Муратхан Шокан: Коркомун, колду шилтеп бардыгына, Бирөөгө ашык болуп каламынбы?

Муратхан Шокан 1974-жылдын 25-февралында Кытай Эл Республикасынын Тарбагатай аймагындагы Толу ооданынын Акбелдүү айылында туулган. Акын Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Алматы шаарындагы Ноорузбай районунун “Руханий жаңыруу” ортолугунун башчысы, Алматы шаарындагы жаштар саясатын өркүндөтүү мамлекеттик уюмунун алкагындагы “Адабият ааламы” ортолугунун жетекчиси. “Тулга-достук” коомдук уюмунун директору.

“Жыйырманын жалыны”, “Мага жаздын белеги”, “Жүрөккө жүгүнүү”, “Тазалыкка умтулуу”, “Түнкү лирика” аттуу ыр китептеринин, “Жаратылышнаама” аттуу философиялык китептин автору. “Аалам бешик ырлары” аттуу обондуу ырлардын альбомун казак тилине которгон. Жана “Эгемендик жеңиши”, “Кытайдагы казак кесипкөйлөрү” аттуу китептердин идеясынын автору жана түзүүчүсү. Ырлары дүйнөнүн бир топ тилдерине которулган. Кыргыз тилиндеги алгачкы китеби акын Аида Эгембердиеванын котормосунда “Түнкү лирика” деген ат менен 2019-жылы жарык көрүп, казак тилиндеги окшош аталыштагы 2017-жылы чыккан китептеги ырларды ошол иретте толугу менен камтыды.

КОРКОМУН

Капыстан жаза басып аламынбы,

Өзүмдү азап-шорго саламынбы…

Коркомун, колду шилтеп бардыгына,

Бирөөгө ашык болуп каламынбы?

 

Коркомун өрт сезимге урунуудан,

Коркомун, татып көргөм мурун уудан.

Коркомун, алдымдагы жолду таштап,

Таптакыр башка жакка бурулуудан…

 

Кудайдан болсо экен сураганым,

Бербесин ашыктыктын шор-азабын.

Чөлдөймүн махабатка, корком бирок

Билбеймин кандай өмүр сүрө аламын?..

 

Самап бир кетет элем кыяндарга,

Башканы саламын го зыяндарга.

Көөдөндө куш жүрөгүм канат кагып…

Мен учуп кайда барам уям барда?..

 

Капыстан жаза басып аламынбы,

Өзүмдү азап-шорго саламынбы…

Коркомун, колду шилтеп бардыгына,

Бирөөгө ашык болуп каламынбы?

 

КЫЗЫКТАЙ БОЛУП ЖҮРӨМ…

Желпилдеп турбаса да кыяк күнүм,

Күңгүрөп көңүлүмдөн күү акты миң.

Кызыктай болуп жүрөм, кызыктаймын,

Бирөөгө ашык болгон сыяктуумун…

 

Добушу ашык куштун бак түбүнөн

Чыккандай… Сезим канат какты билем.

Бир өмүр күтүп турат… кантээр экем?

Сагыныч, кайгысы кең, шаттыгы кең…

 

Капырай, жаным неге… ошол кечтен

Баягы көз ирмем го… Баштан кечкен.

Өзүмдү түшүнө албай отурамын,

Жер кулап, шекилденип асман көчкөн…

 

Айды да конок кылган мына башым,

Билип тур бул жүрөктүн ынабасын.

Бирине көз жумгудай түрүм бар го,

Бирөөлөр ушак кылсын, күнөөлөсүн!..

 

Чын сезим суудан, оттон жазганабы-а,

Бир түрлүү окшоп кеттим жаш балага.

Өзүмчө үн чыгарып, кыңылдаймын,

Кудай-ай, окшотпогун маскарага.

 

Желпилдеп турбаса да кыяк күнүм,

Күңгүрөп көңүлүмдөн күү акты миң.

Кызыктай болуп жүрөм, кызыктаймын,

Бирөөгө ашык болгон сыяктуумун…

 

КОЛДОРУМДУ СОЗОМУН…

Кулагына талып жеткен сан кырдын,

Күздүн үнү болуп бактан жаңырдым.

Саган алкыш, о, махабат, сен менин,

Чөлдөп келсем, суусунумду кандырдың…

 

Коюу күүгүм коюулантып боёгун,

Кайдан оңсун, менде сезим оңобу?

Шондон бери кечтер менин жакыным,

Шондон бери түндөр менин коногум!

 

Чоку эмесмин бир орунда катыган,

Кечтерим бар, кезбес жакка ашыгам.

Түндөрүм бар, жай кайтаарлык үйүмө,

Тагдырым бар аңыздан ыр ташыган…

 

Эх, өмүргө өктө кылаар менминби!

Менден мурда далай акын чен кылды.

Сөздөрүнө бышкырган жок алардын,

Шондой өмүр акыйкаттан шондой го…

 

Бир жалынга колум сунуп турамын…

Сагынамын, кулу болом бир анын.

Мен колумду созбос элем, теңирим,

Гүл чокторго кооздобосо ыраңын!..

 

Коюу күүгүм коюулантып боёгун,

Кайдан оңсун, менде сезим оңобу?

Шондон бери кечтер менин жакыным,

Шондон бери түндөр менин коногум!

 

КАЧАН КЕЛЕСИҢ?

Жоготкондой жер бети асемдигин,

Жолго карап көңүлүм басаң бүгүн…

Сени апкелбей, унаалар кур келеби,

Сенсиң менин жанымдын бир бөлүгү.

Сени менен агышым күчтүү менин,

Сейилтесиң серпилтип иш түнөгүн.

Кезим азбы көңүлүм карайбаган?

Сени көрсөм кубанам, ажарланам.

Кубат берет жаныма назиктигиң,

Сени таппай отурам азып бүгүн.

Бул доордогу турмушу оорлогон,

Бардык адам баласы бир боор маган.

Каңгыгандар паанасыз көчөдөгү,

Менин канча муңумду эселеди?..

Анын баарын көтөрөөр күч бересиң,

Чымырканып, бел байлап, тиштенесиң…

Жоготкондой жер бети асемдигин,

Жолго карап көңүлүм басаң бүгүн…

Өзүң келбей көңүлсүз ымырт маган,

Ай жаңырат аздан соң муң ууртаган…

 

СЕНИ КАТУУ САГЫНДЫМ ГО…

Сени катуу сагындым го, таң атты,

Ак шоолалар кагып учту канатты.

Сагынычтын кудуретин карачы,

Өтүп жаткан мезгилдерди санатты…

 

Сени катуу сагындым го, бешинде,

Тоодогу саат… боодогу саат эсимде.

Тереземден карап коём талаама,

Ашыктардын күмбөзү бар төшүндө…

 

Сени катуу сагындым го, күн батты,

Жакшы көргөн жаман экен бир катуу.

Махабаттын кудуретин карачы,

Бир адам жок, маган сенден кымбаттуу!

 

Сени катуу сагындым го, түн дагы,

Кара шалы жайып бакты чулгады.

Кабар берчи, качан жолго чыгасың,

Көңүлүмдөн кетет качан муң табы?..

Которгон Аида Эгембердиева