Сайдимар Султанмурат: Мынча башты, бу буттар кайда алпарат?

Ата-Журт

Ата-Журт, –

Ал жеңиндей чапандын.

Жылуу кылат,

Кийсе колу апамдын!

 

Ата-Журт, –

Ал өзүндөй чапандын.

Улуу кылат,

Кийсе бою атамдын!

 

Ата-Журт, –

Ал очогу апамдын.

Күйүп турган,

Карегинде атамдын!

Жарык кылган, –

Жүрөгүн кең ааламдын.

 

Мен да бармын

Көчтө бармын,

Бирок кайсыл сабында?

Айткан “Дарвин”,

“Балким тегим маймылда…”

 

Көчтө келем,

Бирок кайсыл тобунда?

Айткан Эгем,

Ыйык Ислам жолунда!

 

Көчтө баары,

Чабалы да, даңкы да.

Мен да бармын,

Кумурска-аары сабында…

 

Жарык көлөкө

Күлкүсүнөн

Нур жаркыса бөбөктөрдүн.

Андан чындык,

мен адилет өзөк көрдүм!

… Өмүр таңын, аруу кечин,

(Өлүмдүн ак – акыйкатын…)

 

Ал андыктан эч унутпа,

Мухит – сая,

А жарык – ак башатың!…

 

Көлөкөлөр,

көп азыр жарыктардан.

Күлкүсүнөн

бөбөктүн азыктанган.

 

Убакыт – Уу бакыт

Улуу тирүүлүк көчүндө,

Утулуп да, утуп да,

Уу ууртадым,

Ууртумда бал тамды.

Убакыттан озуна,

Улагасынан угутумдун аттандым.

Укуругу узундугун кыска өмүрдүн,

Узаганда айылынан балалыктын байкадым

Улар элем убагында,

Учуп көктү бербеген.

Утурумдук бу жалганда,

Ураалапмын кур бекер.

Уучтаган күрөө тамырын тирүүлүктүн,

Уучумда түбөлүк деп алданыпмын,

Укугунда экемин көрсө, Жараткандын!

Учур келип уучум ачык

Убакытка жеңилип,

Уу бакытка жол алдым.

 

Бир жол

Миң адашкан, бир жол издеп сапарда,

Жел учурган көктө өжөр бариктей.

Конооруну, бир кез албай капарга,

… берээрини, унуткан салам-аликтей.

 

Миң тамырдан, бир өзөккө кан тарап,

Ак булуттан, көк талашат бай терек.

Коноктугун, бу жалгандан байкабай,

(… миң кыялды, сапарда бир ой көмөт).

 

*****

Терезе,

Ылай тамдын боорунан,

Чагылышат,

Күнгө тоонун тоомунан,

Пирамида эшиктери,

калган бейм тушташып…

Көрөм өзүм,

Фараондор доорунан.

 

Бала дүйнө

Селки барат,

Колясканы түртүп алган,

Жазды эрдине сүртүп алган.

Канат бүтүп, карлыгачтай,

Дем алганы, бүркүт аба…

Өктөм ою! Көктөм кыял!

Таңдай аруу, жайнап алган.

Элес албайт,

Элди топур жандап алган.

Карегинен күн чачырап,

Балакайдын күлкүсүнө,

бүт өмүрүн арнап алган.

(Ооздо сагыз чайнап алган…)

Балкып дене!

Калкып дене!

Кайда-кайда?

Кыпын ой жок санааркаган.

Оо, керемет!

Бул өзү кандай аалам?!

Бүт баарыны унуттурган,

Кош жүрөктөр уруп турган,

Айдан, күндөн улук турган,

Бүтүн аалам, бала дүйнө!

 

Калаа түрмө

Мынча башты, бу буттар кайда алпарат?

Кайгы-санаа, кайчы жолдо, сырдуу калаа.

Сөлөкөттөр, шашып улам аркы-терки,

Чубалышат, кайдан келип, кай жактарга?

 

Чачат көлчүк, унаа асфальт жылчыгынан,

Иңир кирип, фонар-шамдар бүлбүл туман.

Кимдир бирөө маанайы суз бара жатса,

Кимдир бирөө барат корстон жаштыгына.

 

Кабат үйлөр, кабак чытса суук түнгө

Светофор, көз ымдашып өчүп-күйөт.

Оома заман. Күнөөлүү көр пендеси,

Билем жалгыз, бараары калаа түрмө…

 

Камап алып, дүйнөсүн кудум көргө,

Жашайт азат күндөрүн, көнгөн адат.

Балкон, – салган ааламга алар сареп,

“… даараткана… ашкана жарым кадам.”

 

Чайпалса да кемибей турат калаа,

Тартса дале, кылымдап канча санаа?

Светофор, – “жолундай саманчынын”,

тирүүлүктө бүтпөгөн сыр чачыла…

 

Ой басканда

Ой басканда,

Тоо баскандай сезилет.

Себеп анда,

Алтын-күмүш кени көп.

 

Ой качканда,

Жоо качкандай туюлат.

Себеп андан,

Жансыз үндөр угулат.

 

Ой ташканда,

Аалам туйлайт жүрөктө!

Ай-Күн түшүп,

Кызмат өтөп түнөктө.

 

*****

Топ тепкенге,

Куштар уулум учурда.

Жер да топтой,

тумаланып учууда.

Тобу бир күн

уулумдун жарылып,

Таштап салды,

Хоккей ойноп кышында.

А жер дале,

тумаланат топ болуп,

Токтобостон тынымга.

Түбөлүктүү ок болуп!