Рюноске Акутагава: Түнт токойдун коюнунда

Соттук тергөө учурунда отунчунун берген көрсөтмөсү Ооба. Сөөктү мен таптым. Бүгүн эртең менен адаттагыдай эле отун кыйып келүү үчүн тоо этегиндеги токойго барып, капысынан эле адамдын жансыз денесине туш болдум. Кайсы жерден? Ямасинге  кетчү жолду билесиздер да, дал мына ошол жолдон төрт-беш чакырымдай алыстыктан.  Ал жерде бамбук негизинен жаңыдан бой керип келе жаткан жапалак арча менен аралаш өсөт; анан калса, чычкан мурду жөргөлөгүс болгондуктан ал аймактан кимдир бирөөнү жолуктуруу өтө кыйын. Сөөк чалкасынан жатыптыр; үстүндө ак-көгүш түстөгү суйкан, ал эми башында, адатта борбордогулар кийип жүрүүчү эбоси шапке бар болчу. Мени толугу менен…..