Абзий Кыдыров: Кичинекей врач

Эмне үчүн төөнүн көзү чоң? Бак ичи салкын, көлөкө, Көңүлүн бурбай бөлөккө, Бар-жокту сурап Айнакан, Энесин кылды келеке.   Бакырайып төө турду, Байланып байтерекке. –Эмне үчүн төөнүн көзү чоң? Айтсаң, айтсаң, энеке.   –Кичинекей кезинде, Ыйлай берип молоюп, Мойну чыгып короюп, Көздөрү кеткен чоңоюп.   Көп ыйласаң сен дагы, Чоң болот көзүң чөйчөктөй. Ошон үчүн, берекем, Жөн жүргүнүң жаш төкпөй.   Оозун ачып, чоң төөнүн, Көздөрүн карап жайнаган. –Энеке, мен эч качан Ыйлабайм, – деди Айнакан.   Чатак Балдар, кулак салгыла, Баары болсун көңүлдө. Аңгеме айтам мен азыр Чатак бала толугу менен…..