Эсенгул Ибраев: Кылым сүргөн ак мөңгүлөрдүн, Чокусунда туруп ыр жазам

Ата журт Сен бай терек, мен бир жармач бутагың, Жармач болуп калганыма ызамын. Ырас эле жармачтыгым эмеспи, Боорума кыскым келсе өзүңдү, Кагылайын жетпей койду кучагым.   Ооба, менин жармачырак алым бар, Ата журтум өзүң кубат, өзүң жар. Бирок менин жалгыз гана берерим, Жүрөгүмдө энчиленген өзүңө, Сваркадай шыркыраган жалын бар.   Анда эмесе, жүгүңдү артып мойнума, Кулакка чаап ылоо кылып койгула. Кың дебестен кызматыңды аткарып, Бороон улуп сага келсе бурганак, Ичиркенбей катып алам койнума.   Баламдан ысык көрүнүп Тоо кесип, нечен кырды ашып, Токой, таш менен сырдашып, Байкасам мени тууган жер, толугу менен…..