Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге

Мурза Гапаровдон Кавабатага, Кавабатадан Дзэнге Мурза Гапаровду тамшанып окубаган кыргыз окурманы дегеле жоктур деп ойлойм. Себеби, анын өзгөчө сезимталдык менен сүрөттөгөн турмуш көрүнүштөрү окуган адамдын жан дүйнөсүн башкача бир арууланууга жетелеп, табышмактуу ааламга баш бактырып, гөзөл бир дүйнөнү ачып эс-акылды дендароо кылат. Мындай дендароо эстетикалык таасирдин өзү эмей эмне?.. Ошентип, эстетикалык сыйкырга байланып-багынып калган окурман чын-чынына келгенде, тили бал, дүйнөсү купуя жазуучу Мурза Гапаровдун чыгармаларынын маани-маӊызын, адабияттын тили менен айтканда, көркөм идеясын деле жакшы аӊдап-түшүнө албай калышы мүмкүн. Анын себеби, Гапаровдун түрдүү дүйнөлүк адабияттын бай казынасын казып окуп, алардан өздөштүрчүсүн толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Мурза Гапаровдун Сакы бабасы

Сакы баба, Зардалы жана Айгүл гүлү  Мурза Гапаровдун нойгут уруусунан чыккан түпкү бабасы Сакынын тарыхын изилдейм деген изги максаты, тилекке каршы, ишке ашпай калган экен. Анын сценарийи менен тартылган “Бабалар өрөөнү” аттуу тасмасы ошол Сакы бабасынын атына багышталгандай. Буга тасмадагы баш каарманынын атын Сакы деп атаганы да айгине. Эмесе, биз Мурзакенин жаркын элесине арнап, жазуучу ушунчалык аздектеген Сакы бабасы туурасында, Зардалы туурасында жана керемет гүл Айгүл туурасында азыноолак кепке өтөлү. Кашкардан Зардалыга, Зардалыдан Ноокатка чейин… Мурзакенин түпкү атасы болгон Сакы баба, уламыштарга караганда, жакын тууган-туушкандары менен Кашкардан келип, алгач Ысык-Көл аймагын толугу менен…..

Мурза Гапаров: Жол кырсыгы

Жол кырсыгы Машине жолдон он кадамдай чыгып барып, тумшугу менен кар баскан бийик жарды сүзүп туруп калыптыр. Үстүндөгү карагай торсундардын бирөө кабинанын арткы айнегин көзөп кирип кетиптир. Сыдыктын ыманы уча түштү. «Шоопуру эмне болду экен, бечара?» – деп ойлоду. Бирок шоопурун көрүүгө үлгүрбөдү. Кабинанын ичин эңилип карагыча болбой, өздөрү анын тушунан өтүп кетишти. Сыдык өз шоопурун суроолуу карады. Шоопуру кыркка чыгып калган, өгүз моюн, сүрдүү адам экен. Кебете-кешпирине жараша түнт, орой неме экен. Оштон чыккандан бери Сыдык аны бир нече жолу сөзгө салып, бирок кебине алымсынбай койду. Берген суроолоруна гана толугу менен…..

Мурза Гапаров: Байчечек

Байчечек Телефон шыңгырап атты… Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып, араң ойгонду. Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маал экени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордун гүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да… «Беймаалда телефон чалган ким? Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт…» –Эй, телефон шыңгырап атат, – деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгоно бербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды. –Алло… –Бул Ысаковдун үйүбү? –Ооба. –Ноокат менен сүйлөшөсүз. Ноокат – мунун туулуп, өскөн району эле. Ал жакта анын көп сандаган тууган-уруктары жашайт: атасы, толугу менен…..

Мурза Гапаров: Газала

Газала (аңгеме) Ошондо мен канча жашта болдум экен? Тогуз же сегиз. Жок, тогуз болуу керек. Анткени ошол кышта, сандалда бүлбүлдөгөн жин чырактын жарыгында ийик ийрип олтуруп, кандайдыр бир сөздөн улам таэнемдин: «Сен ушул келе жаткан баарда тогузга чыгасың» дегени жадымда калыптыр. А баар, таэнемдин сөзүнөн кийин бат эле келгендей болгон. Адегенде түндөлөрү тоңуп калуучу, мени мектепке чейин дадил көтөрүп баруучу катуу кар эриген, кийин кеч күздөн бери биздин бакта жашап жүрүшкөн таандар учуп кетишкен, тал боткоктоп, өрүктөр гүлдөгөн, айылдагы иттер өткөн жылдан калган, кыш ичи кар астында жатып көктөп кеткен толугу менен…..

Мурза Гапаров: Кара-көлдүн каздары

Кара-көлдүн каздары Абышка мешке акыркы жолу көмүр салды. Анан түктүү чоң колу менен маңдайынан терин сүртүп, сенделе басып босогого келди. Бактын түбүндөгү электр лампочкалары жарык кылып турган кир алюминий столдордо Оштон жүк тартып келишкен бир топ тааныш шофёрлор, хорогдун өзүнүн үч-төрт кызыл байпакчан жаш бойдоктору, дагы бир кандайдыр бейтааныш, дүйшөмбүлүк тажиктерге окшогон жигит олтуруптур. Шофёрлор бир нерселер жөнүндө кызуу талашышып, жаш Хорогдуктар болбогон жерден караңгы бактын ичин жаңырта күлүп жатышты. Шофёрлор да, бойдоктор да ичип олтурушат. Бейтааныш жигит жалгыз эле. Ал эң четки столдордун биринде олтуруп алып, Хорогду тегерете курчаган толугу менен…..

Мурза Гапаров: Айгүл тоо (аңгеме)

Мурза Гапаров: Айгүл тоо (аңгеме) Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. А өзүнүн түнөгүнө, автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп, саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт, бүгүн эч ким токтобоптур көрсө. Түн ичинде бирөө-жарым бурулуп калышы ыктымал, тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети… Бекеттин эшигинде дайымкыдай эле кулпу жок. Иса аны качырата ачып, ичкери кирди. Үйдүн ичи муздак, караңгы. Ал желкесиндеги сумкасын жерге коюп, көпкө чейин сыйпалап күкүрт издеди. Күкүрт өз ордунан — очоктун боюнан табылбады. Очоктун эки жагындагы толугу менен…..