Эгемберди Эрматов: Жеймс Жойс жөнүндө

Жеймс Жойс ***** Дүйнөлүк адабияттын тарыхында чыгармалары жогорку математиканын сабактарындай татаалдашкан жазуучу Жеймс менен институтта окуп жүргөнүмдө тааныштым. Адегенде ага анча тишим өтпөдү. Ошого карабай көшөрүп улам-улам окуй бердим. «Эмнеге эле досторум ага тамшанып шилекейлери куюлат?» – деп ойлодум. Жойстун чыгармаларын иликтеген адабий, илимий эмгектерди таап окудум. Анын ыкмасын түшүнүүгө аракет жасадым. Ошондо гана «аң-сезим агымынын» сырлары ачыла баштады. «Сүрөтчүнүн жаш кездеги портрети» менен «Күн автопортретин тартып бүтө элек» деген эки чыгарманы салыштырып көрдүм. Ошондо Кубат Жусубалиевдин адабий башаты кайда жаткандыгын баамдадым. ***** Жойс дүйнөнүн миң сырдуу катмарын көркөм чыгармада чагылдырууга бел байлаган. Бир толугу менен…..

Сынактын мөөнөтү 20-октябрга чейин узартылды

Урматтуу калемгерлер, адабият күйөрмандары, КР Эл акыны Б.Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналып уюштурулган республикалык поэзия сынагы 20-октябрга чейин (10 күнгө) узартылды. Баткен окуясына байланыштуу, мааракелик иш-чара ноябрь айына жылдырылган. Мындан улам, катышуучуларга дагы убакыт, мүмкүнчүлүк берүү максатында чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтүн 20-октябрга чейин узартуу чечимин кабыл алдык. Кабыл алуу 20-октябрь күнү саат 18:00дө аяктайт. Чамдаңыздар! Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү алкагында Байдылда Сарногоев атындагы республикалык поэзия сынагынын ЖОБОСУ Уюштуруучулар: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Талас толугу менен…..

Чоро Думанаев: Чыйыр

Чыйыр Кесибим актер болгон соң адам табиятын изилдегенге туура келет. Адам табиятына үстүртөн эмес, астыртан үңүлүп кирип, анан анын ааламына саякат жасап, карууну казык кылып мээнеттенгенде гана жыйынтык чыгат. Менин максатым ошол. Анткени, мен актермун. Ааламда ыйык сезим жашаган үчүн ташбоорлукка – боорукерлик, ич тарлыкка – кең пейилдик, катаалдыкка – жумшактык каршы күрөшүп, бизди аман сактап келатпайбы! Искусстводо жасалмалуулук деген жат көрүнүш. Искусство – жүрөктүкү! Демек, жүрөктөн чыккан нерсе, жүрөккө жетет. Ушул нерселерди мектепти аяктап жатып ойлондум бекен!? Жок, акылыма келген эмес. Бул алтымыштагы кишинин акылы менен айтылган сөз. Тек, бир гана нерсени жазганбай айталам, ушул ойлорду ошол жалындуу куракта жүрөгүм аркылуу толугу менен…..

Сайдимар Султанмурат: Мынча башты, бу буттар кайда алпарат?

Ата-Журт Ата-Журт, – Ал жеңиндей чапандын. Жылуу кылат, Кийсе колу апамдын!   Ата-Журт, – Ал өзүндөй чапандын. Улуу кылат, Кийсе бою атамдын!   Ата-Журт, – Ал очогу апамдын. Күйүп турган, Карегинде атамдын! Жарык кылган, – Жүрөгүн кең ааламдын.   Мен да бармын Көчтө бармын, Бирок кайсыл сабында? Айткан “Дарвин”, “Балким тегим маймылда…”   Көчтө келем, Бирок кайсыл тобунда? Айткан Эгем, Ыйык Ислам жолунда!   Көчтө баары, Чабалы да, даңкы да. Мен да бармын, Кумурска-аары сабында…   Жарык көлөкө Күлкүсүнөн Нур жаркыса бөбөктөрдүн. Андан чындык, мен адилет өзөк көрдүм! … Өмүр толугу менен…..

Эркин Малик: Гүл ышкыбозу

Гүл ышкыбозу Ажы ата шериктери менен эрте мененки аштан чыгып, келген жайларына жакшылып назар салып караса, кемпири дарыланып жаткан ооруканага жакын эле жер экен. Кемпири түшпөгүр, көргөнү барамын десе, такыр көнбөйт. «Уялат экен. Тооба, ал турмушка чыга элек кызбы да, мен аял ала элек жигит белем, адамдардан уялып. Айтканын караңыз ээ»… Атанын шоктугу кармады. Машинадан түшүп калды. Түштү да, оорукананын сүрүн көрүп, туура эмес кылганын билди. Эми кемпирин кайдан табат да, кантип издейт? Кайсыл бөлүмдө, кайсыл палатада жатканын билсе да бир жөн эле… Об-бо… Али дарбазасы да ачылбаптыр. Күн эми толугу менен…..

Мар Байжиев: Ажырашуу сотунда

Ажырашуу сотунда (Бир көшөгөлүү тамаша) Бопуш Монколоев- Күйөөсү Күкүш Монколоева- Аялы Акыйкаттуу сот Окуя райондук эл сотунда өтөт. Бүгүнкү күндөр… Сот бир нерсе жазып отурат. Бопуш: (эшиктен баш багып). Мүмкүн бекен? Сот: Келиӊиздер. (Бопуш  Күкүштү жетелеп кирет. Колунда чоӊ сетка анын ичинде газетага оролгон папкелер) Сот: Отурунуздар, кулак сизде. Бопуш: Биз жанагы… тиги… ажырашабыз деп арыз бердик эле. Сот: Арызды ким берди эле? Бопуш: Мен жолдош сот! Сот: Турмуш курганыңарга канча болду? Бопуш: Отуз жыл. Сот: (жазып). Канча балаӊыз бар? Бопуш: Беш. Сот: (жазып). Эмне себептен ажырашууга бел байладыӊыз? Бопуш: Азыр. Садагасы! Бардыгын айтып берем. (Күшүлдөп, бышылдап сеткадан кагазга оролгон папкаларын алып чыгып толугу менен…..

Дүйшеке Дөкөнбаев. «Сүрөт»

аңгеме) Күйөөсүнүн бул сүрөткө качан, кандайча жалгыз түшкөнү келиндин эми эсинде жок, кантсе да өлөөрүнө жакын жылдары (автокырсык деген кийинки мезгилдерде көнүмүш көрүнүшкө айланып калбадыбы, балээ баскырдыкы) жай айларында, аптап күндөрдүндүн биринде түшкөнү көрүнүп турат – көйнөгүнүн жакасы жалжайып ачык, моюн-башын тер баскан. Жанда жок шамшма эле го шоруң каткыр,чачтары да текши таралбай эки-үч талы чок төбөсүндө сербейет. Жакаларын да түзүктөп оңдоп албаптыр. Атайылап сүрөткө түшүп жаткандан кийин эч болбогондо мойнун кургата сүрүп алса эмне, майлап алгансып жылтыратпай. Келин жука эриндерин жымыра тартып секин тиштеген болду – бир четинен ага толугу менен…..