Совет Урманбетов: Мен – сардармын, чындык – менин кылычым, Эки жолу жашагым бар – максат зор

Автордон

Тиги ырлар – туңгуч учкун жалындары,

Турмушка сезимимдин салымдары.

Ичинде түтүн да бар чубалжыган,

Кыпкызыл жалын эмес анын баары.

 

Ант ушул, айып этпе кысымымды:

Кубултуп үн созоюн сызылыңкы,

Эгерде назик, өздүк үн чыкпаса,

Ырдабайм, сен да унуткун ысымымды!

 

Бүркүттөр

Кырк кырды кыйры менен карап алып,

Тумшугун туу чокуга кайрап алып,

Жебедей атып чыгып асманына,

Жебедей түшүп келет кайра барып.

 

Бүркүттөр тоодон учат.

Бүркүттөр тоого конот.

 

Кудайга үнү жеткен бороондордон

Аскалар уңулдашып озондогон,

Өрт тийген жыландардай соймолоңдоп,

Карлары колоттордун тозоңдогон.

 

Бүркүттөр зоого уялайт.

Бүркүттөр зоодо жетилет.

 

Көк жалды көргөн кезде көз чачырап,

Дүйнөнү бүт унутуп тик качырат,

Өлтүрөт, же болбосо өлөт өзү

Ободон өз денесин ташка таштап.

 

Бүркүттөр тоодо туулат.

Бүркүттөр тоодо өлөт.

 

Негедир кокту-колот жайдакталып,

Бүркүт аз, ит агытпайт айдакталып.

Музейге, зоопарктарга берген белем

Кыраанын, алгырларын кармап барып.

 

Бүркүттөр тоодо кыраан.

Бүркүттөр тоодо бүркүт.

 

Жашоо кумары

Темир тордо жылан жатат кара чаар,

Башын катып, өзүнө өзү оролуп.

 

Уктап жатат кыймылдабай жылаңач,

Кара, күрөң темгилдери жылтылдап.

 

Адам келип темир торду ачты да,

Таштап койду бир коёнду астына.

 

Байкуш коён көрө коюп жыланды

Тилден калып, титиреди бүрүшүп.

 

Жыт сездиби, жылан башын көтөрдү,

Оттой кызыл ача тили соймоңдоп.

 

Эки көзү – эки көөхар жылтылдап

Күйүп турду, түк козголбой ордунан.

 

Оозу-мурду ордун таппай кыйшайып,

Өзү барды чаар жыландын оозуна.

 

Жылан анын эки көзүн челейтти,

«Мияктады» үнү жетип кудайга.

 

Кудай болсо: уйку-соодо күбүрөп,

Оодарылып, кайра тартты коңурук.

 

Жылан болсо: бүкүлү бүт жутту да,

Узунунан жатып алды ныксырап.

 

Адам болсо: жыйган уусун жыландан

Өлчөп жатты ырдап, ичтен кыңылдап.

 

Адамдыгым

Тагдырбы – таштан катуу, суудан да мөл.

Ташынан боор салам жердешчилге,

Суусунан сузуп берем момундарга…

Антпесем, кайда менин адамдыгым?!

 

Тагдырбы – кыштан муздак, жаздан жылуу.

Музунан үстөл жасайм мансапкорго,

Жылуусун жаап коём ак жүрөккө…

Антпесем, кайда менин адамдыгым?!

 

Тагдырбы – уудан ачуу, канттан таттуу.

Уусунан шарап сунам өзүмчүлгө,

Таттуусун төгүп берем мээнеткечке…

Антпесем, кайда менин адамдыгым?!

 

Жарыкка жаралганы Адам ата

Бололек адамдыктан ашкан илим!

Музыкадагы адам

Тереземе бетме-бет терезеде

Сексендеги орус чал эле-селе

Кызып алып гитара чертип кирет,

Кайыл болуп аласа, бересеге.

 

Кылдарына колдору тийген сайын:

Титиретет жүрөктү тимден дайым.

Тамекини, тамакты бүт унутуп,

Учуп кетет сөздөрүм тилден кайым.

 

Башы куунак башталып кайрыктары,

Эчен жолдун элестеп айрыктары,

Муңкандырган мукамга толуп барып,

Кайра жанат, эргитет кайрып дагы.

 

…Уралдагы кыштактар аралыгы,

Үрпөк чачтуу, чамбыл бет балалыгы,

Же Печора эсине түшөт белем,

Балык кармап жүргөнү, талаа ыры.

 

…Же ойлойбу: качырап толгон кезин,

Воронежде жумушчу болгон кезин,

Үч согуштун өртүнө төшү күйүп,

Эчен гүлдөп, эчен жол солгон кезин.

 

…Көрүнөбү көзүнө: Камчаткада

Тамчы суу жок, адашып, кан катса да,

Ажал менен көзмө-көз кезиккен кез,

Траулер портту таап канча аптада…

 

Эне белем киндик кан тамган жерлер,

Ыйык белем жаштыгы калган жерлер,

Кезегинде таш чайнап качыратып,

Түркүк болду дүйнөгө кайран эрлер!

 

Тереземе бетме-бет терезеде

Сексендеги орус чал эле-селе

Кызып алып, гитара черте берет

Кайыл болуп аласа, бересеге…

Күз

Каакымдардай самсыган сур булуттар

Жалдырашат кырманды сагалашып.

Чабалекей, эси жок, жамгыр тилеп,

Каршы-терши зуулдайт сабалашып.

 

Жолдо жатат помидор карды чыгып,

Изи турат бетинде дөңгөлөктүн.

Көзүм тойбос кызганчаак адатымды

Отко күйүп кетсин деп көңгө төктүм.

 

Гүлкайырдын гүлүнө көзү түшүп,

Коно жаздап көпөлөк айнып кетти.

Тетир карап чымчыктын көргүсү жок

Ала жазда артынан аңдып жетчү.

 

Айланкөчөк айланып жалбырактар,

Сүткө түшөт канталап чамгарактан…

Кап бөктөрүп кампага бара жатат

Колу туурук, жыгач бут, чабдар атчан.

 

Тулубуна чоң эне терип жүрөт

Көкөмерен гүлдөрүн алып карап.

Теңи желген, чыныдай кызыл алма

Суу үстүндө калкылдап агып барат.

 

Суу үстүндө калкылдап агып барат

Өмүр дагы, Күн дагы, тагдыр дагы.

Спиноза өлгөнчө танып өткөн

Кыймыл болчу оюмдун жандырмагы.

 

Арча

Туу белдердин дарбазасы ушерде,

Аскалар да ушул жерден башталат.

 

Тоо дайрасы — эскалатор чубалган.

Суу боюнда арча чачын таранат.

Сөңгөгүндө бир бутак жок кубарган,

Тээп өтөт көк көз таан табалап.

 

Көк музда да көгөргөнү көгөргөн,

Жерден, суудан башкага жок зыяны.

Бульдозерду, билбейм неге чөгөргөн –

Түбүндө тур. Жалгызды да кыябы?

 

Эр бульдозер аркырады аңтарып,

Арча байкуш кулап түштү качырап.

Бир сызылып өтүп кетти ак жарык,

Асманга суу аркан бою чачырап.

 

Эр бульдозер туруп калды деңкейип,

Арча онтойт дирт-дирт этип жанданып.

Өйдө жактан балатылар эңкейип

Карап турат казганактап таң калып.

 

Бүгүн керсөм ал арчанын ордунда

Ак көпүрө, ак жол тоого зымырайт.

Келечекти көргөнсүдүм оюмда:

Кен ташыган машиналар жыбырайт.

 

Туу белдердин дарбазасы ушерде,

Аскалар да ушул жерден башталат.

 

Жашоо мыйзамы

Эгер бирөө:

«Мен өлүмден коркпойм» десе ишенбейм,

Өлүү үчүн өлгөн эмес Чолпонбай.

Адам уулу туу чокуга баратып

Чарт үзүлөт жанып кеткен тростой.

А мисалы,

Өлдүң дейли. Аалам калат жапжарык.

Тоолор ышкын. Көлдөр аккуу. Жерлер гүл.

Куунап-ойноп иштеп жүрөт адамдар.

Кулак укпайт, көзүң көрбөйт – сен жоксуң!

 

Өлүм деген

Коркунучтуу. Жашоо парыз ойлобой.

Жер замандан эки жол бар тирүүдө:

Тамак үчүн жашап жүрсө бирөөлөр,

Жашоо үчүн тамак ичет бирөөлөр.

А мен болсом,

Жиним келип тездигине мезгилдин,

Өлүүгө да убактым жок ишенсең!

 

Көңүл кушу

Кышында көлүм толкуйт сапырылып,

Беденин солдорундай жапырылып.

Жайда да сезимимде жашай берет

Элеси ошол бойдон катырылып.

 

Жайында көлүм көшүп тунуп турат,

Желаргы чачтан сылап уруп турат.

Кышта да ушул учур ойдон кетпей,

Көзүмдөн башка элестер унутулат.

 

Кышында жайды эңсеп табалап, кап!

Жайында кышты көксөп чабалактап,

Адам дейм чыдамы жок жан экен го

Кешигин алдын-ала сагалактап.

Антпесе адам болбой калат беле!

 

Акын маанайы

Үч ай болду: ысып-күйүп жүрөгүм,

Эч бир кебин уккум келбей бирөөнүн,

Жарыктыкта жанды коёр жай таппай,

Мен өзүмдү тааный албай жүрөмүн.

 

Кара жерден калмак беле жер короп,

Ырлар менсиз же бөксөрөт, же толот,

Мындай өмүр кайда бар да, кайда жок,

Мен өзүмдү чачып ийсем не болот.

 

Баарын жыйып, баарын салып аргамды,

Бүт көтөрүп бүткүл жыргал, арманды,

Суу чачса да, уу чачса да өчпөгөн

Же болбосо өрткө айланып алсамбы!

 

Булуттар

Күн батарда кошо күйүп кызарып,

Калай сымал көпкө көлкүп эрийсиң.

О, ал кезде канды тээп ызалык

Өткөн күнгө өпкөлөймүн, кейиймин.

 

Кээде көктө бийик учуп баратсам,

Булуттардын империясы көрүнөт.

Чыгышынан батышына караткан

Мейкиндикте нурлар сүттөй төгүлөт.

 

Ах, булуттар! Кандай гана эркинсиң,

Каалгып учуп, кайда барып түнөйсүң?

Силер үчүн чегара жок. Сени эч ким

Токтоталбайт. Укпайсыңар. Дүлөйсүң.

 

Бирок байкуш булуттарым, тездетип

Өмүр кышын эске салып нетесиң.

Эрки бошоң курбуларды эстетип,

Шамал урган жакка тентип кетесиң…

 

Ырларымдан издебе

Ар адам ачылалек бир элемент

Кирбеген Менделеев «мезгилине»…

 

Тубаса боорукермин, ак көңүлмүн,

Кээ бирде ката жасап, ак көрүндүм.

Чындыкты жашырып не ала жатып,

Көзгө айтып, көптөрүнөн бат бөлүндүм.

Сен аны ырларымдан издебегин.

 

Ичине кыпындай кир сактабаган,

Байлык деп сом эсебин тактабаган

Бир кызык адам болуп чыга келдим,

Мансапты көксөбөгөн, барктабаган.

Сен аны ырларымдан издебегин.

 

Ойдон соң сөзгө бердим эс-дилимди,

Кыз жандуу акындыгым тез билинди.

Эркимди эркине бош таштап коюп,

Алдаттым Онегинче мезгилимди.

Сен аны ырларымдан издебегин.

 

Мезгилден карышкан көп колдор да бар.

Мезгилди карыштырган колдор да бар.

Нөшөрдөн, ак жаандан убагында

Басууга мүмкүн болбос жолдор да бар.

Сен аны ырларымдан издебегин.

 

Ар адам ачылалек бир элемент

Кирбеген Менделеев «мезгилине».

 

Менин анкетам

Жер замандан кыргыз менин улутум,

Туулган жерим, турар жерим Ала-Тоо.

Ороочума ороптур тоо булутун,

Энелешим – Каракалпак, Кара-Тоо.

 

Менин атам – Баба дыйкан дан баккан,

Энем болсо – Умай эне аялмет:

Оор мүнөз, эң сезимтал кан жактан,

Жок болсо да дүрбөп калат даяр деп.

 

Маңгыган бир макулукмун ырымсыз,

Өлүгүмдү арткым келбейт жаштыкка.

Мен тамчымын таамп турган тынымсыз,

Тамчы бир күн көзөп өтөт ташты да.

 

Мен – сардармын, чындык – менин кылычым,

Эки жолу жашагым бар – максат зор.

Жең ичинен элдин жеген ырысын

Сөөк өчтүм: күн карама, мансапкор.

 

Көзүм күйүп кызыкпадым байлыкка,

Ичкениме ичимден көп тиштендим.

Кээде жетсем, кээде жетпей айлыкка,

Ырларымдын эртеңине ишендим.

 

Билип туруп билмексенге салбадым,

Көрүп туруп көрмөксөн да болбодум.

Көп убактым бошко кетти — арманым,

Касыма да таза болду ойлорум.

 

Адам көзү, билем, тойбос, сугалак,

Алданамын, кээде ташыйм, тартылам.

Мен жүрбөйүн даңк артынан кубалап,

Даңк кубалап жүрө берсин артыман!

 

Көзүңдө жалын турат

Цыган кыз, сага кыздар ишенишпейт,

Баары тең өз тагдырын билип алган.

Ишеним тамгаларга өтүп кетип,

Кудайсыз леммалардан билим алган.

 

Акыркы тыйыныңды жайып коюп,

Өзүңдүн тагдырыңа карта ачкын.

Ойгончу, ойлончу бир, неге керек

Апаңдын көргөн күнүн кайталаштын.

 

Алтынды неге мынча сүйөсүңөр,

Сыр бар го эзелки бир түбүңөрдө.

Булуттай удургутуп бороондогу,

Акыры алтын жетти түбүңөргө.

 

Каныңда толкун ойнойт тынчы кеткен,

Көзүңдө жалын турат чачыраган.

Жарылчы, жадырачы ак пейлиңен,

Барайын мейман болуп чакырбаган.

 

Көзүңдө жалын турат чачыраган –

Чок ыргып арча күйүп бачыраган.