Чоро Думанаев: Чыйыр

Чыйыр Кесибим актер болгон соң адам табиятын изилдегенге туура келет. Адам табиятына үстүртөн эмес, астыртан үңүлүп кирип, анан анын ааламына саякат жасап, карууну казык кылып мээнеттенгенде гана жыйынтык чыгат. Менин максатым ошол. Анткени, мен актермун. Ааламда ыйык сезим жашаган үчүн ташбоорлукка – боорукерлик, ич тарлыкка – кең пейилдик, катаалдыкка – жумшактык каршы күрөшүп, бизди аман сактап келатпайбы! Искусстводо жасалмалуулук деген жат көрүнүш. Искусство – жүрөктүкү! Демек, жүрөктөн чыккан нерсе, жүрөккө жетет. Ушул нерселерди мектепти аяктап жатып ойлондум бекен!? Жок, акылыма келген эмес. Бул алтымыштагы кишинин акылы менен айтылган сөз. Тек, бир гана нерсени жазганбай айталам, ушул ойлорду ошол жалындуу куракта жүрөгүм аркылуу толугу менен…..