Ал адабиятыбыздын башатында тургандардын бири

Учурдагы кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси – Темиркул Үмөталиев. Ал өңдүү адабиятыбызды түптөгөндөрдү айта жүрүү парзыбыз. Молдодон окубай тамга тааныган Темиркулдун өз сабатсыздыгын жоюуга анын сезимталдыгы, зээндүүлүгү түрткү болгон. Ормотой байдын малын багып жүргөн мезгилинде, байдын балдарын молдо окутуп жаткан учурларда, Темиркул аларга жакындап, кулак салып, молдонун айткандарына кунт коюп, көргөн тамгаларды очоктон түшкөн оттун күлүнүн үстүнө чырпыктын учу менен жазып, өз алдынча далалат кылып жүрүп тамга таанып, акырындап жазма кагаздарды окуганга жетишкен. Ага Кудаяр хандын убагында Кокондон окуган, көптү көргөн, жашы жүзгө чыккан Сейиткул толугу менен…..

Бүгүн акын Турар Кожомбердиевдин туулган күнү.

Бүгүн акын Турар Кожомбердиевдин туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Турар Кожомбердиев 1941-жылы 22-июнда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1965–1966-жж. “Кыргызстан пионери” гезитинде адабий кызматкер, 1969-жылдан “Кыргызстан” басмасында редактор, 1976-жылдан Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин аппаратында иштеген. Т.Кожомбердиевдин чыгармачылык жолу 1959-жылы “Мугалимдер газетасына” жарыяланган “Мугалимге” аттуу алгачкы ыры менен башталган. Ошондон тартып анын ыр, поэмалары газета-журналдардын беттерине басыла баштайт. Т.Кожомбердиев республикабыздын бир нече жолку поэтикалык конкурстарынын жеңүүчүсү. Алгачкы ырлар жыйнагы 1961-жылы “Көлчүктөгү ай” деген ат менен жарык көргөн. Акындын толугу менен…..