Расемон дарбазасы

Качан экенин так айта албайм, иши кылып бул окуя кечке маал болгон. Кайсы бир малай адам жаандан корголоп Расемон дарбазасынын астында турду. Дарбаза Судзакунун адам көп каттоочу көчөсүндө болгондуктан, азыр бул жайда жаандан корголоп дагы бир нече аял жана итимэ’гаса жана момиэбо’си кийген бир нече жигит туруусу керек болчу. Бирок, кызыл түстөгү боёгу түшүп баштаган тегерек мамыда конуп отурган ийнеликти эске албаганда бул жерде андан башка кыбыр эткен жан жок эле.

Мунун өзү акыркы эки-үч жыл аралыгында Киотодо болуп өткөн зилзала, бороон-чапкын, өрт, ачарчылык өңдүү көрүнүштөрдүн кесепети менен байланыштуу болчу. Чынында эле мына ошондон кийин шаардын борбору жылан сыйпап кеткендей абалга келди. Ач-жылаңач калган шаар тургундары тоңуп өлүп калбоо үчүн Будданын айкелин баш кылып ыйык делген буюм-тайымдарды сындырып, отунга айрыбаштаганга өттү. Борбордо иш мындай болгон соң, Расемон дарбазасынын дагы кунары кетти. Анан кароосуз калган бул жайды ууру-кескиден тартып, ит-кушка чейин байырлаганы аз келгенсип, бара-бара бул жерде көмүлбөй калган адам өлүгү додо болду. Ошондон улам, күн батары менен бул жай көзгө комсоо көрүнөр эле. Жанынан аша кечкен бирөө-жарым эле жакын келбесе, дарбаза жанына эч ким даап басып келе албайт. Бирок, «Өлөңдүү жерде өгүз семирет, өлүмтүк жерде молдо семирет» болуп, канаттуудан каргага кудай берди. Күндүз алар асман бетин бербей мындагы сарай үстүндө айланганы-айланган.  Жагымсыз үндөрү кулактын кужурун алат. Албетте, алар бул жерге адам өлүгүн чокуп, курсактарын кампайтуу үчүн учуп келишет. Бул жолу кеч кирип кеткендиктен уламбы, айтор, алардын карааны көрүнгөн жок. Бирок, жаракаларынан жамырап чөп чыга баштаган тепкичтердеги алардын туш келди таштап кетишкен ак-боз түстөгү заңы көзгө таасын көрүнөт. Дал мына ушул тепкичтердин эң жогоркусунда, тагыраак айтканда жетинчисинде көк түстүү кийимчен малай адам оң жаагына чыккан чыйканды анда-санда кармалап коюп, нөшөрлөп төгүп жаткан жамгырдын басылышын күтүп отурду. Күтүп отурду дегенибиз менен, чын-чынына келгенде жамгыр басылган күндө деле анын бара турган жери жок болчу. Башка күндөрү ал бул мезгилде ээсине кайта турган. Бирок, ээси аны бир нече күн мурда бошотуп жибергендиктен, азыр кеп башка. Жогоруда биз айтып кеткендей Киото ошол жылдары бир башкача ээнсирегендиктен малай ээсинин узак жылдар бою «оту менен кирип, күлү менен чыгуучу» өз кызматчысын бошотуп жиберүүсү, албетте учурдагы жамы журттун башына түшкөн жалпы кырдаалды эске алсак – кадыресе көрүнүш.

Ушундан улам “малай адам жамгырды күтүп отурду” дебестен, “жамгырдан коргологон малай адам кайда барарын билбей башы маң болуп отурду” десек жарашчудай. Башкасы аз келгенсип, аба ырайынын бузулушу дагы хейандык кулдун маанайынын бузулушуна кедергисин тийгизгендей. Тилекке каршы, Маймыл саатынан бери көнөктөп төгүп жаткан жаандын басылар түрү жок. А басылганда эмне? Же эмне анын барар жери барбы? Жок. Демек, бардыгына кол шилтеп салып, жок дегенде эртеңки күнү сырайып өлүп калбай, күн кечирүү, башкача айтканда Судзаку көчөсүндө куюп жаткан жамгыр үнүнө кулак түрбөй, тирүүлүктүн бүгүн болбосо да, эртеңдерден үзүлөйүн-үзүлөйүн деп турган жип учугун үзбөй сактап калуу амалын издөө керек.

Теребелди күүгүм тегиз каптап, көз байлана баштаган сайын мына бул карапа жабылган сарай чатырынын жогору көздөй кайкалаган учтары тиги түрмөктөшүп, кабагын карыш салган кара-сур булуттарды чедирейген курсагынан илип, жогору көтөрүп тургандай элес калтырат.

Не болуп кеткендигин аңдап түшүнүү үчүн болуп өткөн окуялардын аки-чүкүсүнө чейин жиликтеп отуруунун эми канчалык кажети бар. Ойлондуң-ойлонбодуң алдыда бир гана нерсе күтөрү бышык. Ал – ачкачылыктан кезерип жатып, мына бул дубал түбүндө өлүмгө моюн сунуу. Андан соң не болмок? Албетте, аны да буттан сүйрөп келип, дарбазанын жогорку кабатына ит ыргыткандай ыргытып кетишет. Ал эми аркы-теркисине чейин ойлонуп, ымыян-чымыянына чейин баш катырып көрсөчү? Айталы, “Байдын кызынан келгенди көрдүм” деп баарына кол шилтеп салып… же болбосо….  Дал ушул жерге келген сайын  кызматчынын ою туңгуюкка кептелет. Тагыраак айтканда, дал мына ушул «же болбосо» деген тыянак эсин эки кылат. Мейли, мага салды оюн он айландырсын, жообу мына ушул – «же болбосо» менен аяктайт. Жо-ок, чын-чынына келгенде алдыда дагы бир жолго барууга болот. Ал – уурулук кылуу.

Малай адам катуу чүчкүрүп алып, өйдө болду. Киотодо кечке маал катуу суук боло баштагандыктан, оюна аргасыздан кемегеде жагылган от кылт этти. Ал ансайын шамал долуланат. Тиги лакталган кызыл мамыдагы ийнелик дагы нэбак эле кайдадыр житип кеткендей…

Ал акыры моюнун созуп жан-жагын айландыра карап алды: -Эгерде жатып уйкуну кандырып алуу үчүн мына бул жерден бир кичинекей орун табылса, эмне үчүн мында түнөп калууга болбосун деп ойлоду. Ушул маалда дарбаза үстүндөгү мунараларды көздөй кетүүчү тепкичти көзү чалды. Албетте, ал жерде каршы-терши жаткан адам өлүгүнөн башка жан адам жок болуу керек деп ойлоп, бирок кабынан жылмышып түшүп кетпес үчүн сол ыптаасында илинген кылычын кармай тепкичтердин биринчисине кадам таштады.

Арадан бир нече мүнөт өткөн соң жогору көздөй кетүүчү мына бул тепкичтин ортосунда демин ичине тарткан боюнча ал мышыкчасынан уурдана жогорку кабатты акмалап карап жатты. Мунарадан түшкөн жарык алдында анын сакалы өсө түшкөн жаагындагы кызгылт түстөгү чыйканы көзгө даана көрүндү. Алгач ал бул жерде өлүктөрдөн башка жан жок деген ишенимде болгон. Бирок, бир-эки тепкич жогору көтөрүлүп, жогорку кабатта колуна чырагдан көтөргөн кимдир бирөө жүргөндүгүн баамдады. Ооба, мындай жаан-чачындуу күнү Расемон дарбазасынын мунарасында жарыктын күйүшү бекеринен эмес.

Ошентип, малай адам ууру мышыкчасынан жыла басып отуруп, тепкичтин эң жогоркусуна жетти да, мойнун созуп, мунаранын ичине аярлап көз чаптырды.

Эл ичинде айтыла калып жүргөндөй эле бул жерде каршы-терши сулап жаткан адам өлүгү көп болуп чыкты. Тиги үрүл-бүрүл күйгөн жарыкта алардын санын боолгоп билүүгө мүмкүн болбогон менен, айрымдары кийимчен, айрымдары энеден туума жылаңач экендигин, анан да катын-калач, кыз-эркек дебей аралаш жаткандыгын  баамдады. Айрымдарынын оозу аңырдай ачылып, айрымдары тоңкоюп, айрымдары талтайып, колун кадимки таш куурчакчасынан эки тарабына кере таштап жаткандыктан булардын качандыр бир мезгилдерде тирүү адам болгондугунан да шектенип кетти. Каңырсыган өлүк жытына башын чулгуй берип, аргасыздан жеңи менен мурдун жапты да, бирок дароо эле жеңин тартып алды: көз алдындагы көрүнүш ушунчалык катуу таасир эткендиктен, мурдуна эмелеки жыт сезилбей калды.

Маңдайындагы мына ошол каршы-терши сулап жаткан өлүктөрдүн арасында кимдир бирөө отурду. Бул – хи’ноки багынын кабыгы түстөгү кимоно кийген, анан да кудум маймылга окшош, чачтары куудай аппак, анан калса кайырмакка илер эти жок жапалдаш бойлуу, тыржыйган арык кемпир эле. Оң колуна шам чырак кармаган ал мында жаткан өлүктөрдүн кайсы биринин жүзүнө үңүлүп карап  жатты. Чачы узун болгондуктан ал аял өлүгү экендигин баамдоого болор эле.

Малай адамдын үрөйү учуп кеткендиктен, эс-мас абалында бул не түш, не чыныгы көрүнүш экендигин баамдай албай бир орунда катты. Кемпир болсо колундагы шакмагын полдун ортосундагы жылчыкка тыгып жиберип, колун жанатан бери карап отурган өлүктүн башына коюп, кадимки бит издеп отурган маймылчасынан нары-бери сыдыра карап алган соң чачтарын тутам-тутам кылып аткый кармап, шакылдатып жулуп кирди. Муну карап турган малай адам акырындык менен эсин жыйды. Тиги кемпирге болгон жек көрүү сезими ушунчалык күч алып чыккандыктан жетип барып, башын тең экиге бөлө чаап салгысы келди. Жок, жеке эле мына бул кемпирге эмес, деги эле жер жүзүндө орун алган жүзү каралыкка каңырыгы түтөп, көңүлү караңгылады. Мына ушундай шартта кимдир бирөө андан тиги тепкичтен жогору чыгып келе жаткандагы – ачкадан өлүү же уурулук кылып жан сактоо деген соболду кайра бере турган болсо, албетте, анда ал азыр эч ойлонбой туруп:- Кезерип жатып өлгөн артык!- деп жооп бермек.

Алгач кемпирдин өлүк башындагы чачты неге жулуп жаткандыгын түшүнбөгөндүктөн, албетте, малай адамдын мына бул көз алдында болуп жаткан көрүнүштү кандай мааниде кабыл алуу керектигине акылы  жетпеди. Ошентсе да, Расемон дарбазасынын мунарасында болуп жаткан бул окуяга ал көңүл кош карап тура алмак эмес. Кандай-андай болгон күндө деле бул адам баласын түздөн-түз мазактоо эмей эмне?-деп ойлоду. Ал тургай, өзүнүн уурулук кылып жан сактоо тууралуу эмелеки ою дагы эсинен чыгып кетти. Ушундан улам ал күүлөнүп туруп, тепкичтен ичкери секирип түштү да, кылычын кармаган боюнча аттап-буттап жетип барып, “Эй бетпак, бул кылыгыңды кандай түшүнүүгө болот?” дегенсип кемпирди акырая тиктеп калды. Кемпирдин чындап эле үрөйү учуп кетти. Кудум ууру кылып жаткан учурда колго түшкөн мышыктай түктөйө калып, ордунан атып турду да, каршы-терши жаткан өлүктөргө чалынгандыгына карабастан аттап-буттап качып жөнөдү. – Токто! Качып кайда барасың?-деп кыйкырып алдынан торогон малайды күчүнүн бардыгынча түртүп жиберип, ал аракетинен майнап чыкпагандыктан, малайдын жакасына чап жармашып, мына эми чындап каршылык көрсөтүүгө өттү. Бирок, малай адам бир кезде анын тооктун шыйрагындай болгон тарбайган колун артка кайрып жиберип, өзүн полго ныгыра басты да: – Эй, эмне кылып жаттың эле? Бол, айт. Айтпайт экенсиң, өзүңдөн көр!-деп кыйкырып, андан соң кемпирди түртүп жиберди да, кылычын кынынан сууруп ала жалтылдаган мизин так маңдайына такады. Кемпир лам деп ооз ачкан жок. Колдору калтырап, өпкөсү кышылдаган тейде, көздөрүн тостойтуп малайга тигиле карап тура берди. Ушул маалда малай адам кемпирдин өмүрү мына азыр кылдын учунда тургандыгын жана ал эми тикелей өз чечимине жараша болорун ойлоп өзүнчө маашырланды. Бул жагдай аз болсо да анын кыжырын басып, демин суутту. Эми ал маңдайында чөк түшүп отурган кемпирге акырын гана мындай деди: – Коркпой эле кой, мен шаарды кайтарган сакчылардан эмесмин. Мен бар болгону жөн гана жолоочумун жана дарбазанын жанынан өтүп бара жаткам. Андыктан сени ээрчитип барып камайын деген оюм жок. Болгону, мына ушуну айтчы, азыр эле сен мында эмне кылып жаттың эле?

Кемпир ансыз да чанагынан чыгып кетүүчүдөй болуп тостойгон көздөрүн алайта ачып, малай адамды тирмейе тиктеп калды да, бир нерсе чайнап жаткан кейиптенип, мурду менен биригип турган эриндерин кемшеңдетип, кирилдеген үн менен акырын мындай деди:

– Тиги… чачын жулуп жаткам… кийме чач үчүн… чачын жулуп…

Башкача бир жооп угам го деген үмүтү акталбагандыктан малайдын эми кайрадан кыжыры кайнап чыкты. Муну баамдай койгон кемпир өлүктүн башынан эми эле жулуп алган колундагы чачты нары-бери карап, күнөөлүү балача башын төмөн салып, мындай деди: – Ооба, өлүктүн чачын жулуу жакшы эмес. Бирок, мындагы маркумдардын бардыгы ошого татыктуу. Мен чачын жулуп жаткан эмелеки катынды алалы: ал жыланды кургатып алып, сарайдын күзөтчүлөрүнө балык катары сатчу… Ошентип жан сактачу. Кара тумоодон өлбөгөндө ал дагы деле мына ошентип жан сактамак. Кызыгы, сатып алуучулар ал кургатып саткан балык бир өзгөчө даамдуу деп макташар эле. Чынын айтсам, мен аны ал кылыгы үчүн жаман деле көрбөйм. Анан кантсин бечара, кезерип, тишинин кирин соруп жатып ачкадан өлмөк беле? Демек, ал бул ишке аргасыздан барган. Ошондуктан, мен дагы кандайдыр бир кудайга жакпаган иш жасап жатам деп ойлобойм. Мындай болбогондо менин ачкадан өлөрүм турган иш. – “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу?”-демекчи, мен дагы бул ишке аргасыздан барып отургандыктан, бул аял тирүү болгондо, мага түшүнүү менен мамиле кылмак деп ойлойм. Себеби, аргасыздык дегенди ал бир кездерде өз жон териси менен сезген.

Малай кылычын кынына салып коюп, кемпирдин бул айткандарын көңүл кош укту. Албетте, ошол эле учурда ал оң колу менен жаагындагы кызарып турган чыйканын дагы улам-улам кармалап коюуну эсинен чыгарган жок. Бирок, дал мына ушул мезгил аралыгында, тагыраак айтканда кулак түрүп, кемпирдин жанатан бери божурап айтып берип жаткандарын тыңдап жаткан маалда көкүрөгүндө тээ тепкич өйдө көтөрүлүп келе жатканда жетпей жаткан кандайдыр бир чечкиндүүлүк сезим ойгонгондой болду. Ошол себептүү ачкадан өлөбү же уурулук кылабы ага эми баары бир болуп калды; анүстүнө, үрөйдү учурган бул окуя жүрөгүнүн үшүн алып жаткан ачкачылык тууралуу ойду эсинен чыгарып жиберди.

Кемпир сөзүн аяктаары менен ал келекелей: – Демек, ошондой дечи?!-деди да, алдыга бир кадам таштап, андан соң капысынан эле жаагындагы чыйкандан колун тартып алып, кемпирди жакадан аткый кармай: – Андай экен, сен да мени жаман көрбө, себеби, мен дагы ачкачылыктан өлгүм келбейт!-деп кыйкырып, ой-боюна койбой кемпирдин үстүндөгү кимоносун жулкулдатып чечип алды да, этегине эрмеше калган кемпирди күчүнүн бардыгынча өлүктөрдүн үстүнө жаткыра тепти. Тепкичтерге чейин болгону беш гана кадам эле. Кемпирдин үстүнөн чечип алган хиноки багынын кабыгы түстөгү кимонону колтугуна кысып, малай адам көз ачып-жумганча тепкич ылдый аттап-буттап жерге түшүп, коюу түнгө сиңип кетти.

Өлүктөрдү баса жыгылган кемпир бир саамга дем албай жаткан соң, акырын өйдө болуп, жылаңач тейде дагы деле болсо күйүп жаткан шакмактын жарыгы менен эми эле малай чыгып кеткен эшикти көздөй эптеп басып барды. Ыйлап жаттыбы не күңгүрөнүп сүйлөп жаттыбы, ким билет, айтор,  ал кыска буурул чачтары бетин жаап калганына карабай төмөн жакты эңкейип бир караган болду.

Көзгө сайса көрүнгүс түндө дарбазанын тегерек четинде эч ким көрүнгөн жок.

Малай адамды мына ушундан кийин көргөн адам болгон жок.

Которгон Таштанбек Чакиев