БМУда Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы өттү

К.Карасаев атындагы БМУда Т.Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата адбий – маданий илимий – агартуу форуму болуп өттү. Ага КР мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С.Аманова, КРУЖС төрагасы Н.Калыбеков, академик А.Эркебаев, А.Акматалиев, акын, жазуучулар, маданият өкүлдөрү катышты. Форумду БМУнун ректору А.Мусаев уюштуруп, өзү модератор болду. Бул уюштурулган форумдун максаты кыргыз тилин жана адабиятын байытуу, өнүктүрүү болгон. Иш чаранын алкагында китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. БМУнун студенттери Т.Сыдыкбековдун чыгармаларын сахналаштырып коюп беришти. Иш чаранын соңунда концерттик программа тартууланды.

Акын Нарсулуу Гургубаева ОшМУнун студенттери менен жолукту

ОшМУда М.Горький атындагы адабият институтунун бүтүрүүчүсү, “Көз мончок, “Алыстагы ак жарык”, “Кат турмуш” китептеринин автору, акын Нарсулуу Гургубаева менен жолугушуу кечеси өттү. Кечеге Ош шаарындагы чыгармачыл инсандар, окуу жайдын окутуучулары, студенттер катышты. Иш-чараны Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн жетекчиси Улукбек Омокеев алып барды. Акын Нарсулуу Гургубаеваны окуткан агайы, дайыма таланттарды колдоп, жакшы сөзүн айтып келген Асылбек Айтманбетов сөзгө чыгып, бир кездерде Кыргыз филологиясы факультетинен билим алып, чыгармачылыкка аттанган студенттерин алгачкы кадамдарын, чыгарган жыйнактары, акындын ырларындагы жөнөкөйлүк, турмуш темасынын берилиши тууралуу сөз кылып, ырынан көркөм окуп берди. Филология илимдеринин доктору, профессор Гүлина толугу менен…..

Акын Атахан Кожогуловдун поэзия кечеси өттү

Белгилүү акын, журналист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Атахан Кожогуловдун “Шамал кайып” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Бүгүн, аталган китептин бет ачары Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин салтанаттуу жыйындар залында өтүп, кечеге жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КРнын эл акыны А.Рыскулов, К.Көкүлов, Б.Шамшиев, Б.Салгамани ж.б акын – жазуучулар, адабиятчылар, студенттер катышты. Кечеде Таштан Эрматов атындагы Бишкек педагогикалык музыкалык колледжинин студенттери А.Кожогуловдун калемине таандык ырларын сахналаштырып окуп беришсе, жаш акындар автордун котормолорун окуп беришти. Кеченин аягында поэзия сүйүүчүлөр А.Кожогуловдон дагы ыр окуп берүүсүн суранышып, толугу менен…..

Акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунун чоң залында акын М.Молдалиеванын чыгармачылык кечеси өттү. Поэзия кечеге КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, акын-жазуучулар, студенттер катышты. Кыргыз филологиясы факультети тарабынан даярдалып уюштурулган иш-чарага адабиятчы К.Абакиров модераторлук кылып, окутуучу, адабиятчы С.Исаева студенттерге акындын чыгармачылыгы боюнча айтып берди. Ыр майрам студенттер даярдаган М.Молдалиеванын чыгармаларын сахналаштырып коюп берүүсү, ырларын көркөм окуусу, обондуу ырларын аткаруусу менен коштолду.

КР Баатыры Б.Жакиевдин эстелиги орнотулду

Ала-Арча көрүстөнүндө Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III Даражадагы “Манас” орденинин, “Даңк” медалынын, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, Казакстан Республикасынын Төлөгөн Айбергенов атындагы сыйлыгынын, “Астана” медалынын ээси, драматург, жазуучу, котормочу, публицист, коомдук жана саясий ишмер, журт даанышманы Бексултан Жакиевдин эстелиги орнотулду. Иш- чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун белгилүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлердин, ошондой эле жакындарынын катышуусунда өттү. Маалымат Маданият министрлигинин баракчасынан алынды

Англис тилинде жарык көргөн китеп

Лондондо «Hertfordshire-Press» басмасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиза Карасартованын англис тилинде «Leah and Aya The Sewing Doll» аталышындагы китеби  жарык көрдү. Автор “Ачык Евразия – 2022” сынагына катышып, “Публицистика” категориясында биринчи орунду жеңген. Ошол сынактан алган 5000$ менен китеп басылып чыкты. Китеп алгач орус тилинде жазылып, кийин англис тилине которулду. Жомоктор жыйнагынын редактору Тимур Ахмеджанов, иллюстрациясын жасаган Светлана Насынбатова. «Leah and Aya The Sewing Doll» китебинин электрондук варианты Amazon.com сайттарында сатыкка коюлат жана китеп сактоо боюнча дүйнөдөгү экинчи орунда турган – Британиянын китепканасына жиберилет. Бул жомоктордун топтому толугу менен…..

Адабиятчылардын баасына арзыган “Балакана”

Жазуучу Т.Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китебинин бет ачары А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында акын-жазуучулардын, искусство ишмерлеринин катышуусунда өттү. “Т.Шайдуллаеванын прозадагы лирикасы” деп китептин баш сөзүн жазган адабиятчы О.Ибраимов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, филология илимдеринин доктору, акын А.Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты Н.Казакова, Р.Айтматова, акын, драматург Ж.Өзүбекова, адабиятчы Б.Шамшиевдер Т.Шайдуллаеванын чыгармачылыгы боюнча сөз кылышып, чыгармадагы жаңы сөздөргө (балакана, орунча ж.б.) токтолуп, автордун табылгаларына өзгөчө баа беришти. Аңгемелеринин дээрлик бардыгы элет жериндеги элдин турмушун чагылдырып, каармандары карапайым айыл жашоочулары болуп, жалпыга жеткиликтүү жатык тил менен жазылган толугу менен…..

Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары өттү

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары болуп өттү. “Арча түбүндөгү айдың кеч”, “Ата конуш”, “Ак булут, аппак булут”, автордун чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган “Биографиялык жана библиографиялык маалыматтар” жана казак тилинде жарык көргөн “Шегемдик кыз” китептеринин таанытымына КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучу, адабиятчылар, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү С.Камшыгер, А.Шегебай катышты. Иш-чараны демилгелеп уюштурган жана модераторлук кылган Т.Колдошов эмгек жамааты, студенттери менен биргеликте келген меймандарга өз өнөрлөрүн тартуулап, кечени толугу менен…..

Кайра жаңыланган китеп

Психологиялык романдын мыкты үлгүсү болгон У. Абдукаимовдун “Майдан” романы “Мезгил” басмасы тарабынан кайрадан басылып чыкты. У. Абдукаимов советтик аскердин көнүмүш болуп калган, схемага түшкөн образынан оолактап, кан майдандагы адамдардын чыныгы турмушун таасын ачып берет. Романды жазууда совет бийлигинин эрежелеринен чыгып кеткенинин айынан убагында көп каршылыктарга туш болгону менен “Майдан” романы адабиятка жаңылык алып кеген чыгарма катары бааланган. Себеби согушту өз көзү менен көрүп келген жазуучу катары башынан өткөн күндөрүн күндөлүк кылып жазып, чогултуп жүргөн. У. Абдукаимов “Майдан” романы аркылуу жогорку чеберчилик менен адам концепциясын алгачкылардан болуп көтөрүп чыгат. Бул тууралуу толугу менен…..

Кош таланттын “Жүрөк майрамы” аттуу кечеси өттү

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси, акын Атантай Акбаров менен Маданияттын мыкты кызматкери, эл аралык М.Шолохов атындагы сыйлыктын ээси, акын, обончу, котормочу Өктөм Калыеванын “Жүрөк майрамы” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Өктөм Калыеванын 60 жылдыгына арналып өткөрүлгөн кош таланттын чыгармачылык кечесине КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, Казакстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү Саят Камшыгер, Алибек Шегебай баштаган кыргыз-казак калемгерлери катышты. Ар тараптуу таланттар эки сааттан ашык убакыт элге жагымдуу маанай тартуулап, өз өнөрлөрүн көргөзүп, чыгармачылык толугу менен…..