Чоро Думанаев: Чыйыр

Чыйыр

Кесибим актер болгон соң адам табиятын изилдегенге туура келет. Адам табиятына үстүртөн эмес, астыртан үңүлүп кирип, анан анын ааламына саякат жасап, карууну казык кылып мээнеттенгенде гана жыйынтык чыгат. Менин максатым ошол. Анткени, мен актермун. Ааламда ыйык сезим жашаган үчүн ташбоорлукка – боорукерлик, ич тарлыкка – кең пейилдик, катаалдыкка – жумшактык каршы күрөшүп, бизди аман сактап келатпайбы!

Искусстводо жасалмалуулук деген жат көрүнүш. Искусство – жүрөктүкү! Демек, жүрөктөн чыккан нерсе, жүрөккө жетет. Ушул нерселерди мектепти аяктап жатып ойлондум бекен!? Жок, акылыма келген эмес. Бул алтымыштагы кишинин акылы менен айтылган сөз. Тек, бир гана нерсени жазганбай айталам, ушул ойлорду ошол жалындуу куракта жүрөгүм аркылуу гана сезе билгем. Демек, мен жаңылбапмын…

Жолдор… Жолдор… Мынакей менин жолум. Жолго чыктым. Жалгызмын… Эми ошол кан жол ичинен кайрадан өзүңдүн карманган эрежең менен өмүр бою чекеңен тер агыза иштеп, таптакыр башка, эч кимдикине окшобогон чыйыр салышка туура келет. Ал чыйыр сенин артыңдан калган из болоорун мага убагында эч ким айтпаса-дебесе да, дилимде эң жакшы түшүнгөм. Көндүм болгон жолдон өз алдынча четке чыгып, баарын кайра башташым керек дедим да, чыйыр сала баштадым.

Жол деген сөздүн төркүнүнө көпчүлүк учурда анчейин деле маани бербейт окшойбуз. Тар бөлмөдө отуруп капыстан ушул ой келди мага. Бөлмөм тар болсо да, оюм тар эмес. Анткени, аалам кең. Башкысы, пейилимди кең койгонго тырышам. Ушуга каниет кылып алдым да, бүгүн жол туурасында, тагыраагы, баскан жолум жөнүндө ой жоруюнчу деп чечтим.

Уул-кызын оң жолго салып тарбиялайм деген кыргыз «жолду баскан арбытат», «кыбыраган кыр ашат» деген улуу ойду калтырыптыр. Ушул улуу ойдон ар бир кыргыз өнүп-өсүп чыкты. Өзүнө жол салды. Жолду басып арбытты. Кыбырап отуруп кыр ашты…

*****

Азыр чыгармачылык туурасында ойго батканда өзүмдү өтө бактылуу жан экенмин деп калам. Анткени, бала чактан театрдын короосунда чоңоюп, кыргыздын не деген улуу залкарлары менен аралаштым. Эсимде, жайдын толуп турган мезгили эле. Жашым сегизге караганда, атам айылдан шаарга алып келди. Жайлоодо кулун-тайды кубалап өскөн айылдык балага шаар бир өзүнчө жомоктой туюлду. Атам малчы болгондуктан иниси Асанкул абама (Кыргыз Эл артисти Асанкул Осмонов) мени шаарда окутуп-тарбияла деп таштап кетти. Айылдан 1-классты аяктап келип, кайрадан шаардагы №3 орус мектепке 1-класска отурдум. Орусча бир сөз билбейм. Кыйналганымды айтпа!? Анын үстүнө мен окуган мектепте Турдакун Усубалиев, Тургунбек Суванбердиев сыяктуу жалаң чоңдордун балдары окуйт экен. Сабакта отуруп мугалим орусча бир нерсени айтып кирсе, оозумду ачып отура берем. Мугалим суроо узатса, орусча бир-эки сөздү эптеп акцент менен түшүндүргөнгө аракет кылам. Класстагы балдар-кыздар күлкү табылбай араң турат. Мен орусча сүйлөгөндө боорлорун тытып күлүшөт. Жок, мындай кордукка түк чыдай албайм!

Ордуман атып туруп ошол мени шылдыңдап аткан немелерди колумда эмне болсо, ошону менен чаап калам. Эки күндүн биринде Асанкул абамды мектепке чакырып чогулушка салышат. Мектептин директору мыкты педагог экен:

-Ой, бул баланы эмне урушуп атасыңар? Андан көрө сабактан кийин алып калып орусча үйрөткүлө! – деген талапты койду мугалимдерге.

1-классты аяктап калган кезде мурдагыга караганда чулдурап орусча бир нерселерди түшүндүргөнгө жарап калдым. Асанкул абам ал кезде театрга жакын жашачу. Театрдын дөө-шааларынын баары ошол короодо турушат. Сабактан келген кезде мени менен тең курдуу балдар Бактыбек (Муратбек Рыскуловдун уулу), Сулпухор (Даркүл Күйүкованын уулу) болуп керээлден-кечке театрда турган бутафорияларды алып, кылычтары менен чабышып, тапанчалары менен аткылашып кызыкка батабыз. Бактыбектин атасы Мукем көп сүйлөбөгөн өтө салабаттуу адам. Тентектик кылсак, кагып-силкип урушчу эмес. Сабира апабыз болсо короодо ойноп жаткан жерден чакырып алып тамак-ашын берет да анан:

-Эми айланайындар, алысыраак барып ойногула! Атаңар репетиция кылышы керек! – деп жай гана түшүндүрүп коет.

Керээлден-кечке оюн менен алекпиз. Шаар турмушу мага чындап эле бир керемет жомокко алып кирди. Анда-санда театрда коюлган спектаклдерде балдардын ролуна киши таппай калышат. Андайда кайра эле Сулпухор, Бактыбек жана мен үчөөбүз кирди–чыкты ролдорду сахнада аткара калабыз.

3-классты аяктайын деп калгам. Май айы эле. Мына ушундай күндөрдүн биринде мектеп короосуна «Кыргызфильмдин» Бекеш Абдылдаев баш болгон кызматкерлери кирип калышты. Көрсө, Москвадан келген Марианна Рошаль деген кинорежиссер аял «Космонавттар көчөсү» деген фильм тартканы жатыптыр. Ошол фильмге балдарды караштырып жүрсө керек, менин кебетемди көрүп эле киностудияга алып кетишти. Бир топ балдарды сүрөткө тартышты. Ар кандай тапшырмаларды беришкен соң башкы ролго Арстан Ырсалиевди тандап алышты. Анын жанындагы Каныбек деген баланын образын мага ылайык дешти. Ошентип Пржевальский (азыркы Каракол) шаарына жөнөп кеттик. Фильмге комедияны катыра аткарган Шамшы Түмөнбаев, Даркүл Күйүкова, Калича Рысмендиева, Бакы Өмүралиев, Күнболот Досумбаевдер катышты. Үч ай дегенде фильм аяктап, кайрадан шаарга келдим. Фильм космонавт болсом деп кыялданган балдардын баео дүйнөсүн камтыган комедиялуу жанр экен.

*****

Убакыт зымырык куштай учуп, мектепти аяктачу мезгил келип жетти. Эми менин алдымда кайсы кесипке ээ болом, кандай кесипти тандасам деген суроолор турду. Акыры шаарыбыздагы курулуш техникумуна тапшырып өтүп кеттим. Техникумда окуп аткам. Кайсы бир күнү шаар аралап теңтуш балдар менен көчөдө баратсам кинорежиссер Болот Шамшиев жана Темир Дүйшөкеев экөө бет маңдайыман чыга калышты. Анан бизди токтотуп учурашып, алдыда тартыла турган «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» деген фильмге кыргыз жигиттерин издеп атышканын айтышты. Мага киностудияга келип тандоодон өт деди. Студияга барып алардын сынынан өттүм. Ысык-Көлдө кинодо Калмат бийдин жигиттеринин бирин аткарып бүткөндөн кийин шаарга келдим. Анан Төлөмүш Океев «Уркуяны» тартам, Уркуянын жанында секретарь жигиттин ролуна кел деди. Баткенге кетээр алдында театрда иштеген Асанкул абам:

–Ой, окууң эмне болуп атат? – деп сурап калды.

–Киного кетем! – дедим.

–Ой, ал кино убактылуу эле иш да. Кино бүткөндөн кийин эмне кыласың? – деди. Унчукпай ийинимди куушуруп кутулдум.

Баткен менен Ноокат жергесинде «Уркуя» фильмин жаратуучу топтобуз. Жайдын ысык аптабына чыдай албай, Султан акенин жертөлөсүнө корголойбуз. Султан аке ошол Баткендеги жергиликтүү тургун. Жертөлө салып, анан анын ичине дүкөн ачып коюптур. Ичине кирсең, муздаткычка киргендей денең жандана түшөт. Ичи салкын. Сыркта чыксаң – аба үп. Ысыктан демигебиз. Фильмдеги Уркуяны өлтүрүп, анан үйүн өрттөшкөн жерин тартууга кезек келди. Менин кийинки аткара турган ишим ошол алоолоп күйгөн өрттө калбасын деп, үйгө жакын мал сарайдан жылкыны тез арада жетелеп чыгуум керек. Кечкурун ушул жерин тартмакпыз. Түшкө чейин ысыкка араң чыдап, анан баягы Султан акеникине кирип кеттим. Кинону так ошол туштан тартып жүргөнбүз. Таңдайым катты. Муздак суу ичейин десем, кашайып, суу да жок экен дүкөндө. Султан аке мынабул муздак деп бир бөтөлкө шарабын көтөрүп чыкты. Суусап аткан жаным бир бөтөлкөнүн баарын көңтөрүп ийипмин. Аз өтпөй башым кеңгиреп чыкты. Денем талыкшыйт. Буттарым чалыштайт…

Өрттөлө турган үйдүн арт жагындагы бактын жанына араң жетип, ошол жерге жатып калыпмын. Ортодо канча убакыт өткөнүн ким билет, айтор, ысык жалын эле ургансыйт. Көзүмдү ачсам, кудай уу-р, үй өрттөнүп атат. Эсиме келип: “кокуй, съемка башталып калган турбайбы, атты алып чыгыш керек!” – дедим. Башкасы бир тең, ошол ат бир тең. Анткени, ал “Мосфильмден” келген ат. “Согуш жана тынчтыкта” катышкан. Аны тирүү сакташ керек. Төлөмүш Океев менин эч нерсени кебелбей үйдүн ары жагынан теңселип басып келатканымды көрө койду да:

-Оо-й, энеңди ур-райын! – деп бакырып ийди. Анан колун көтөрүп мага ызырына тап берип жете келди. Коркуп артка кетенчиктедим:

-Сен эмне? Эмитен ичкилик иче баштадыңбы? – деп дагы бир кере ачуусу менен айкырды. Ортого Муратбек Рыскулов аксакал түшө калып:

-Кой, айланайын, жаш немени урушпа! Жаш да, жаш болгон соң жаңылып-жазат! – деп Төлөмүш Океевди токтотконго кам урду. Көрсө, Төлөмүш аба менин карааным көрүнбөгөн соң жалын ичинде калып өрттөнүп кеттиби деп жүрөгү түшүп калыптыр. Арга жок. Күнөөлүүмүн. Актана албайм… Бир убакта Муратбек Рыскулов:

–Ой, бул үйүңөр тим эле бомба жарылгандай болду го!? Үй минтип күйбөйт да? Кайра башынан жасаш керек! – деди.

–Чын! Эмне пиротехниканы мындай кылган? – деп Төлөмүш аба ого бетер нааразы болуп, пиротехник Петя деген орусту чакырды. Петя аскер иштеринде жүрүп, жардыргыч заттар менен иштеген адис эле. Көрсө, ал кайран неме ичкиликтен ууртап алып берилип кеткенби, бири-бирине улаштырылган жерлерине соляркадан аянбай куйган экен, үйгө өрт коюлганда чын эле бомба жарылгандай болуптур.

–Ой, ушул кантип болсун!? Үй минтип өрттөнбөйт! Акырындап отуруп тутанат. Анан алоолоп күйөт. Мунуңар бомба! – деп Муратбек аксакал Төлөмүшкө айткан сайын мен ого бетер ичимден ага ыраазы болом… Анткени, кайра тартыш керек да!

Баарынан да, аттын аман калганына сүйүндүм. Менин таптакыр иш ордунда жок экениме көзү жеткен соң башка бири атты чуркап кирип жетелеп алып чыгып, өрттөн аман алып калыптыр. Андан айрылсак, курубайбызбы!?

Эртеси заматта жыгач устундары менен үйдү кайрадан тургуза коюшту. Караңгы болуп калган. Камера иштеп баштады. Учкундан жалын тутанып, акырындап отуруп үй алоолоп күйүп баштады. Кечээки өзүмдүн кылган кылыгыма уялып мен жаналекетке түшүп, ого бетер берилип алып шымалана киришкен экем, кудай бетин салбасын, өлөр–тирилериме карабай мал сарайга кирип атты чуркап жетелеп чыгып, анан кайра алоолоп күйгөн оттун ысыгына карабай чаканы колума алып улам-улам суу чачып башмалдак атып иштедим. Оюмда, эптеп эле кечээки жоругумду режиссер кечирсе экен?! Тартылып бүттү… Дароо Төлөмүш аба жетип келип:

–Ой, азамат! Мына, ушундай иштеш керек. Чындап ошол окуяда жашаш керек. Сен азыр кадимкидей жашадың. Азаматсың! – деди.

–Ай, баракелде! Мыкты аткарды! – деди Муратбек аксакал. Төбөм көккө жетип, өпкөм казандай көөп чыкты. Сүйүнгөнүмдү айтпа!?

*****

Ноокаттабыз… “Уркуяны” аяктайын деп калганбыз. Бир күнү биздин чыгармачыл топтун арасына эки киши келди. Бирөөсүнүн колунда фотоаппарат бар. Жанындагы адам биздин топ менен амандашып атып, алдыда тартыла турган фильмге жаш жигиттерден бирөөнү издештирип атканын айтты. Кийин билдим, көрсө жазуучу Мурза Гапаров экен. Арабыздагы улуу аксакалдар менен сүйлөшүп болуп, анан мага көз чаптырып калды. “Көчө” деген киного башкы каарманга жаш жигиттерден керек деди. Аты-жөнүмдү сурап, чөнтөк дептерине жазып алды. Андан кийин сүрөткө тартышты.

Фрунзеге келип киностудиянын короосун аттадым. Жазда тартылып баштай турган “Көчө” фильминдеги башкы каарман Аваздын ролуна бери жагы жүздөн ашык жигиттер тандалыптыр. Режиссер Геннадий Базаровдун иш бөлмөсүндө эки альбом толтура эле жаш жигиттердин сүрөттөрү. Мурза Гапаров да, Геннадий Базаров да, көркөм кеңеши да – жаш жигиттердин кимисин тандайбыз деп баш катырышты. Ары кетишти, бери кетишти. Анан иргеп отурушуп, мага токтолушту. Кинодо атамдын образын жарата турган Насыр Кытаев аксакал экөөбүздү сүрөткө тартып, бир катар тапшырмаларды беришти. Ошентип, “Көчө” фильминде башкы каарман Аваздын ролуна тандалдым.

Искусство дүйнөсү мени өзүнө оп тартып, улам ары карай жетелеп баратты. Канчалык ал дүйнөгө арыштап кадам таштаган сайын улам кызык, улам ысык көрүндү. Окуумду унутуп койдум. Бир күнү үйдө олтурганда Асанкул абам:

-Ой, окууң эмне болду? – деп сурады.

-Киного кетем! – дедим.

-Ой, ал кино убактылуу эле иш да. Кино бүткөндөн кийин эмне кыласың? – деди. Дагы унчукпай ийин куушуруп кутулдум…

*****

1972-жыл… Жаз… Айлана жашыл тукаба жамына баштады. “Көчө” фильминин чыгармачыл тобу Ноокаттабыз. Өрүкзарлар… Жаратылыштын керемети, ай! Кыргыз жергесинин кооздугуна эмне жетсин!? Өрүк гүлү көздүн жоосун алат. Менин болсо тээ алыска канат күүлөп учкум келет. Алдыдагы тагдырым кандай болот? Чыгармачылыкта өз чыйырымды сала аламбы деген суроолор тынчымды алат. Азыр мен жашмын. Ооба… Мен талбай иштешим керек!

“Көчө” фильминин үстүндө иштеп атабыз. Кайран гана залкарлар, керелден-кечке иш менен кошо алардын таң-тамашаларына тойбойбуз. Атамдын образын жараткан Насыр Кытаев аксакал көздөн кайым боло калганда, чоң энемдин ролундагы Калича Рысмендиева:

–Ок, өлүкканаңды көрөйүн, Насыр! Дагы кайда кеттиң? Жашынып алып ичип атасыңбы? – деп кыйкырса, Насыр аба Калича апанын үнүн угаар замат тамды айланып качат.

Кайран, Калича апа! Чогуу иштешкен залкарлардын көбү негедир Калича апанын мүнөзүнөн чоочулашат. Мүнөзү ошондой болсо да, өзүм деген кишисинин үстүнө үйрүлүп түшөт. Калича Рысмендиева жаш кезинде турмушка чыкканы менен кийин жолу болбой жалаң искусство деп жашап, анан да эч качан атак-даңк, наам деген нерселерге умтулбай, ал тургай, буга чейин башкы ролдорго да аракет кылып көрбөптүр. Көрүнүктүү ролдорунан ушул “Көчөдөгү” Унсун-апанын образы гана болду. Фильмде небереси болуп аткаргандыктан мага өз боорундай мамиле кылат. “Курсагың ачты балам, кел, айран ачытып койдум, айран ич!” – деп ар качан дасторконун жаза салат.

Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Сабира Күмүшалиева, Насыр Кытаев, Советбек Жумадылов… “Көчөгө” не деген дөө-шаалар катышты. Режиссер Геннадий Базаров менен сценарийдин автору, жазуучу Мурза Гапаров: “силер өзүңөрдү ойногула, каалагандай аткара бергиле!” дегенсип эркин койду эле, ал тургай, сценарийден тыш көрүнүштөр да фильмде орун алып, эч кандай жасалмасыз, ажайып бир керемет дүйнөнү  тартуулай алышты. Азыр кай бирде телевизордон “Көчөнү” көрсөтүп калганда аргасыз бир жылмайып алам да, анан кечээ эле ушулар менен чогуу аралашып, алардын ар биринин кылык-жоруктарына күбө болуп жүргөн күндөн бери 44 жыл шуу деп учуп өтүп кетиптир, бул адамдардын бири да азыр арабызда жок деп оор үшкүрүнүп калам. “Көчө” искусство жолунда жаңыдан чыйыр салам деп али турмуштун ызгаары менен ырахатынан кабары жок турган мага даңгыр жол ачкан тасмалардын бири болду.

“Көчөбүз” аяктап, фильмди Алматы калаасындагы фестивалга алпарып катышып атканбыз. Шашылыш Фрунзеге чакырышты. Москвадан Юрий Борецкий деген режиссер келип, “Шаркыратма” деген кинодо Асан деген башкы каарманга мени сунуштап атышыптыр. Кечинде үйгө келсем Асанкул абам:

-Жакшы! “Көчө” бүттү, эми эмне кыласың? – деди.

-Эми “Шаркыратмага” түшөм! – дедим.

-А андан кийин эмне кыласың? – деди.

-Билбейм? – дедим.

-Кой, театрда эки жылдык студия ачылганы жатат. Ошондон окугун эми! – деди.

Кыргыз Академиялык драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырдым. “Шаркыратма” Боом капчыгайынын жанынан тартылды. 1974-жылы бул фильм менен Баку шаарына барып фестивалга катыштык. Фильмди көрүшкөн калыстар курамы мага “эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн” деген сыйлыкты ыйгарышты.

*****

“Ысык-Көлдүн кызгалдактарында” тартылып жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун жаңыдан басылып чыккан “Ак кеме” повестин баарыбыз талашып окуп, андагы баланын тагдырына зээнибиз кейип ыйлаганга дейре барганбыз. Көрсө, ошондо эле Болот Шамшиев “Ак кемени” тарта турган болсом, ага кайсы артисттер ылайык деп ойлонуп жүргөн тура!? Чыңгыз Айтматовдун “Сүйүү жаңырыгы” деген фильминде иштеп атып Момун чалдын образына алгач Бакирдин Алиевди туура көрөт. Ал эми Орозкулга ошондо эле “Сүйүү жаңырыгында” аткарып аткан Орозбек Кутманалиевди ылайык деп ойлонот. Ал эми бала демекчи…

Баарынан азабы ушул болду. Баланын образында ким ойнойт? Шаардагы мектептерди түрө кыдырып, жети-сегиз жашар балдарды чогултушту. Кимиси Айтматовдун чыгармасындагы баланы мыкты деңгээлде аткара алат? Орозкул, Бекей, Сейдакмат, Кулубек, айтор, баары оңой тандалды. Башта Бакирдин Алиевди Момун чалдын образында деп болжогон режиссер кийин аябай дыкаттык менен изилдеп олтуруп Асанкул Куттубаевди тандады. Акыры бала да табылды. Көздөрү бакырайган, тынч алып бир орунда отура албаган Нургазы Сыдыгалиев баланын образына шайкеш деди Шамшиев. Анан мага Шамшиев:

-Бала сени абдан жакшы көрсүн! Бул үчүн сен колдон келген белек-бечкектериңди аянба, өзүңө тарт, камкор мамиле жаса. Ал сени ата дегенге чейин барсын! – деген тапшырманы мойнума такты.

Бир эле учурда “Свердловфильм” студиясында “Бүркүт бийи” тасмасында тувалык Темир-оол деген жигиттин образын жаратып атып, ал жактан бала мени жакшы көрсүн деген ниетте белек-бечкек ала келем. Чындап эле Нургазы мени менен аябай ынак болуп кетти. Бир жолу Тувадан Нургазыга жебелери менен кошо жаа сатып келдим. Ашынган тентек Нургазы жаа менен жайылып турган шейшептердин баарын аткылап тешип, биздин чыгармачыл топтогулардын баарын жүдөттү. Муну кайдан алып келдиң эле деп мени жаман көргөндөрү да болду. Акыры ал адатын араң койдурганда, башкасын баштайт. Өзгөчө баланы Сабира апа аябай көзөмөлгө алды.

Кайсы бир жолу Чолпон-ата шаарына барып, баланы шаар кыдыртып жүргөн сюжетин тарталы дедик. Даярдык көрүлүп аткан. Ал кезде мен бойдок элем. Аңгычакты чырайлуу эки-үч кыз жаныма басып келип мени менен тааныша баштады. Так ошол учурда ары жакта тынч алып отура албаган Нургазы чуркап келип:

–Ата, ата! Ой, бул жакка жүрсөң! – деп бакырып, колуман тарткылап калбаспы!? Баягыл кыздар мени менен алданемедей таанышып, жаңыдан пикир алышып атканбыз. “Чычкандай болгон атаңдын оозун урайындын баласы, карачы, оюмдун баарын ойрон кылды. Иштин баарын өлтүрдү!” Кыздар мени үй-бүлөлүү неме тура деп ордуларынан шап атып туруп, ары басып кетишти. Жаак эттерим түйүлө Нургазыны:

–Ой, атаңдын оозун ур-райын! Ой, эмне? Эмне, ата дейсиң? – деп бакырып ийдим…

*****

Токой ичинде Момун чалды Орозкул жаакка чабышы керек. Ушуну тартуу режиссерго аябай кыйынчылыкты жаратты. Же Орозкулду ойногон Орозбек Кутманалиев Асанкул аксакалды улуу деп кол көтөргөнгө даап баралбайт. Бир далай убакыт өттү. Акыры Орозбек Кутманалиев “мотор!” деген үндү угаар замат Момун чалды жаактан ары келиштире эки-үч курдай тарсылдата чаап ийди. Асанкул аксакал ызасы көкүрөгүнө толуп чыкты көрүнөт, уш-шунчалык жек көрүү сезими менен Орозкулду көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй тиктеп туруп:

-Айбан экенсиң! – деди да, ары карай басып кетти.

-Стоп! Тартылды! – деди Шамшиев…

*****

Асанкул аксакалдын жанына Орозбек Кутманалиев басып келсе, саламын алик албай ары басып кетет. Сүйлөсө, жооп жок!?

-Эми эмне кылам? – деди, Орозбек аргасы түгөнүп. Эртеси да жанына барып салам айтса, тетири басып кетти.

-Ой, сен жаакка катуу чаапсың! Эми алдына түшүп, кечирим сура! – деди, Сабира апабыз.

Бир козуну союп алып Орозбек Кутманалиев Асанкул аксакалдын алдына келди:

-Эми… Асанкул аба, кечирип коюңуз! Кечээ катуу кетип калыпмын. Эми… Тигил… Шамшиев айтпадыбы, катуу чабышың керек деп…

Жарыла албай араң турганбы, Асанкул аба:

-Ок, ата-бабаңдын гана оозун ур-райын! Шамшиев өлтүрө чапкын десе, өлтүрүп салмак экенсиң да, айбан! – деди эриндери титирей, көздөрү жашылданып.

-Эми… Тигил… Чыңгыз чыгарманы ушинтип жазып атпайбы!? – деди Орозбек Кутманалиев эмне кылаар айла таппай, колун куушуруп.

-Чыңгызың жаагын талкалай чап десе, сөзсүз талкалай чабыш керекпи? Чыңгыз өлтүрө чабат десе, өлтүрмөк экенсиң да, э?! – деди. Акыры ары кетип, бери кетип атып Асанкул аксакалдын таарынычы жазылды. Козунун эти желди…

*****

Баланын денеси от-жалын болуп ооруп, качан Кулубек келет деп зарыга күткөн эпизоду тартылмакчы… Бала кыялында Кулубек байкеси менен дөбөдө. Анан Кулубек байкеси Орозкул зөөкүрдү жамбашка тебиши керек. Тепкенде так калсын деп бут кийимимдин таманы бор менен боелгон. Бир маалда Асанкул аксакал мени өзүнө чакырып алып:

-Ай, Чоро! Жүрчү мындай, бир кеп бар! – деди. Ары жетелеп барды да:

-Эми айланайын Чоро, баягыл өчүмдү алып бере гөр! Бир табам кансын! Жамбашын жара тепчи! – деди. Аксакал кишинин айтканын кантип жерде калтырмак элем!? Аргасыз жылмайдым…

Дөбөдө бала экөөбүз… Камера ишке кирди…

-Мотор! – деген үн кулакка жаңыраар замат Асанкул абанын айтканын эстей калдым да, менден ылдый эңкейиште күтүп турган Орозбек абаны күү менен келиштире жамбашка тепкен экем, айланайын, бутум жамбашка тийбей эле резинага тийип, кайра артка тепкендей боло түштүм. Орозбек аба ылдый жерге жыгылып баратып уш-шундай бир жек көрүү менен мени тиктеди дейсиң, өзүм да коркуп кеттим…

Иш бүткөндөн кийин Орозбек абанын жанына барып бир нерсе сурасам, мени жек көрүп тиктейт да, ары карап басып кетет. Эртеси учурашсам, алик албайт же сүйлөбөйт. Эми эмне кылам? Айлам түгөнүп жанымдагыларга айтсам:

-Аа, кокуй, ал да Асанкул абадай болуп сага катуу таарынып атат. Эми алдына бир козу менен түш да, кечирим сура! – дешти. Айла жок, бир козу жетелеп алып алдына бардым…

-Эми… Тигил… Орозбек аба, кечирип коюңуз! Мен неме… Тигил Шамшиев катуу теп дегенинен…

Орозбек аба мени көзүнөн заар чыгара жаак эттери түйүлүп:

-Шамшиев жамбашын талкалай теп десе, талкалай тебиш керекпи? – деп, бакырып ийди. Чоочуп кеттим…

-Эми… Тигил Айтматов ошондой жазып… Анан…

-Чыңгызың Орозкулдун жамбашын талкалай тээп өлтүрүп салат десе, өлтүрүп салмак экенсиң да, акмак! – деди. Ары кеттим, бери кеттим. Акыры таарынычы аздап жазылып, козунун этине тойдук…

Кийин фильмдин дагы башка сюжеттери тартылып атканда арабыздан кимдир бирөөсүндө таарыныч пайда болсо эле:

–Ой, бүгүн да козу жейбизби? – деп, каткырып алышат…

*****

Бир жолу Балыкчы шаарына “Ак кемени” көрсөтөбүз деп автобазага бардык. Фильмден кийин сыртка чыксам, Орозбек Кутманалиевди күрсүйгөн олбурлуу беш-алты шоопур тегеректеп алыптыр.

-Сен эмне? Балдарды аябай жаман көрөсүңбү, ыя? – деп демитишет. Чуркап барып:

-Ой, айланайын, байкелер! Бул андай эмес! Мунун он бир баласы бар. Балдарды аябай жакшы көрөт! – деп, ортого түшө калдым. Заматта баягыл немелер мени курчап алышып:

-А сен, эмне? Машине айдаганды билбегенден кийин рулга отурасың? Сен айдаганды билсең, бала аман калмак?!

-Ой, эми ал деген кино! Айтматов ушинтип жазган! – деп атып Орозбек абаны да, өзүмдү да алардын курчоосунан аман алып чыктым.

Караңызчы, элибиздин ошол кездеги баеолугу, ай! Көркөм чыгарманын таасирине арбалып, аларды турмуштун дал өзүндөй кабылдашканын көрүңүз!? Элибиздин сөзгө, чыгармага, киного карата болгон кирсиз таза, назик көз карашы…

*****

Өткөн жылдын күзгү кечи…

Жумуштан чыгып Ала-Тоо аянтында келе жаткам. Аңгычакты, жашы кырктын кырынан ооп бараткан, көздөрү бакыракай бир толмоч адам бет маңдайымдан туш келип:

-Ассалоому алейкум, Чоро байке! – деп, жан-алы калбай учурашып калды.

Бул ким болуп кетти? Көздөрү эле жылуу учурайт же эч эстей албайм!? Кайдан көрдүм эле?

Толмоч адам мени унчукпай азга тиктеп турду да, анан чыдабай кетип:

-Сиз, эмне? Мени тааныбай жатасызбы?! – деп көзү жашылдангансып кетти.

-Тааный албай турам, айланайын!?

-Ой, менмин! Нургазы!

-Оо-й, айланайын! Сен ушундай адам болдуңбу!? – деп кучактай калдым…

Кырктын кырына чыкса да, мага баягыл эле баладай…

“Ак кемеден” бери туптуура кырк жыл өтүптүр. Ошондон бери эми гана көрүшүп, ал-акыбалды сурашып аттык.

Көздөрүнө тиктейм…

Баягыл эле Айтматовдун “Ак кемесиндеги” баланыкындай көздөрү бакыраят…

Адабиятташтырган: Данияр Исанов