Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары өттү

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде жазуучу, публицист, педагогика илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы Абдыкерим Муратовдун китептеринин бет ачары болуп өттү.

“Арча түбүндөгү айдың кеч”, “Ата конуш”, “Ак булут, аппак булут”, автордун чыгармачылык ишмердүүлүгүн чагылдырган “Биографиялык жана библиографиялык маалыматтар” жана казак тилинде жарык көргөн “Шегемдик кыз” китептеринин таанытымына КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков баштаган акын-жазуучу, адабиятчылар, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөлөрү С.Камшыгер, А.Шегебай катышты.

Иш-чараны демилгелеп уюштурган жана модераторлук кылган Т.Колдошов эмгек жамааты, студенттери менен биргеликте келген меймандарга өз өнөрлөрүн тартуулап, кечени шаңга бөлөштү.

20дан ашуун кыргыз акындарынын чыгармаларын которуп, казак-кыргыз адабий байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн казак акындарына, адабиятка жана педагогика илимине кошкон салымы үчүн А.Муратовго КР Улуттук жазуучулар союзунун ыраазычылык барагы тапшырылды.

Казак акыны С.Камшыгер өз сөзүндө кыргыз калемгерлеринин китептерин казак тилинде чыгарып, казак окурмандарына таанытып жатканын белгилеп, Абдыкерим Муратовдун “Шегемдик кыз” китеби да окурмандардын сүйүктүү китептеринин бири болорун айтты.