Жазуучулар союзунун катчылыгы эс алууга тарады

Урматтуу adabiyat.kg сайтынын окурмандары, урматтуу калемдештер! Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун катчылыгы 1-июлдан 1-сентябрга чейин эс алууга тарады. Бул аралыкта редакциялык жамаат да ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп турат. Сиздер менен сентябрь айынан тарта жакшы жаңылыктар, жагымдуу чыгармалар менен көрүшөбүз деген ишеничтебиз.

Ж.Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китебинин бет ачары өттү

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Жеңишбек Эдигеевдин “Көк дептер” аттуу китебинин бет ачары болду. Иш чарага КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданият, искусство өкүлдөрү, студенттер, китеп күйөрмандары катышты. Көк дептер – автордун 15 жашынан бери жазып келе жаткан күндөлүктөрүнүн негизинде жазылган китеп. Турмуштан алынган окуялар окумдуу сүрөттөлүп, окурмандардын назарына сунушталууда. Жеңишбек Эдигеев Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө айылында 1971-жылы жарык дүйнөгө келген. Кыргызстандын заманбап эркин журналисти, котормочу, публицист. Пост-советтик Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө салым кошкон. Жубайы менен биргеликте “Де толугу менен…..

И.Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары өттү

Акын Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөн эскерүү иш-чарасына КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты, акын М.Самыйкожо, КР Эл акындары М.Ааматов, К.Бакиров, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, маданият, искусство ишмерлери, акындын үй-бүлөсү катышты. Кечеде акындын чыгармачылыгы боюнча сөз болуп, ырлары окулду.

О.Айтымбетовдун 75 жылдыгына арналган конференция өттү

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында КР Эл жазуучусу О.Айтымбетовдун 75 жылдыгына арналган “Кылымдарды карытчу залкар инсан” аттуу конференция болуп өттү. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Президентинин кеңешчиси, КР Эл жазуучусу Ч.Абыкеев, А.Жакшылыков, Ж.Кулманбетов ж.б. акын-жазуучулар, маданият жана искусство ишмерлери катышты. Конференциянын катышуучулары О.Айтымбетовдун чыгармачылыгы боюнча сөз кылышып, эскеришти. Мекенди сүйүүгө, маданиятка, кыргыз тилин, адабиятын өнүктүрүүгө, кыргыз тарыхын тактоого эбегейсиз эмгек өтөгөн О.Айтымбетовдун чыгармачылыктагы мурасын жайылтуу, эмгектерин колдонуу, түбөлүк сактоо максатында конференциянын катышуучулары: О.Айтымбетовдун ысымын Балыкчы шаарынан бир мектепке ыйгаруу, тарыхый эмгегин, чыгармаларын мамлекеттик деңгээлге көтөрүү, китептерин кайрадан басып толугу менен…..

Ибраим Сатыбаев: Өмүр бою сылап жүрүп өтөйүн, Өрүп койгон көкүлүңдүн тармалын

Акын, коомдук ишмер Ибраим Сатыбаевдин “Араңарда китеби жок акын бар” аттуу китеби жарык көрдү. Мега-Формат басмасынан 500 нускада жарык көргөн автордун бул китебине поэтикалык ырлары, өмүр жолун баяндаган эскермелери топтолгон. Китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Ал эми китепти сатып алууну каалагандар, алып окуйм дегендер 10-июнь күнү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканага саат 15:00гө келсеңиздер болот. Китептин бет ачарына катышыуу менен, автордун чыгармачылыгы, китеби тууралуу маалымат алып кетүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар. Ал жазган ырлар курсташтардын жүрөгүндө! Жакын досубуз акыркы жылдары өзүнүн бирге окуган курсташтарына жана жалпы эле жакындарына карата жасаган өзгөчө мамилеси толугу менен…..

Гүлбарчын Боскееванын “ЖазАйым” аттуу китеби жарык көрдү

Күлгүн курагында жарыкчылык менен кош айтышып кеткен жаш калемгер Гүлбарчын Боскееванын “ЖазАйым” аттуу китеби жарык көрдү. Китептин түзүүчүсү Сезим Толукбаеванын: “Сени жоготкондон кийин баш-учубузду жыйып-жыя электе ырларыңды топтоп, китебиңди чыгаруу баарыбыздын оюбузда турду. Кол жазмаларыңды жыйнап, иреттеп, терип, акын эже-агаларга каратып, мамлекеттик мекемелердин китеп чыгара турчу долбоорлоруна сунуштап, демөөрчү издеп, ал арада баарын дүрбөткөн пандемия эсибизди эки кылып атып, айтор башталган иш натыйжасын берип, китеп жарык көрөр убакыт-сааты эми келиптир” – деп, эскерүүсүндө жазгандай, калемдештери, курбулары китепти даярдап, демөөрчү таппай турган учурда Гүлбарчындын классташтары демилгени колго алып, чыгарып беришти. Талант толугу менен…..

Молдо Багыш Сарыбай уулунун чыгармачылыгына арналган конференция өттү

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Молдо Багыш Сарыбай уулунун чыгармачылыгына арналган конференция болуп өттү. Академик А.Акматалиев модераторлук кылган конференцияга КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, Т.Тургуналиев, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акыны Т.Закирова, К.Бакиров баштаган акын-жазуучулар, тарыхчылар, адабиятчы С.Алахан, М.Токтоболотов ж.б. катышты. Конференцияда С.Алахандын “Беш молдо”, Молдо Багыштын “Абак дептери”, Улуттук илимдер академиясы тарабынан жарык көргөн “Классикалык изилдөөлөр жана тексттер” аттуу китептер тууралуу докладдар жасалып, “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрү Молдо Багыш Сарыбай уулунун ырларын көркөм окуп беришти. Молдо Багыш Сарыбай уулу (1888-1937) — 1888-жылы Аксы аймагындагы Авлетим айылында туулуп, толугу менен…..

З.Ажыматовдун китептеринин таанытымы Т.Эрматов атындагы БМПКда өттү

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын З.Ажыматовдун “Доско кат”, “Датасы жок күндөр…” аттуу китептеринин бет ачары болуп өттү. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгул уулу, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Самыйкожо баштаган акындын достору, адабият, маданият ишмерлери, студенттер катышкан иш чарада автордун ырлары көркөм окулуп, обондуу ырлары аткарылды. З.Ажыматовду эскеришип, чыгармачылык мурасы – китептерин жайылтууну колго алып, ысымын түбөлүккө калтыруу максатында көп иш-чараларды өткөрүп туруу керек экендигин баса белгилешти. Китептин бет ачарын БМПКда өткөрүү толугу менен…..

З.Ажыматовдун “Доско кат”, “Датасы жок күндөр…” аттуу китептери жарык көрдү

КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зайырбек Ажыматовдун “Доско кат”, “Датасы жок күндөр…” аттуу китептери жарык көрдү. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбековдун жетекчилиги алдында Р.Исаков, У.Турдалиев, А.Жансариева, Э.Жумагазиев, М.Самыйкожо, К.Качкынбаева, Т.Колдошов – 7 адамдан турган  редакциялык кеңештин мүчөлөрүнүн кароосунан өтүп, “Улуу тоолор” басмасынан жаңы басылып чыккан китептер борбордук аянттагы “Сонун го” китеп дүкөнүнө сатыкка коюлду. Автордун “Доско кат” китебине буга чейин жарыяланган жана жарыялана элек ырлары, поэмалары, котормолору киргизилген. Ал эми “Датасы жок күндөр” китеби – маркум акын, журналисттин көзү тирүүсүндө күндөлүк катары жазып жүргөн ой толгоолорунун топтому.  толугу менен…..

“Сооронбай Жусуев – көркөм сөз чебери”

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде КР Баатыры, кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты С.Жусуевдин туулган күнүнө арналган “Сооронбай Жусуев – көркөм сөз чебери” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Улуттук илимдер академиясынын, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, Жогорку окуу жайлардын, Өзбекстандан келген С.Жусуевдин чыгармачылыгы менен тааныш интеллигенция өкүлдөрү катышты. С.Жусуевди эскерүү, кыргыз адабиятынын урунттуу маселелерин талкуулоо, акын-жазуучулардын чыгармалары толугу менен…..