АЛЬБОМ

А.П. Чехов

 АЛЬБОМ

Катуурак шамал болсо кулап калчудай кейиптенген Кратеров деген титулдук кеңешчи алдыга бир кадам таштады да, Жмыховго бурулуп:

  • Улуу даражалуум! Бизге көрсөткөн аталык камкордугуңуз жана узак жылдарга созулган башчылыгыңызды эске алып…
  • Он жылдан ашык мөөнөткө созулган,-деп кошумчалай кетти Закусин.
  • Ооба, он жылдан ашык убакытка созулган жылдарды эске алып, биз – cиздин кол алдыңызда иштегендер, биз үчүн салтанаттуу… мына ушундай… күнү сизге болгон терең урмат-сыйыбыздын белгиси катары, бардыгыбыздын сүрөтүбүз салынган мына бул альбомду белек кылуу менен дагы далай жылдар бою, кандай десем… көзүңүз өтүп кеткиче биз менен бирге болууңузду каалай тургандыгыбызды билдирип өткүбүз келет…

— Чындык жана өнүгүү жолундагы өзүңүздүн аталык кеңешиңиз менен… – деди эми Закусин, чекесинде пайда боло калган терди аарчып жатып; анын чыны менен эле абдан сүйлөгүсү келип, ал тургай, айта турчу сөзүн дагы камдап келген көрүнөт. – Мындан ары дагы урмат-сыйдын үстүндө болуңуз. Ар дайым желегиңиз эмгектин, коомдук аң-сезимдин урматына желбирей берсин!-деп сөзүн аяктады.

Жмыхов жашып кетти. Сол жаагы ылдый сарыгып бараткан көз жашын сүртүп:

  • Мырзалар!-деди үнү каргылданып. – Сиздерди мына минтип менин арзыбаган мааракеме көңүл бурат деп үч уктасам түшүмө кирмек эмес… Эмне дээримди да билбей калдым… Бул көз ирмемдерди мен өлөр-өлгүчө унутпайм, жана ишенип коюңуздар… достор… бөтөн бирөө сиздерге менчелик камкордук көрбөйт… Балким, кимдир бирөөнү капа кылып койгон күндөр болгондур, бирок ишенсеңиздер, анын бардыгы сиздердин гана пайдаңыздар үчүн эле…

Мына ушундан кийин чыныгы штаттык кеңешчи Жмыхов титулдук кеңешчи Кратеровду кучактап бетинен өөп, толкунданып жаткандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай жаткандыгын билдирмекке ишаарат кылды да, кымбат баалуу альбом тартуулашпай эле, тескерисинче аны тартып алып койгону жатышкансып, бышактап ыйлап жиберди. Бетинен өпкөнүнө жетине албаган Кратеровдун өңү кубарып кетти. Ушундан соң начальник өзүнө келип, дагы бир нече жалындуу сөздөрдү айтты да, дээрлик бардыгы менен кол алышып коштошкон соң арабага отуруп узап кетти. Каретада кетип бара жатып дагы бир ирет ыйлап алды.

Үйүндө аны дагы бөтөнчө кубанычтар күтүп жаткан. Үй-бүлөсү, жоро-жолдоштору жана жөн гана тааныштары аны эзели болуп көрбөгөндөй кызуу кол чабуулар менен тосуп алгандыктан, ал: “Чыны менен эле ата мекенге опол тоодой эмгек кылган экем да, эгерде мен болбосом мекен кургурдун шору шорподой кайнамак тура деген ойго келди. Ошентип, дасторкон үстүндө не бир сонун жан эргиткен сөздөр айтылып, көкүрөккө көкүрөк тийишип, көздөрдөн кубанычтын жашы акты. Бир сөз менен айтканда, Жмыхов эмгеги эл тарабынан мынчалык жылуу кабыл алынат деп күткөн эмес.

— Мырзалар!-деди ал бир маалда отургандарга кайрылып, мен өмүр бою ак иштегенге аракет кылдым. Көпчүлүк учурларда ал аракетимдин берекетин эмес, кесепетин көргөн күндөр да болду. Ак ийилет, бирок сынбайт демекчи, мындайда мен: публика биз үчүн эмес, биз публика үчүн!-деген принципти кармандым. Дегеним, ошондогу тарткан азаптарым үчүн мен эки саат мурда эң жогорку сыйлыкка жеттим! Кыскасы, менин кол алдымда иштегендер чогулуп мага альбом белек кылышты… Мына! Бул үчүн  мен Кудайга чексиз  ыраазымын.

Майрамдык физиономиялар альбомду колдон-колго өткөрүп карап жатышты.

— Жакшы альбом экен!-деди Жмыховдун кызы Оля. – Менимче ал жок эле дегенде элүү рубль болсо керек. О, тим эле шумдук! Атаке, сен бул альбомду мага бер. Мен муну катып коём…  Макулбу?

Түшкү тамактан кийин Оля альбомду өз бөлмөсүнө алып барып, үстөлдүн суурмасына бекитип салды да, кийинки күнү альбомдогу бардык аткаминерлерди алып ыргытып, ордуна институтта бирге окушкан курбу кыздарынын сүрөтүн коюп алды. Ошентип, сүрөттөгү аскер формаларынын орду кыздардын ак көйнөктөрү менен алмашты. Ал эми улуу урматтуунун уулу, Коля болсо, аткаминерлердин  формасын кызыл боёк менен боёп, сакалы жокторго күрөң сакал, муруту жокторго жашыл мурут тартты. Боёгонго эч нерсе калбай калганда, сүрөттөгү кишилердин сөлөкөтүн кесип алып, көздөрүн төөнөгүч менен тешип, аскер оюнун ойноого өттү. Титулдук кеңешчи Кратеровдун сүрөтүн кесип алып, ширеңкенин кутусуна бекитти да, ошол боюнча атасы отурган кабинетке алып барды.

— Ата, карасаң,  монумент эмес бекен!

Жмыхов алгач боору катканча каткырып күлүп, андан соң жыгылып кетчүүдөй солк этип барып оңолду да, Коляны колдон тартып бетинен шалп эттире өөп, мындай деди: – Тентек десе, апаңа алып бар. Апаң да көрүп калсын.

ДИВАН АЛДЫНДАГЫ АНТРЕПРЕНЕР

(САХНА АРТЫНДАГЫ ОКУЯ)

Сахнада «Водевиль» болуп жаткан. Албетте, бул оюнда бир эле актёр бир нече ролду ойной тургандыктан, сулуучасынан келген жана өз өнөрүнө чындап берилген Клавдия Матвеевна Дольская-Каучукова үстүндөгү цыган аялдын кийимин чечип, гусарлардын кастюмун кийип чыгуу максатында өз бөлмөсүнө чуркап кирди да, кастюмду тулку боюна ойдогудай отургузуу үчүн үстүндөгү болгон нерсесинин баарын чечип ыргытып, энеден туума жылаңач калды. Ошентип, чыйрыга түшкөн ал гусарлардын рейтузун оңдоп-түзөп жатканда кимдир бирөөнүн үшкүрүгүн кулагы чалды. Мындайды күтпөгөн ал коркуп кетти да, көздөрүн тостойтуп, элеңдеп эки жакка кулак түрдү. Дал ушул маалда кимдир-бирөө кайра үшкүрүп, ал тургай мындай деп үн каткандай болду:

  • О, курган баш, күнөөң арылбай жүрүп өтөөр бекенсиң…

Айран-таң калган артист аял бөлмөнү айландыра карап, шектүү эч нерсе байкалбагандыктан, жападан жалгыз эмереги болгон диванынын алдын карап көрүүнү ойлоп, ылдый эңкейди да, дивандын алдында солдойуп, узатасынан түшүп, кимдир бирөө жаткандыгын байкап, чоочуп кетти: – Балээ баскан турбайбы, эй сен кимсиң?!-деп кыйкырып жиберип, шашып-бушуп гусарлар кийчү бешмант менен денесин жашырган болду.

Диван алдынан: — Бул мен… мен… – деген дирилдеген үн чыкты. Коркпоңуз, бул мен… Тсс!

Шыбырап сүйлөгөнүнө карабастан, сөздөр мурду аркылуу мыңкылдап чыгып жаткандыктан артист аял диван алдында жаткан антрепренер Индюков экендигин илгиртпей баамдады.

  • Бул сизби?!-деди кулагынын учуна чейин кызарып кеткен ал. – Бул… бул не деген маскарачылык? Демек, сиз, уят-сыйытты билбеген карыган шайтан, жанатан бери мында жаттыңыз беле? О, кокуй күн ой, мага ушул эле жетишпей жатты эле!

— Садагаң болоюн… садагаң кетейин! — деди Индюков жалтыраган таз башын дивандын алдынан чыгарып. – Бир ачууңузду мага бериңиз, бай болгур! Мен акмакты өлтүрсөңүз-койсоңуз да өз эркиңиз, бирок, ызы-чуу сала көрбөңүз! Кудай акы, мен эч нерсе көргөнүм жок, азыр да көрбөй элемин жана көргүм да келбейт. Бекер эле жабынып жатасыз, үр кызындай болгон садагасы! Бир буту төрдө, бир буту көрдө турган абышканын сөзүнө кулак салып коюңузчу! Жыргаганымдан бул диван алдында жатканым жок, өмүрүм кылдын учунда турат! Билсеңиз мени өлүм акмалап жүрөт! Мына, ишенбесеңиз карап көрүңүз: төбө чачтарым тип-тик туруп калды! Москвадан кызым Глашенканын күйөөсү Прындин келип, мени өлтүрмөккө театрды түрө кыдырып издеп жүрөт. Мен ал шүмшүккө Глашенкадан сырткары, беш миң карызмын!

— Карыз болсоңуз сиз карызсыз, менин ага кандай тиешем бар? Башты оорутпай, чыгыңыз да, көзүмө көрүнбөй жоголуңуз, болбосо бар го… мен сизди… акмакты, билбейм азыр эмне кылам!

— Тсс! Садагасы, тсс! Чөк түшүп суранайын, кааласаңыз бутуңузга жыгылайын! Сиздикине жашынбаганда кайда жашынат элем? Мени ал жердин жети түбүнөн болсо табат, сиздин бөлмөдөн башка бардык жерге кирет. Мени туура түшүнүңүз! Суранам! Мен аны эки саат мурда байкап калдым! Биринчи көшөгө учурунда сахна артында турсам, ал партерден түз эле мени көздөй келе жатыптыр.

  • Демек, оюн учурунда дагы сиз мында жаттыңыз беле?-деп андан бешбетер оңтойсуздана түштү артис аял. Анан… анан албетте бардыгын көрдүңүз да ээ?

Антрепренер ыйлап жиберди:

—  Суранам, жанымды арачалап калыңыз! Ал акмак өлтүрүүдөн кайра тартпайт! Эсиңизде болсо, буга чейин да аткан, тиги Төмөнкү… Ал окуя тууралуу гезиттин баары жазып чыгышкан!

— Эми кудай урган турбайбы, ой, чыгыңыз деп жатам! Мен кийинемби же жокпу! Тезинен чыгыңыз да, көзүмө көрүнбөй жоголуңуз, болбосо… кыйкырып-өкүрүп ыйлайм… азыр шам чырак менен чокудан ары бир салам!

— Тссс!.. Кантесиз, садага… Жан соогат кылыңыз! Маянаңызга элүү рубль кошумча жазып берейин, бай болгур, тиги жалаңкычтан сактап калыңыз! Элүү рубль!

Артист аял диванда жаткан көйнөк-көнчөктөр менен жамына калып, кыйкыруу үчүн эшикти көздөй чуркады. Дал ушул маалда Индюков жөргөлөгөн боюнча тигинин артынан жетип кызыл ашыктан кармады.

— Жетимиш беш рубль, бай болгур, болгону кууп чыга көрбөңүз. – Дагы жарым бенефис кошоюн!

— Калп айтпаңыз!

— Кудай уруп кетсин! Жакшылык көрбөй калайын! Жарым бенефис жана жетимиш беш  рубль кошумча!

Дольская-Каучукова бир саамга эки анжы болуп туруп калды да, эшиктен бери боло берип, ыйламсыраган үн менен мындай деди: – Калп айтуунун канчалык кажети бар…

— Калп айткан жокмун! Айттым го. Калп айтсам кара башымды жеп калайын! Мен эмне таптакыр эле уят-сыйыт эмне экенинен кабары жок нааданга окшоп турамбы?

— Мейли,  эсиңизден чыгарбасаңыз болгону… – деп артист аял жоошуй түштү. – Тура бербей дивандын алдына кайра кириңиз эми.

Индюков оор үшкүрүп алып, бышактаган боюнча кайрадан дивандын алдына кирип, ал эми Дольская-Каучукова шашып-бушуп кийинип баштады. Бөлмөсүндө, болгондо да дивандын алдында чоочун адамдын жаткандыгы кыжаалат кылып, уялганынан кулагынын учуна чейин кызарып чыкты. Бирок, тигини ыйык искусствонун кызыкчылыгы үчүн гана алжакадан алып сүйрөп чыкпагандыгы тууралуу өздүк бүтүмү ушунчалык шердентип жиберди дейсиз, гусардык көйнөктү кийип жатып, каргап-шилемек турсун, тигиге боору ачып, мындай деди:

— Кузьма Алексеевич, садагасы, диван алдына мен эмнелерди гана койбойм! Кийимиңиз такыр ит болду го!

«Водевиль» аяктап, көрүүчүлөр артист аялды сахнага он бир мертебе чакырып алышты да, соңунда гүлчамбар менен биргеликте «Ар дайым биз менен бирге болуңуз» деген жазуусу бар тасма тапшырышты. Узакка созулган күркүрөгөн кол чабуулардан кийин өз бөлмөсүнө бара жатып ал сахна артынан Индюковду жолуктурду. Үстү-башы кир, чамбыл ала чаң болгон антрепренер ичтен кымыңдап, колдорун кайра-кайра ушалап:

— Ха-ха… Билесизби, чырагым!-деди жакындай берип. – Көрсө жанагы неме Прындин эмес экен! Ха-ха… Шайтан алгыр десе, узун сары сакалынан улам күйөө балам деп ойлоп кетиптирмин… Прындиндин да сакалы сары эмеспи… Окшоштугун айтпа, тим эле! Карыганда кудай мээден алат окшобойбу… Карабайсызбы, куру бекер сиздин да тынчыңызды алып, үр кызындай болгон чырагым…

— Бирок, сиз кандай-андай болгон күндө деле мага берген убадаңызды унутуп калбаган чыгарсыз,-деди Дольская-Каучукова.

— Жок унуткан жокмун, чырагым, бирок… тиги Прындин эмес тура! Биз Прындин жөнүндө сүйлөшкөнбүз да туурабы, ал эми башка эле бирөө үчүн мен эмне үчүн убадамды аткарышым керек? Кудай албаган Прындин болгондо, албетте, башка кеп эле, бирок, өзүңүз баамдагандай мен жаңылышып калыптырмын. Көрсө, кайдагы бир келесоону Прындин деп ойлопмун!

— Коюңузчу, бай болгур, ушундай кантип болсун! — деди артист аял нааразы болуп. —  Ушунчалык да наадан болосузбу!?

— Ой, мен сизге айттым го!- деди антрипренер, – Жанагы неме Прындин болуп калганда, берген убадаңды аткар!-деп талап кылсаңыз болор эле, анан ата-бабам тааныбаган  кайдагы бирөө үчүн эле… Сиз туура түшүнүңүз, балким, ал жөн гана өтүкчү же кийим тигүүчү болсо деле төлөй беремби? Жо-ок, мен ак жүрөк адаммын, эжекеси… Түшүнүп турам… Ооба, эгерде ал-деп бир-эки кадам нары басты да, колун нары-бери булгалап: – Прындин болсо, бир жөн. Анан эле кайдагы бир быштайган бирөө үчүн… Же анысы Прындин болсочу-деп сүйлөнүп жатты.

КЫРСЫК

Шаардык банктын директорун, бухгалтери менен эки жардамчысын жана эки мүчөсүн ойдо жок жерден түндөсү келип түрмөгө айдап кетишкендин эртеси эле банктын ревизиялык комиссиясынын мүчөсү, соода-сатык кыла коюп жүрчү Авдеев деген көпөс өз жолдоштору менен отуруп мындай деди:

  • Кудайдын буйругу болбой кумурсканын буту сынбайт деген. Жазмыштын буйругунан качып кайда бармаксың? Мына, биз азыр мында икра чайнап, арак ичип отурганыбыз менен эртең эле шорубуз шорподой кайнап, абакта отуруп калышыбыз мүмкүн, балким ким билет, ажал жетсе өлүп калуу дагы ажеп эмес. Ооба, бардыгы болуп кетүүсү мүмкүн. Тиги Пётр Семенычты эле алып көрөлү…

Ал кызып калгандыктан көздөрүн бирде бакырайтып, бирде жүлжүйтүп бакылдап сүйлөп жатты. Чогуу отургандар лам деп ооз ачпай кези келе калганда алдындагы арактан алып, артынан икра сугунган болушат да, айтылган кепке кулак салышат. Пётр Семенычтын кантип бат эле байкуш болуп калганын маашыркана сүрөттөп келип, Авдеев үшкүргөн болду да:

  • Сооп гана болот, бул уят-сыйыт дегенди билбеген жүзүкараларга!-деди. Иттин гана балдары, элди ырыскысын талап-тоноп, кудай салбасын, канга салам бербей калышты эле. Эми көздөрүн жылтыратып отурушсун абакта. Колуң менен жасаганды мойнун менен тарт деген ушул.
  • Койсоңчу, Иван Данилыч, кудай сактасын, бирок өзүң айткандай эртең эмне болоорун ким билет? Ошол эле полиция сага келсе кантмексиң?
  • Магабы, мага эмне үчүн келиши керек?
  • Тигилер тоноп, ал эми ревизиялык комиссия оозун ачып отурганы үчүн деле келүүсү ыктымал. Кана чыныңды айтчы, отчётторго сен кол койдуң беле?
  • Ой тоб-бо, бир көзүң бир көзүңө душман деген ушул. Койсо, койгондурмун, анын эмнеси бар экен?!-деди Авдеев таңыркай карап. Отчётторун көтөрүп алып, дүкөнгө келишсе кантип кол койбойсуң? Анүстүнө, мен эмне алардын отчётторун түшүнүп коюптурмунбу. Түзүп алып келишет, мен кол коём… Мына сен азыр мени бирөөнү бычактап салды деп жазып келсең, колумду ойлонбостон коюп берем. Териштирип отурмак белем. Анан калса, мен көз айнеги жок баары бир көрбөйм.

Банк ишинин ойрондошу жана Пётр Семенычтын тагдыры тууралуу кеп кылышкан соң Авдеев жана анын жолдоштору ошол күнү аялынын туулган күнүн белгилеп жаткан дагы бир таанышыныкын көздөй бет алышты. Конокто отурганда дагы алар жалаң гана банктын иши тууралуу кеп кылышты. Авдеев болсо, айрыкча күйүп-бышып, банктагы шойкомдуу иш тууралуу эки-үч жылдан бери эле сезип жүргөндүгүн, ал тургай андагы мыйзамга каршы келүүчү ондогон операцияларга күбө болгондугун айтты.

  • Билчүмүн дейсиз-деди туулган күндө чогуу отурган бир офицер, Авдеевге, -көрүп-билип отуруп, эмне үчүн тиешелүү жерлерге кабарлаган жок элеңиз?
  • Ооба, билчүмүн. Бир мен эмес бүтүндөй шаар тургундары билишчү… – деди да, Авдеев жылмайган болду. – Анан калса, ар кайсы эшикти каккылап, сотто жүргөндөй убактым да жок. Э-э, эми аны бир айтасың, эки айтасың…

Конокто отуруп курсагың кампайткан соң, ал бир аз эс алып алып, адатта, кайсы бир салтанаттуу күн алдында өтүүчү чокунуу аземине катышуу үчүн чиркөөнү көздөй бет алды. Аземде өзүнүн старосталык милдетин аткаргандан кийин кайтып туулган күнгө келди да, бир далайга чейин карта ойноду.

Ошентип Авдеев үйүнө түн бир оокумда кайтты. Эшикти ачкан ашмачы катын өң-алеттен кетип, калтырап-титиреп жарытылуу бир сөз айта албаганы аз келгенсип, бардар заманды башынан кечирип жаткан эткээл байбичеси Елизавета Трофимовна чачын жайып коюп, залдагы диванда отурган экен. Бүтүндөй тулку бою титиреп, мас немеден беш бетер көздөрү алаңдайт. Жанында гимназияда билим алып жаткан уулу Василий. Колуна суу куюлган стакан кармап алган жана  үрпөңдөп бир нерседен кооптонгондой түрү бар.

-Силерге эмне болду?-деди да, Авдеев кабагын чытып очок жакты тиктеди (көпчүлүк учурларда очоктон ис чыгып, үй-бүлөсү ууланып кала жаздаган күндөр болгон).

– Бир аз мурда эле үйгө тергөөчү менен полиция келип кетти… – деди Василий. – Үйдү түп көтөрө тинтишти.

Авдеев бөлмө ичине көз чаптырды – шкаф, стол, комоддор ордуларынан жылып, чыны менен тинтүү болгондугун ырастагандай. Мына ушундан соң ал дендароо болгон немедей көз ирмемчелик убакыт бир ордунан козголгон жок. Бир аздан кийин өпкө-жүрөгү куурушуп, деми кыстыга түштү да, сол буту сенек тартып, сыздап, ал эми тулку боюн калтырак басып баштагандыктан диванга көмкөрөсүнөн жата кетти; ичеги-карыны астын-үстүн болуп оодарылып, сол бутунун калтырагы басылбай дивандын кырына тийип жаткандыгы кулагына даана угулуп турду.

Мына ушул эки-үч мүнөт ичинде ал өткөн-кеткендердин бардыгын көз алдынан чубуртту, бирок буга чейинки кылган иштеринен соттун назарын бургудай кыйкым таппады…

  • Мунун бардыгы болбогон кеп, сандырактык… – деди ал ордунан туруп жатып. – Демек, жалаа жабышкан окшобойбу. Эртең барып, арыз жазуу керек, бул эмне деген…

Түнү кирпик какпай таң атырган Авдеев эртеси эртең менен адаттагысындай эле өз дүкөнүн көздөй жөнөдү. Өткөн түнү прокурор өз буйругу менен директордун дагы бир жолдошун жана банктын иш кагаздарын жүргүзүүчүсүн түрмөгө камагандыгын өз кардарларынан укту. Жалаа жабылгандыгына жана арыз жаза турган болсо, кечээки тинтүү иштери үчүн тергөөчү сөзсүз бирди көрөрүнө терең ишенип алган Авдеевди бул маалымат көп деле түйшөлткөн жок.

Саат ондор чамасында ал шаардык управада иштеген жана ал жерде жападан жалгыз билимдүү деп саналган катчыга келди да: – Владимир Степаныч, түшүнсөм буюрбасын-деп баштады Авдеев беркинин кулагына жакын ийилип. – Уурдаса – эл уурдады, ал эми менин ага кандай тиешем бар? Деги муну кандай түшүнсө болот? Билсеңиз, -деди ал шыбырай, – түндө менин үйүмө тинтүү жүргүзүлүптүр! Ой, тоб-бо, мындайды ким көргөн. Бийлик деген такыр эле акылынан айнып калган го дейм? Менде не жазык?

  • Сенин айыбың – дөөпөрөстүгүң. Алдыңа алып келген кагаздын бардыгына эле кол коё бересиңби-деди катчы кебелбей.
  • Койбогондо эмне карап отурат белем? Анүстүнө мен андай отчётторго өмүрү түшүнүп көргөн жан эмесмин! Алып келишкендерине кол коюп берчүм. Болгону ошол.
  • Тигини-тигини-деди катчы мыйыгынан жылмайып. Демек комиссия күнөөлүү, ал эми сиз сүттөн ак экенсиз да. Андай экен эч кандай жүйөөсү жок туруп эле банктан эмне үчүн 19 миң алдыңыз эле?
  • Мына кызык!-деди Авдеев таңыркай. Мен жалгыз карыз бекем? Билсеңиз бүтүндөй шаар карыз! Мен деген процент төлөйм жана карызды жүрө-жүрө кайтарам. Кудайды карасаңыз боло! Баса, мен ал акчаны сурап алган эмесмин. Аны мага ой-боюма койбой жатып Петр Семеныч карматкан. Ооба, дал ошол киши карматкан. Ме, берип жатканда ала бер. Албаганың – бул бизге ишенбегениң. Андан көрө ал дагы атаңа тегирмен куруп бер!- дегенинен алгам.
  • Мына, көрдүңүзбү: минтип бир гана дөөпөрөстөр ой жүгүртөт. Болоору болду – боёосу канды дегендей, урматтуум, сиз эми ашыкча эле толкундана бербеңиз. Сот болбойт деп айтуу – бүгүн күн батпайт дегенге барабар. Ооба, дал ошондой. Сот сөзсүз болот, бирок ким билет, балким сизди актап жиберишээр…

Катчынын көңүл коштугу менен ынанымдуу айткандарынан улам Авдеев кадыресе шердене түшкөндөй болду. Мына ушундан соң ал дүкөнүнө кайтып келип, адаттагысындай эле ал жердеги жоро-жолдоштору менен кайрадан арак ичип, артынан икра сугунуп, ар нерселер тууралуу кобурап, ар тургай жашоонун күнгөй-тескейлери тууралуу айтып, отургандарга акыл үйрөтүп жатты. Үйүндөгү тинтүү иштери дагы эсинен чыгып кетти, бирок канчалык көңүл бурбай коёюн дегенине карабай бир нерсе анын тынчын алды: сол буту какшап ооруп, эмнегедир ичкен-жегени сиңбей ашказаны дыңкыйып көөп чыкты.

Ошол эле күнү кечинде тагдыр Авдеевге дагы бир мертебе сокку урду: Думанын шашылыш жыйынында бардык банк кызматкерлери менен бирге Авдеев дагы тергөөдө тургандыктарына байланыштуу шайланма мүчөлөрдүн тизмесинен чыгарылышты. Ал эми эртеси эртең менен ага чиркөөлүк староста кызматын шашылыш түрдө өткөрүп берүү тууралуу кагаз келди.

Мына ушундан соң Авдеев тагдыр тарабынан камдалган соккуга күн сайын туш болуп жатты. Айтор, күн сайын кандайдыр бир күтүүсүз кырдаалдар жаралып, ар бир аткан таң эми ал үчүн өзүнчө эле бир сыноо болду. Ушундай күндөрдүн биринде тергөөчү ага чакыруу кагазын жөнөтүп жибериптир. Тергөөчүдөн ал кызарып-татарып, ызаа болуп кайтты.

  • Эмне үчүн кол койдуң эле?-деп ачкенедей жармашат тим эле. Койсо эмне экен. Мен эмне ушинтип кор болоюн деп атайы коюптурмунбу. Дүкөнгө алып келишчү, алып келсең келе деп кол коюп берчүмүн. Анын эмнеси бар экен? Мен же бир тыңгылыктуу окуганды билбесем.

Күндөрдүн биринде өңдөрү кумсарыңкы тарткан жана эзели күлүп көрбөгөн сыяктанган төрт-беш адам келип дүкөндү жаап, эшигине өз мөөрлөрүн басышты да, үйдөгү эмеректердин бардыгын бирден жазып, кол койдуруп алып көздөн кайым болушту. Алардын бул кылыгы аны ого бетер ызалантты. Өз күнөөсүн сезбестен Авдеев эми арыздануу үчүн бийлик өкүлдөрүнүн эшигин кайтарып, оңтойу келе калса озондой ыйлай кечирим сурап, андай болбогон күнү кимдир бирөөлөрдү каргап-шилеп, дагы кимге барып арыз-арманын, ак экенин айтып даттанаарды билбей айласы кетти. Ал эми прокурор менен тергөөчү болсо сүйлөшүп алышкансып: – Качан чакыруу барган учурда келиңиз. Азыр болсо сизди угуп отурууга убакыт жок-деп бироздон кайталашса, башкалары: – Бул биздин иш эмес-деп алакан жайышат.

Авдеев үчүн эң эле билимдүү көрүнгөн катчы ага балким жардам бермек, бирок ал дагы ийнин куушуруп мындай деди: Не кыл дейсиз, баарына өзүңүз күнөөлүүсүз. Дөөпөрөс болбош керек болчу…

Авдеев колдон келген аракеттин бардыгын жасагандай болду. Бирок майнап чыкпады. Буту болсо баштагысындай эле сыздап ооруп, ашказаны күн өткөн сайын начарлай берди. Күнү кечке сандалып нары-бери басып жүрүүдөн биротоло тажап, анан калса акчасы калбай бара жаткандыктан үй-бүлөсүнүн артынан атасыныкына, андан калса бир тууганыныкына барып ун сатууну ойлонгон менен шаардан чыгып кетүүгө  уруксат беришкен жок.

Күн артынан күндөр чууруп өтүп жатты. Үй-бүлөсү, жумушу, акчасы жок мурдагы староста жана бир кездеги кадыр-барктуу адам күнү кечке тели-теңтуштары отурган күркөлөрдү кыдырып, арак ичип, ар кандай кеңештерге кулак салат. Эртең менен кечинде эптеп убакытты өткөрүү үчүн чиркөөгө барат да, чокунганды унутуп коюп, кудайдын сөлөкөтү түшүрүлгөн элести чай кайнам убакыт тиктеп ар нерселерди ойлонот. Ойлоп көрсө эч кандай кылмыш кылбаптыр, мунун бардыгы кимдир бирөөлөрдүн кетирип жаткан одоно катачылыгы; ооба, чынында эле мунун өзү тергөөчү менен тиги чочоңдогон аткаминерлердин жаштыгынын жана тажрыйбасынын аздыгынан улам болуп жатат; жаш курагы өйдөлөп калган кайсы бир судья аны менен маңдай-тескей отуруп алып шашпай сүйлөшкөнүндө бардыгы орду-ордуна келмек. Азыр болсо кандай? Соттор аны түшүнбөйт, же ал сотторду түшүнбөйт…

Ошентип, баш-аягы жок, тажатма тергөө иштери соңуна чыгып, сот мезгили дагы келип жетти. Авдеев зайымга 50 рубль алды да бутуна сүйкөө үчүн спирт жана ашказанынын оорусун басуу үчүн чөп-чар менен камсыз болуп алып сот палатасына баруу үчүн шаарга жөнөдү.

Сот бир жарым жумага созулду. Сот болуп жаткан учурларда Авдеев салабаттуу жана ак жеринен эле жабыркаган адам катары өзүн татыктуу алып отурганга аракеттенди. Өзү сыяктуу эле болбогон жерден жабыр тарткандардын арасында отуруп, сот процессине кулак түргөн менен мээсине эч нерсе кирген жок. Кабагын карыш салып, аны жөн эле сотто кармап отурушкандарына, майсыздандырылган тамакты эч жерде сатпай тургандыгына, коргоочусу аны түшүнүп-түшүнө бербей кайдагы бир сөздөрдү айттырып жаткандыгына кыжыры келди. Анын ою боюнча мына бул отурган соттор туура эмес соттоп жатышты. Авдеевдин бар экендигин таптакыр эле эстеринен чыгарып жиберишкенсип, эки-үч күндө бир гана суроо узатышат. Берилген суроолорго ал тарабынан узатылган жооп, сот залында отургандардын күлкүсүн келтирет. Анан дагы өзүнүн куру бекер убара болуп сандалып жүргөнүн, сот чыгымдарын өндүрөөрүн айтып баштаганда коргоочу бурула калып түшүнүксүз түрдө бир нерсе тууралуу жандайт. Буга залда отургандар кыраан-каткы күлөт, ал эми соттун төрагасы мунун каралып жаткан ишке эч кандай тиешеси жок экендиги тууралуу эскертет. Ошентип, Авдеев өзүнүн акыркы айтар сөзүндө коргоочу үйрөткөндү эмес, отургандардын дагы бир ирет боорун эзген башка нерсе тууралуу айтты.

Ошол кооптуу сааттарда, сот арачылары өз бөлмөсүнө бекинип алып соттун өкүмү тууралуу акылдашып жатканда ал кабагын карыш салып буфетте отурду жана эмне максат менен алардын мынчалык узак убакыт акылдашып жаткандарына, деги эле аны эмне үчүн мынчалык кыйнап жаткандарына түшүнгөн жок.

Курсагы ачып кеткендиктен арзан жана май кошулбаган бир нерсе берүү өтүнүчү боюнча кырк тыйынга буфет кызматчысы тарабынан сунушталган сабиз кошулган муздак балыкты жээр замат ашказаны дүкүйүп, буралып ооруп баштады да, көкүрөгү өйдө кыжылдап, зарына башталды.

Чай кайнам убакыттан кийин старшина суроолуу маселелерди окуп баштады. Негедир Авдеевдин ич оорусу басылмак түгүл күчөп, ичеги карды болуп көрбөгөндөй түйүлүп, тулку боюн муздак тер басканы аз келгенсип, сол буту сыздап чыкты; старшинанын айткандары кулагына кирген жок жана эмне үчүн аны отуруп же жатып алып эмес, тикесинен тик туруп алып угуу керектигине түшүнө бербей, кыжырданды. Старшина суроолорду окуп бүтөөрү менен ага жана анын жанындагыларга отурууга уруксат берилди. Сот палатасынын прокурору ордунан туруп, түшүнүксүз бир нерсе айткан соң, жердин жаракасынан чыга калышкансып, кайдандыр-жайдандыр кыны жок кылыч байланган жандармдар пайда боло калды да, күнөөлүүлөрдү тегерете курчап калышты. Авдеев буйрук боюнча ордунан туруп, эшикти көздөй кадам таштап, эми гана аны күнөөлүү деп табышкандыгын жана кайтарууга алгандыгын түшүндү, бирок бул чечимге ал таң калган жок; курсагы курулдап, ичеги кардында кандайдыр бир түшүнүксүз нерсе болуп жаткандыктан ага эми баары бир эле.

  • Бизди эми өз бөлмөлөрүбүзгө коё бербейби?–деп сурады ал жанында кетип бара жаткан адамдан. – Бөлмөдө менин үч рубль акча каражатым менен чети оюла элек чайым калды…
  • Ал кайсы бир менчик үйдө таң атырды. Түнү бою жеген балыгына жүрөгү айланып чыкканы аз келгенсип, бөлмөсүндө калган үч рубль акчасы менен али да болсо оозу ачыла элек чайы эсинен чыкпай койду. Таң азандан аны куралчан эки жоокер келип, кийинип сыртка чыгуусун буюрушту да, түрмөнү көздөй айдап жөнөштү. Эч качан мына бул шаардын көчөлөрү ага мынчалык узун сезилген эмес. Ал негедир тротуар менен эмес, жолдун ортосуна түшүп алып, баткак менен жуурулуша түшкөн карды кечип бара жатты. Балык жебей эле балээ жегем го!-деп ойлоду, дагы деле болсо астын-үстүн болуп аралашып жаткан ашказанын тыңшай берип. Анысы аз келгенсип дагы деле болсо сол бутунун сыздап ооруганы басыла элек экен; өтүгүнөн суу өтүп буттары үшүп чыкты. Бирок бутундагы гөлөчүнүн сот же кечээ түнү түнөп калган үйүндө калганын эстей албай койду.

Беш күндөн кийин күнөөлүүлөрдүн бардыгын кайрадан сот өкүмүн угузуу үчүн айдап келишти. Авдеев Тобольск губерниясына сүргүнгө айдалганын билди. Бирок, ага негедир сот иши дале болсо аягына чыга электей, бул чечим дагы да болсо өзгөрө тургандай сезилди… Ал түрмөдө жатып, ар бир күндү мына ушул үмүт менен тосуп алып жатты.

Жарым жыл өткөн соң коштошуу үчүн келген аялы менен уулу Василийди көрүп, ушул азыр жыртык чапан кийип алдында турган арык кемпир өзүнүн качандыр бир мезгилдеги бетинен бит тайган өмүрлүк жары Елизавета Трофимовна экендигин араң-араң таанып, ал эми гимназия кителинин ордуна жеңи чолок, түлөгөн таар чапан кийген уулун көргөндө тагдыры биротоло талкалангандыгын, мындан башка эч кандай жаңы «чечим» болбой тургандыгын, болгон күндө деле качандыр бир мезгилдердеги кадыр-баркы кайтып келбей тургандыгын түшүндү. Түшүнөөр замат сот өкүлдөрүнө болгон ачуусу биротоло тарап кеткендей болду да, биринчи жолу бүк түшүп отуруп алып, ботодой боздоп ыйлады.

МЫЙЗАМСЫЗДЫК

Колледждик асессор Мигуев кеч курун сейилдемекке көчө бойлой басып келе жатып телеграфтык мамынын жанына токтоп, терең үшкүргөн болду. Бир апта мурда ал кечки сейилдөөдөн үйүн көздөй кайтып келе жатып, дал мына ушул жерге келгенинде артынан мурдагы үй кызматчысы Агния жете келип, сөөмөйүн кезей мындай деген:

  • Сениби, сени шашпа! Кудай албаган аңги десе! Бейкүнөө кыздардын көз жашын төккөн кандай болоорун мен сага жакында көрсөтөм. Эшигиңдин алдына бала таштап кетем, сотко чейин жетем, керек болсо, катыныңа дагы айтам…

Ошентип Агния түз эле банкка алыш-бериш эсебин ачтырып, өз атына 5 миң рубль салуусун талап эткен. Мигуев мына ушуну эстээр замат дагы бир ирет үшкүрүп алды да, болор-болбос убакытка созулган көңүл ачууга азгырылып, кайдагы бир балээге кабылгандыгын ойлоп, өзүн-өзү жемелеп алды.

Саат туура тогуз болгондо ал дачасына жетип, демин токтотуп бир аз отура туруу максатында кире бериштеги тепкичке көчүк басты да, көктөгү булуттардын арасынан бирде көрүнүп, бирдей көрүнбөй калып жаткан айды кош көңүл карап койду. Өзүнөн башка кыбыр эткен жан көрүнбөйт: кары-картаңдар эс алмакка эбак эле жатып алган болсо, жаштар оюн курмакка өзөн жээгине кетишкен. Бир пастан кийин ал тамеки күйгүзмөккө чөнтөктөрүн аңтарып-теңтерип жатып, чыканагы жумшак бир нерсеге уруна түшкөнүнөн улам оң жагын бурулуп карап, жылан көргөндөй селт этип чоочуп кетти. Босогодо кандайдыр бир түйүнчөк жатты. Жакшылап карап көрсө сүйрү бир нерсе оролуп коюлгандай. Түйүнчөктүн ачык турган учуна асессор колун салып көрүп, ошол замат колго түшүп, анан эптеп качып кутулууну көздөгөн кылмышкер сыяктуу секирип туруп, жан-жагын элеңдей карады да: – Иттики десе, акыр таштаган экен!-деп жиберди. – Мына сага… мына мыйзамсыздык деген! Эр болсоң эми бир нерсе деп көр!

Капысынан боло калган бул окуяга ал кандай айла табаарын билбей дал болду. Бир эле учурда жети өмүрү жерге кирип уялып, бир эле мезгилде жаалы бетине чыгып, туталанып кетти… Эми эмне кылат? Аялы укса эмне дейт? Чогуу иштешкендерчи? Ал эми начальнигичи? Начальниги аны курсак тушка эркелете чапкылап, мурдун чүйрүп, мыйыгынан жылмаят да, «Куттуктайм… Хе-хе-хе… Эрди кудай ураарда элүүсүндө жаш болот!»-деген ушул… Азаматсың, Семен Эрастович! Сенден көп нерсени күтүүгө болот –дейт. Айтса, айтпаса төгүнбү? Дал ошондой болот. Эртең эле бүтүндөй айыл уу-дуу болот, айыл эмне болуптур, бүтүндөй Россияга аңыз кеп тарайт эмеспи. Азыр таштанды балдар туурасында ар бир гезит жазат. Ошентип, Мигуевдин эл караган бети – жер карайт…

Үйдүн ортоңку терезеси ачык болгондуктан ичкериде Мигуевдин аялы Анна Филиповна столго идиш-аяктарды коюп, адаттагысындай эле кечки тамакка даярдык көрүп жаткандыгы даана угулуп жатты; ал эми короочу Ермолай балалайкасында кол ойнотуп, бир нерсе туурасында кыңылдап ырдамыш этет… Мына, ушул азыр ымыркай ойгонуп кетип, «ы-ң-аа» деп үн катты дегиче иштин бүткөнү. Муну ойлоору менен Мигуев карбаластай түштү да: – Тезирээк, тезирээк… – деп өзүнчө сүйлөнүп жатты. – Эч ким көрө электе башка бир үйдүн короосуна таштоо керек…

Мигуев түйүнчөктү бир колуна алды, ууру мышыкчасынан жыла басып, көчөгө чыкты…

«Ой тобо, ушундай да болот экен ээ?! – Колледждик асессордун колуна бала көтөрүп бара жатканын ким көрүптүр? Дагы жакшы, көчөдө эч ким жок. Кудай уруп, бирөө жарым көрдү дегиче, иштин бүткөнү… Кой, тезинен мына бул короого таштайын-деп ойлоду да, ошол замат эки анжы боло түштү. –Жок, коё тур, бул үйдүн терезелери ачык экен, балким кимдир-бирөө көз салып тургандыр. Кайда алып барып таштасам экен? А баса, көпөс Мелкиндин дачасына таштайын… Көпөстөр бай жана боорукер эл болот эмеспи; балким, асырап алышаар да, кудайга миң мертебе рахмат айтышаар?».

Ошентип, көпөстүн дачасы четки көчөдө экендигине, ал тургай өзөндүн боюнда экендигине карабай Мигуев баланы сөзсүз түрдө Мелкиндин короосуна таштамай болду.

«Болду, чечилди. Мелкиндин короосуна таштайм. Жеткиче бакырып ыйлап жибербесе эле болду. Чын-чынына келгенде бул деле тирүү адам да. Мен болсо, бул байкушту баштыктай кылып колтугума кысып алып… Болуптур, – деди ал ичинен, Мелкиндер багып алсын дейли. Жылдар өтүп, баладан белгилүү бир, айталы, профессор, кол башчы, же жазуучу чыкса…». «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет»-демекчи, мына минтип, керектен чыккан буюмдай кылып, колтугуңа кысып алып бирөөнүн короосуна таштап, анан 30-40 жылдан кийин, –  «Улуу урматтуум!»-деп алдында башың жерге тийгенче ийилип, көшөкөрлөнүп турсаң…».

Мигуев дубал бойлой, теректери дүкүйгөн тар көчөгө жеткенде өзүн кандайдыр бир кечирилгис, оор кылмышка бара жаткандай оңтойсуз сезди да, – «Айтса-айтпаса төгүнбү, чыны менен эле бул барып турган наадандык эмей эмне?!»-деп ойлоду. Ооба, мындан өткөн наадандык жок болуу керек… Эмне үчүн бул ымыркайды бир короодон экинчи бир короого алып барып таштоо керек? Күнөөсү кайсы? Акмакпыз да, акмак… Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп… Болуптур, мен муну Мелкиндикине алып барып таштайын. Мелкин бала кылып багып алса бир жөн. Агерим, балдар үйүнө алып барып таштаса, кандай болот? Ал жерде бардыгы чоочун, бардыгы жат… Чекеден сылаган киши жок… Чоңойгондо ашып кетсе өтүкчү болот…  аракка берилип, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Ачкалыктын азабын тартат дегендей… Өтүкчү болчу балабы эмне? Бул деген колледждик асессордун баласы, ата-теги бекер кишилер эмес… Анан калса, түздөн-түз менин тукумум…»

Мигуев дарактардын көлөкөсүнөн айдын нуру төгүлгөн жолго чыкты да, түйүнчөктү чечип, ымыркайга тигилди: – Уктап жатат-деди үнүн акырын чыгарып. – Тигини-тигини… Мурду коңкоюп, кудум эле атасынын мурдундай тура… Атасы элжиреп тиктеп турганын туйбай уктап жатканын кара… Мм… Кечирип кой, садага… Бу турмушуң түшкүр, өзүнчө эле драма окшобойбу… Ким билиптир… Андыктан кечир, демек маңдайыңа ушундай жазылса керек…

Колледждик ассесор көзүн ирмеп жиберип, жаагы ылдый бир нерсе жылмышып бара жатканын баамдады… Колундагы ымыркай баланы кымтылап жаап, кайрадан колтугуна кысып, жолун улантты. Мелкиндин дачасына бараткан жолдо башына ар кандай социалдык суроолор келди. Адамдык ариети ойгонуп, ар-намысы бетин чымыратып жатты.

«Эгерде менде адамдык сапат болгондо,-деп ойлоду ал, – эл эмне дейт?-деп элеңдебей, мына бул ымыркайды көтөрүп алып түз эле Анна Филиповнага бармакмын да, чөк түшүп тизелеп отуруп алып: «Кечир, бай болгур! Иттик менден кетти! Эмне кылсаң ошо кыл, кааласаң үйдөн кууп чык, бирок мына бу ымыркайды көчөгө таштап салганыбыз болбос. Кудай бизге баладан айткан жок; баланы асырап алалы!»-демекмин. Канча кылган менен ак көңүл неме каршы болмок эмес… Ошентип өз балам өзүмдө калмак… Эх!»

Ал Мелкиндин дачасына жеткенде токтоп калды… Залда гезит окуп отурганын, мурду кырдач наристе бала халатынын өңүрүн тарткылап ойноп жаткандыгын элестетти; ошол эле учурда көз алдына мыйыгынан жылмайып бири-бирин сырдуу тиктешкен кызматташтары менен, мурдун чүйрүп, курсакка чапкылап жаткан улуу урматтуусунун элеси тартылды. Бирок, мына ушул оңтойсуз абалда калуу коркунучуна каршы жүрөгүндө кандайдыр бир башкача, аялуу сезим ойгонуп кеткендей болду…

Колледждик асессор ымыркай баланы этияттык менен террассанын тепкичине койду да, колун шилтеди. Дал ушул учурда жаагы ылдый кайрадан бир нерсе жылып бара жаткандай болду…

  • Кечир, тууган, кечирип кой мендей нааданды! – деди ал күңкүлдөп. – Не кыл дейсиң. Башка ылаажы жок!

Ал артын көздөй бурулуп, бир кадам алга таштады да, бирок кандайдыр бир чечкиндүүлүк менен мындай деди: – Э, эл эмне десе, ошо десин! Дебей жүрдү беле?! Баланы таштаганым жарабас!

Мигуев кайра артына кайрылып баланы колуна алды да, үйүн көздөй ашыгып жөнөдү.

«Ооба, эмне десе, ошо дешсин!-деп ойлоду ал. – Азыр үйгө барам да, мындай дейм: «Анна Филипповна!». Канткен менен ак көңүл эмеспи, түшүнөт… Анан асырап алабыз… Эркек болсо, атын – Владимир, кыз болсо Анна деп коёбуз. Карыганда эрмек болот…».

Ошентип, ал оюндагыдай кылды. Бышактап ыйлап, бирде уялып, бирде коркуп, бирде күтүлбөгөн жерден эле боло калган кубанычтуу нерсеге маңдайы жарыла сүйүнүп жүрүп отуруп, түз эле аялынын алдына келип, тизелеп чөк түшүп отура калып, баланы жерге койду да, мындай деди:- Анна Филипповна!-деди бышактай. Баш кесмек бар, тил кесмек жок… Бул менин балам… Баягы Агнюшка эсиңдеби, эмесе ошол. Шайтан сайып… Мына ушундан соң кызарып-татарып, аялынын жообун дагы күтүп отурбастан ордунан ыргып тура калды да, эшикке атып чыкты…

«Өзүнө келгичекти мында тура турганым оң, -деп ойлоду ал. – Акыл калчап, эмне болуп кеткендигин жакшылап аңдап алсын…»

Дал ушул маалда короочу Ермолай колуна балалайкасын кармаган тейде жанынан өтүп бара жатып, аны бир карап алып, ийиндерин куушуруп койду… Бир мүнөттөн кийин ал кайра артына бара жатып, кайрадан ийиндерин куушуруп:- Мына кызык,-деди да күлгөн болду. Азыр эле, Семен Эрастыч, мында кир жуугуч Аксинья келип, келесоо-десе, баласын көчөдөгү тиги тосмонун тепкичине жаткыра калган экен. Мында кирип, мени менен аркы-беркини божурашып чыкканча алдыраарда жаздыраар болуп, кимдир бирөө баланы көтөрө качкан окшобойбу… Ой тобо, ушундай да болот экен ээ!

– Эмне? Эмне деп дөөрүп жатасың?-деп кыйкырып жиберди Мигуев.

Кожоюнунун каарын башкача түшүнгөн Ермолай кежигесин кашып алып, үшкүргөн болду да, мындай деди: – Кечирип коюңуз, Семен Эрастыч, – тиги… жанагы немесиз… катынсыз дегеним, кыйын экен… түшүнөсүз да…

Кожоюнун аны таң кала тиктеп калганын, анан дагы жаалы жаагына чыгып жаткандыгын байкаган ал бүшүркөй түштү да мындай деп сөзүн улантты:

  • Билип жатам, бул деген чоң күнөө, бирок айла канча… Сиздин башка катындарды короого киргизбе дегениңизге карабай… Өзүбүздүкү жок болсо не кылмакпыз. Мурда Агнюшка жашап жүргөндө башкаларды киргизчү эмес, себеби ал бөтөн эмес өз эле, ал эми ал кеткенден кийин… чоочун катындарсыз айла куруп калчудай… Агнюшка мындайга жол бербей турган, себеби…
  • Бас жаагыңды, акмак!-деп кыйкырып жиберди да, Мигуев шашып-бушуп бөлмөнү көздөй жөнөдү.

Анна Филипповна адепки отурган ордунда көз жашын көлдөтүп, алдында жаткан балага бир эсе таңыркай, бир эсе жинденип карап отурган экен…

– Болду эми, болду… –деди Мигуев жылмайган болуп. Мен тамашалап койдум… Бул меники эмес, бул, тиги… кир жуучу катын Аксинянын баласы. Мен… мен жөн гана тамашалайын деп… Тур, андан көрө муну тиги Ермолайга алып чыгып бер.