Совет Урманбетов: Мен – сардармын, чындык – менин кылычым, Эки жолу жашагым бар – максат зор

Автордон Тиги ырлар – туңгуч учкун жалындары, Турмушка сезимимдин салымдары. Ичинде түтүн да бар чубалжыган, Кыпкызыл жалын эмес анын баары.   Ант ушул, айып этпе кысымымды: Кубултуп үн созоюн сызылыңкы, Эгерде назик, өздүк үн чыкпаса, Ырдабайм, сен да унуткун ысымымды!   Бүркүттөр Кырк кырды кыйры менен карап алып, Тумшугун туу чокуга кайрап алып, Жебедей атып чыгып асманына, Жебедей түшүп келет кайра барып.   Бүркүттөр тоодон учат. Бүркүттөр тоого конот.   Кудайга үнү жеткен бороондордон Аскалар уңулдашып озондогон, Өрт тийген жыландардай соймолоңдоп, Карлары колоттордун тозоңдогон.   Бүркүттөр зоого уялайт. Бүркүттөр зоодо толугу менен…..