыйлыкты изденип алууга комиссия мүчөсүнүн эмгеги көрсөтүлсө, анда ал кароого жана макулдашууга комиссия мүчөсү катарында катышпайт.
  11. Адабий сыйлыкка материалдарды көрсөтүүнүн, кабыл алуунун мөөнөттөрү, шарттары Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан белгиленип adabiyat.kg сайтына, мезгилдүү басма сөздөргө, социалдык тармактарга жарыяланат.
  12. Адабий сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:

– Талапкерге мурда бул сын материалдары үчүн сыйлыктар ыйгарылган болсо.

– Комиссия тарабынан мурда каралып колдоого ээ болбогон сын материалдарга.

  1. Адабий сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө комиссиянын чечимине комиссиянын төрагасы, катчысы жана комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун секретариатына жөнөтүлөт.

Сунуштар 2023-жылдын 1-ноябрына чейин кабыл алынат.

  1. Сыйлыктар 2023-жылдын декабрь айында тапшырылат.

15.Сунуштарды төмөнкү дарекке алып келүү керек:

Бишкек шаары, Эркиндик бул. 54, КР Улуттук жазуучулар союзу,

Байланыш телефону: 0312 62 39 24