Жан кирет эгер өпсөм жансыз ташка, Талаадан, тоодон, түздөн кезигесиң.

Акын жана котормочу Т.Чакиевдин котормолорун окурмандарга сунуштайбыз.

ГАЛАКТИОН ТАБИДЗЕ

Көк тулпарлар

Батыш тарап кызарып, күн уяга батарда,

Закым болуп алдамчы, жарк-журк этет түнкү жээк!

Калып үмүт катылып, ай талаага анан да,

Ың-жыңы жок жымжырттык өкүм сүрүп эреркеп

Үшүн алат жүрөктүн, аска-зоолор ичинде

Күйүт болуп муз баскан жатасың сен чырагым.

Умтулганың көк асман. Көз албайсың тигиле,

Муңум күчтүү, муңаям, билем мезгил сынагын…

Кайгы-муңду билбеген күн артынан, күн келет,

Жалдан тартып аттардын шам кулагын жандырып.

Кубат артып, эртеңки жашоом үчүн күч берет,

Алуум керек демек мен суусунумду кандырып,

Өтүп жаткан өмүргө. Көз ирмемдер мына бул,

Кайталанбайт билемин. Өкүнбөймүн деги эле.

Көргөн түштөй жок болот, азап-кайгы баарысы,

Кудайга айткан купуя сырдай болуп эзиле.

Аттар салып дүбүрттү үмүт отун тебелейт,

Ой-тилектер ойрондойт, өчөт жандын күйүтү.

Күлүп боору катканча тагдыр бизди жемелейт,

Алмашасың кабырга жашап турган үйүңдү.

Болду унут атыңды, күдөрүңдү, даңкыңды

Мейли, канча кыйкырба үнүң угар адам жок.

Достун берген убада тийбейт анда жарыгы,

Адал эмес ал жайда жан кейиткен арам жок.

Туман каптайт жер бетин. Кең ааламдын четинде

Болбо, мейли, кучактап жатпа көрдү караңгы.

Көк тулпарлар дүбүртү жаңырышат сезимде,

Салып ойго эшиткен адамзатты, адамды.

Расул Гамзатов

Тоолук карыялар

Жашайт тоодо карылар,

Намыска бек, шертке бек.

Сөзү өлсө, өмүрү

Өлүм менен шерттелет.

 

Жаза басуу, жаңылуу

Түк кездешпейт аларда.

Баасын берет бир карап,

Адал менен арамга.

 

Көзү ачыктай айтышат,

Кимдин эмне болорун.

Жоодон өлүп ким эртең

Кимге дөөлөт конорун.

 

Калп айтканга тетири

Келет бата беришип.

Адилдикти кулаган,

Атка кетет эңишип.

 

Тилге жүйрүк береки

Ак сакалчан карыя,

Айткан сөзү кынаптап,

Мүлдө адамга жарыя.

 

Кагылайын карылар,

Журт эгеси өзүңсүң.

Караңгыда жол тапкан

Калктын кара көзүсүң.

 

Чабандестин айылга

Не келгенин билесиң.

Жакшылыкты кудайдан

Жана дайым тилейсиң.

 

Чохтук тиги Камалил

Башыр бала кезинде.

Бир карыя моминтип;

Айткандыгы эсимде:

 

Сымбатына сук артып,

Ээрчийт далай кыз-катын.

Ал ошентип жейт анан

Акыр жүрүп өз башын.

 

Шамил окуп шарыят

Дили түшүп куранга.

Калкка өтүп кадыры,

Имам болуп турганда

 

Гимриндик чал айтты:

«Шамил жоого аттанат.

Элин алып кырдырып,

Жүрөгүнөн кан тамат».

 

Уккан башка карыя,

Акын Махмуд ырларын:

«Ок жеп өлөт деген бул

Азабынан кыздардын…»

 

Келем мен да чоочулап,

Аксакалдар сынынан.

Тапса кандай болот деп,

Мүчүлүштүк ырымдан!

 

Карылардын мына ушул –

Тоодой бийик кадыры.

Мазар эмей эмине,

Өлсө кокус кабыры.

 

Собол таштап кайрылсаң,

Дайым жообу табылар.

Сакалдары куудай ак,

Бар болгула карылар.

 

Чыңгыз Айтматовго

 

Улуу баян уялоодо жүрөктү,

Куй шарапчым, мейли шарап же кымыз.

Отурамын жетине албай төрүндө

Улуу адамдын. Улуу инсандын. Ал – Чыңгыз!

 

Келдик минтип ат арытып жол жүрүп,

Ар кай жерден, ар кайсы элден тоюңа.

Жаш аламын көзгө, досум, анткени

Атаң түшөт, апаң түшөт оюма.

 

Сени тапкан айланайын энеңден,

Арбагы күч – атаң аскар тоо белем.

Сүйүнөмүн жарылганча маңдайым,

Сүйүнчүңдү бөлөм барып эл менен.

 

Ооба, Чыңгыз эне сүтүн актадың,

Текке кетпей атакеңдин мээнети.

Мен кыйраттым, мен кыйынмын дебедиң,

Көтөргөндө кыргыз аттуу желекти.

 

Кеседеги оттуу сууну мына бу

Атаң үчүн, апаң үчүн аламын.

Кагылайын, кудай кошкон кан досум,

Санаалашым, сапарлашым, кымбатым.

 

Жээкке урунат албуут мүнөз толкундар,

Бороон сынайт кемелердин мамысын.

Кебелбестен келе берет Ак кеме,

Колдоп кыргыз, коргоп Чыңгыз намысын.

 

Жаман көрбө Расулду Гамзаттын,

Айтпайт кантип бир арманын ырына.

Гүлсарычан качкан авар айлынан,

Ичи күйөт Жамиляга чынында.

 

Чап чабандес, аргымакты жел жетпес,

Тоскоолдукту жиреп өткүн, сынбагын.

Кагылайын, кудай кошкон кан досум,

Санаалашым, сапарлашым, кымбатым.

 

Сүйүүбүз – ак барыбыздын Мекенге,

Умтулабыз дүйнөсүнө жылдыздын.

Эмгегиң – зор, сени менен анткени,

Тоосу бийик ак калпактуу кыргыздын!

 

Грузин кыздарга

 

Акындардын аты менен ант берем,

Көкөлөтүп мактоо келбейт оюма.

Эске алгыла анан муну – мен азыр

Жүргөнүм жок грузиндердин тоюнда.

 

Белгилүү го, ал тойдогу каада-салт,

Тост көтөргөн жана адам укугу.

Эл алдында көкөлөтүү, көтөрүү

Мактоо, даңктоо кичүүнү да улууну.

 

Мен антпеймин, – калп айталбайм ырыма,

Грузин кыздар ымандай сыр бул өзү –

Көрүшкөн күн силер менен салтанат,

Көрбөй калуу – көңүл чөгүү, өкүнүү.

 

Айрым-айрым эркектерди силердин,

Түк түшүнбөйм ичкиликке маш болгон.

Сүйүп калып чын дилимен силерди,

Жүрөм дале соолуга албай мас бойдон.

 

Мейли мени жапайы де, анан да

Тоодон кулап, арка-мойнум сынышын

Тилегиле, грузин кыздар, а бирок

Туура көрбөйм паранжысыз жүрүшүң.

 

Ал анткени, чырайыңа мен эмес

Түшөбү дейм Кудайдын да назары.

Унтуп коюп өз милдетин анан ал,

Токтобосун тиричилик базары?!

 

Бабалардын жолун жолдоп, мен бүгүн

Жалдан тартып ат үстүнө минбедим.

Өрттөй жанган кол ойнотуп, кылыч чаап

Айгай салып айылыңа кирбедим.

 

Ал ошентип алдың менден байыркы

Көкүрөккө катып жүргөн кегиңди –

Акын болуп ырга салдым, даңктадым

Кызы сулуу, кызы – пери элиңди.

 

Аргам куруп, калбас үчүн анан да,

Башты чайкап, бармак тиштеп өкүнүп.

Тоолуктарча кийиндирип силерди,

Тоону көздөй кетем атка өңөрүп.

 

Тоо койнунда улар үнүн эшитип,

Сыр айтасың түрмөктөшкөн булутка.

Көрсөтөмүн булактарды Ай конгон –

Тоолуктарга чыгасыңар турмушка.

 

Жолуктуруп ырларымдан силерди,

Кирпик какпай түнү жазган мына ошол.

Грузин эли кылыгыма баа берип:

– “Кайран авар, шайтан авар!”- деп коёр.

 

Мейли, анан  силер менен мактанып,

Ажарыңды айга-күнгө теңесин.

А мен болсо, тоо башынан силер деп

Күлүмсүрөп, күн кучактап келемин.

 

Өчөт-жанат көк бетинде сан жылдыз,

Грузин кыздар, ымандай сыр бул өзү:

Каспий жээктеп жашап келет силер деп,

Тоолук акын, тоо сымал кулк-мүнөзү.

 

Куса болуп, отурганда убай жеп,

Деп айтамын: – “Бир болобуз буюрса.”

Бирок кыздар, суранаарым, акындын

Бул айтканын аялына угузба.

 

Патимат

 

Келгенсиң дүйнөгө мына бул,

Көзүңө сыр катып – карагат.

Апакең алдейлеп уктатчу,

Патимат, Патимат, Патимат.

 

Түш көрчүң, түшүңдө бир укмуш

Жүрчүсүң гүлзарды аралап.

Көк гүлдөр, ак гүлдөр ырдашчу:

«Патимат, Патимат, Патимат!».

 

Бой жеттиң, мезгилдер алмашып,

Болдум мен келишкен азамат.

Үйүңдү айланып көп жүрдүм,

Патимат, Патимат, Патимат…

 

Өзүң деп үшкүрүп бу тоолор,

Өзүң деп сан гүлдөр ачылат.

Ысымың кайталайм күнү-түн:

«Патимат, Патимат, Патимат!»

 

Кыз күттүк өзүңдөй анан биз,

Татына, көздөрү – карагат.

Бакытка бөлөндү үйүбүз,

Патимат, Патимат, Патимат.

 

Күн батып, моминтип ар күнү

Алпейим бир укмуш таң атат.

Бир сен деп жашайм да, өлөмүн

Патимат, Патимат, Патимат!

 

Сендик сүйүү

 

Сезимдерге бүлүк салып бул жылдар

Өтөт-кетет, берет, алат көп нерсе.

Бирок өтпөйт, өчпөйт сүйүүм жаздагы –

Ал баш ийчү дүйнөдө жок эреже.

 

Баары өзгөрдү – ой-тилектер, максаттар,

Мен жашаган айыл түгүл Жер шаары.

Баары, бирок өзгөрбөдү бир нерсе –

Сүйүүм менин, махабатым жаздагы.

 

Кайдасыңар кагылайын курдаштар?

Шарап ичип, шапар тепкен бир кезде.

Жалгыз досум – сүйүүм менен калдым мен,

Ал баш ийчү дүйнөдө жок эреже.

 

Мейли, жылдар өз билгенин кылышсын.

Алсын, берем – дөөлөтүмдү, даңкымды.

Бербейм бирок! Сурабасын бир нерсе:

Тун сүйүүмдү – жазар дайым жарпымды.

 

Сильва Капутикян (Армения)

***

Ыйлоого мажбур кылбагын – ыйладым узак ашыгым.

Ойлобо анан отуруп:  «Текебер, мерез неме!»-деп.

Жүрөгүм алган жаракат, билесиң аны ашыгым,

Ошол дарт ээрчийт, бүгүн да айыгып такыр кете элек,

Кайрымдуу адам жолукпай, аксады далай басыгым.

Кайрымсыз таңдар көп аткан, жаздыкка кулап көз жашым.

Кылчактап артка кайрылбай, келгенмин билсең ашыгым,

Көрбөгөн нерсе калган жок, көрбөдү нени бу башым?

Көөнүмдү бир күн тынчытып, башымды коюп тизеңе,

Балача уктап калсам дейм, токтотуп мезгил агымын.

Кеч кирип барат өмүргө, түнөрөт тиги иреге…

Өмүргө жарык тартуула, суранам сенден ашыгым.

 

***

 

Алсыз дагы, күчтүү дагы  болчумун,

Өкүнчүмүн эч айыбым жок туруп.

Ханышадай жашап күндү койчумун,

Эртеңкиме жаш баладай кол сунуп.

Айтуу керек эле минтип: “Токтогун!

Ашыкпагын жаштык дооран сүрүүдө!”

Кете бергин дедим, сени мазактап

Тоскоол этпе бүгүн түнү күлүүгө!”

Жылуу сөзгө, жылма жүзгө ишенгем,

Калгычакты, куру бекер алданып.

Тик карабай уялганмын наадандан,

Жаман ишке өлгүм келген арданып!

Тапканымды эч издеген эмесмин,

Таптым дагы түбөлүккө жоготтум.

Кол шилтедим мактоо менен дооматка,

Өзүмдү-өзүм ал ошентип соороттум.

Алсыз дагы, күчтүү дагы болчумун,

Өкүнчүмүн эч айыбым жок туруп.

Ханышадай жашап күндү койчумун,

Эртеңкиге жаш баладай кол сунуп.

 

***

 

Кетти…

А бирок жакшы билем –

Экөөбүз эч бир жакка кете албайбыз.

Жолдор бир мында келген –

Жүрөктү бөтөн жанга бере албайбыз.

Мен сенин үйүң дагы, жолуң болом,

Аба бир – көкүрөккө кере жуткан.

Алдыңдан күндө чыгып жолуң торойм,

Тилеймин жана сага таңды кутман!

Көзүңө көздөр бекер кадалбасын –

Сүйөөрүң чын дилиңен берилип – мен.

Башкасы билем такыр жаралбасын,

Калбаймын, ооба билем, жеңилип мен.

…Үн укпа, мейли бөтөн, мейли башка,

Үнүмдү жалгыз менин эшитесиң.

Жан кирет эгер өпсөм жансыз ташка,

Талаадан, тоодон, түздөн кезигесиң.

… Үйүңө түн бир оокум кайтып келип,

Эзилип, мен тууралуу ойлоносуң.

Басасың нары-бери чылым чегип,

Асманда жылдыздарга кол созосуң.

Мен болсо эчен-эчен чакырымды,

Карытып сага кайтып келе берем.

Өчүрүп шамал болуп, жарыгыңды

Айланам коюу түнгө, чексиз терең.

Ооба, кудурети бул сүйүүнүн!

Айланып, долу шамал болуп алып,

Кол жазма, каттарыңды сапырамын.

«Бергин!»-деп мага жардам, керек болсо,

Кудайдын өзүн дагы чакырамын.

Унутууга жок экенин билгин акың!