Адабиятчылардын баасына арзыган “Балакана”

Жазуучу Т.Шайдуллаеванын “Балакана” аттуу китебинин бет ачары А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында акын-жазуучулардын, искусство ишмерлеринин катышуусунда өттү.

“Т.Шайдуллаеванын прозадагы лирикасы” деп китептин баш сөзүн жазган адабиятчы О.Ибраимов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, филология илимдеринин доктору, акын А.Эгембердиева, филология илимдеринин кандидаты Н.Казакова, Р.Айтматова, акын, драматург Ж.Өзүбекова, адабиятчы Б.Шамшиевдер Т.Шайдуллаеванын чыгармачылыгы боюнча сөз кылышып, чыгармадагы жаңы сөздөргө (балакана, орунча ж.б.) токтолуп, автордун табылгаларына өзгөчө баа беришти.

Аңгемелеринин дээрлик бардыгы элет жериндеги элдин турмушун чагылдырып, каармандары карапайым айыл жашоочулары болуп, жалпыга жеткиликтүү жатык тил менен жазылган китеп окурмандардын сүйүктүү китеби болот деген ишеничтерин, каалоолорун билдиришти.

Китептин автору Т.Шайдуллаева окурмандарга, кеченин катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.