Эсенгул Ибраев: Калыпка куйчу кыш эмес, чыгарма деген түгөтүң

(Сатиралар, тамсилдер)

Силердин ишиңер

Приказы илинген соң,

Институтка өткөнү билинген соң.

Эшикти шарт ачып,

Мадырайым кирип келди шашып.

Анан

Ата-энесине кайрылды,

Желкесин кашып:

–Институтка болсо өттүм.

Эми-и,

Ачыгы жакшы кептин.

Тойдун камын көргүлө,

Аял алайын деп чечтим!

Апасы атасына карады,

Атасы апасына карады:

–Уулум!

Бизге түшүндүрчү абалы.

Үйлөнүш үчүн

Адегенде байкоо керек чамасын.

Айтчы, балам,

Деги,

Кимди аласың?

Анда уулу күңкүлдөйт,

Жазбай туруп курушун:

–Кимди алуу,

Кимди коюу –

Менин жумушум!

–Аныңа деле мейли,

Үйлөнсөң үйлөн эле дейли.

Колуктуң сени билеби,

Билген күндө да сүйөбү?

–Ушундай сасык суроого

Бышат экен кишинин ичи.

Мени сүйөбү же сүйбөйбү,

Ал анын иши!

Ушул кезде

Атасы аралашты кепке:

–Токто, уулум, токто.

Ал анын иши!

Бул сенин ишиң болсо,

Колуңда пулуң,

Короодо малың жок,

«Мал табууга алың жок».

Акчаны кайдан табасың,

Азыкты неге аласың,

Аялды кантип багасың?

–Кызык да илгерки кишилер.

Мына бул жагы –

Силердин ишиңер!

 

Таң калам

Жакшы жаз дейбиз – ал туура

Жеңилдир минтип айтууга.

Антсе да болбой көч менен

Келатат калбай халтура.

 

Басынтсын кантип ким өзүн,

Баш чайкап кээде күлөсүң.

Калыпка куйчу кыш эмес

Чыгарма деген түгөтүң.

 

Кынаптап эле куюда,

«Кыйшык кыш» кайдан чыгууда?

Даанышман, калыс сынчынын

Даярбыз сынын угууга.

 

Чычалап кайда барабыз,

Чындыкты кантип танабыз?

Жамандык жагын көп издеп,

Жакшысын көрбөй калабыз.

 

Андай жаз, мындай жаз дешке

Ар кимибиз жарайбыз.

Кемчилик жаатын өзгөчө,

Турнабай менен карайбыз.

 

Канкакшап канча айтсак да,

Элекке салып жатсак да,

Халтура деген түгөнгүр

Келатат калбай арт жакта.

 

Жатса да мурдун канатып,

Жалжактап кайра тажатып.

Өтүгүн сүйрөп кээ бирөө,

Төргө өттү төшөк талашып.

 

Ошону «байкай албаган»,

Ошону мактап сайраган,

Халтурщик акынга эмес,

Халтура сынга таң калам!..

 

Айттым да

Тарамыш тытып, көк тилип,

Олтурса өтүк ултарып.

Аштыгын кам ордургансып,

Аргынбай сүйлөйт кумсарып:

 

–Чала чарпып иштептир,

Чарык жип менен тикпептир.

Кездеме турса тирелип,

Тери менен ичтептир.

 

Калыбын ката куюптур,

Кыскасы, көз жумуптур.

Жыйылып турса темири,

Жыгач мык менен уруптур.

 

Таманын жука салыптыр,

Такасын кыйшык кагыптыр.

Өтүк эмес эле бул

Мөкү болуп калыптыр.

 

«Жумурткадан кыр табып»,

Өтүкчүлөргө сын тагып,

Аргынбай сүйлөйт, дүйнөгө

Өрт кеткенсип кумсарып.

 

Олтурган эл Аргындын,

Орозгелдигин сезишти.

Жакшы эле ултарыптыр деп,

Жабыла талап кетишти.

 

Оозуна желди толтуруп,

Сын таккан менен деле көп.

Өмүрү Аргын колуна

Шибеге кармап көрө элек.

 

Тоо томкоруп жатам деп,

Актагым келбейт өзүмү.

Айттым да турса майтыйып,

Сынчынын сыңар өтүгү.

 

Деги кантсек жагабыз

Бириң эне, бириң жар,

О, кымбаттуу зайыптар!

Турмуш супсак силерсиз,

Бирок, бир аз айып бар.

 

Жалган айтсак биз эми,

Кел, калыска түшөлү.

Кийинчерээк биздерге

Чабуулуңар күчөдү.

 

Жеңил баалап алганын,

Жер каратып балдарын.

Көрдүм, бирөө эрине

Кыр көрсөтүп калганын.

 

Колго сумка алабыз,

Базарга биз барабыз.

Оюн-шоокко жиберип,

Бала багып калабыз.

 

Кирди деле жууйбуз,

Үйдү деле жууйбуз.

Таң ашырып тер алган

Аттай эле сууйбуз.

 

Бир бутубуз бакчада,

Бир бутубуз кассада.

Ведемостко кол коюп,

Ээ болбойбуз акчага.

 

Анда деле жакпайбыз,

Мында деле жакпайбыз.

Чатак чыгып кетет деп,

Чаң жугузбай мактайбыз.

 

Жогуңарды табабыз,

Жолдон тосуп алабыз.

Айткылачы ачыгын,

Деги кантсек жагабыз?!

 

Келишелик, кол мына,

Кекеткенди койгула.

Кетсе бизден каталык,

Кечиримдүү болгула.

 

Сөз чынына келсек биз,

Барып турган элпекпиз.

Бирок муну билгиле,

Күнүңөр жок эркексиз.

 

Куяңдын дарысы

Бир жолу,

Куяңдан азап чеккен шордуу,

Врачка келди,

Арыз-арманын

Төкпөй, чачпай айтып берди.

–Айланайын дарыгер!

Айыктыра турган дары бер?

Жатсам турбаймын,

Турсам жатпаймын.

Түн баласын терметип,

Таңды таң атканча кирпик какпаймын.

Кыскасы,

Түгөндү тумтак айлам.

Өзүңө келип олтурам,

Деги,

Тиер бекен пайдаң?

 

–Ылайык келсе сөзүбүз,

Борборду коюп,

Микрорайон жакка көчүңүз.

Жеңил машинаңызды таштаңыз,

Эртели-кеч түртүшүп,

Автобуска түшө баштаңыз.

Ишке келип-кетүү

Кыйын эле болор бир аз.

Деп жооп айтыптыр врач.

Чын эле, жылас!

Алтынчы автобуска түшкөндөрдүн

Куяң болбой тургандыгы ырас…

 

Таң калбаңыз

–Сан жагынан алганда

Калбайсың эч арманда.

Кынуусун таптың,

Китеп дегенди

Көмөч казандай эле жаптың.

Билбейм,

Кандай карашат балдар,

Көбүрөөк пайдаланганын көрөм

Базарда асмай саткан чалдар.

Десе,

Камырап койбой эч бир,

Мадыкең мындай дептир:

–Туура, тууган, туура.

Таң калбай эле кой буга.

Керектүү нерсе

Бардык жерде керек тура.

 

Өзү ооруса

Окубай, жат билген куранды,

Оозунан түшүрбөгөн

Сооп менен убалды.

Кабары катуу оң-солго,

Мадрайым молдо,

Шарыят айтып шыбырап,

Түтүндү түрө кыдырат.

–Пайда жок кылдай догдурдан,

А көрөк

Мазарга сыйын, Бектурган!

А сен, Шалдыр,

Мага дем салдыр,

Эм түшүп калгысы бардыр.

Деп,

Өзгөлөргө дем сала коёт күбүрөп,

Өзү ооруса

Врачка жүгүрөт.

 

Макулсуңбу

Келесиң тирүүмүн деп,

Тирүүлүктүн насибин таткан болуп,

Тирүүлүктүн шарында баскан болуп,

Тепеңдеп таңдан кечке тыным албай,

Бүтпөгөндү бүткөрүп жаткан болуп,

Эшигин күндө жыртып мекеменин

Мекендин жүгүн жонго арткан болуп.

 

Бүктөлбөс костюм шымды кийип алып,

Моюнга галстукту илип алып,

Деле чыйрак

Жүрөсүң чыкчырылып,

Жөө баспай бир көңкөнү минип алып.

Сүйлөйсүң жыйындарда тоту куштай,

Жат болгон цитаттарды илип алып.

 

Айкөлсүп,

Ким бирөөгө акыл айтып,

Ким бирөөгө көзүңдү чакырайтып,

Кеңсеңде олтурасың

Титиреңдеп,

Жыдып бүткөн башыңды тасырайтып.

Тилиң айтып жатканга дилиң көнбөй,

Сени курчап тургандын бирин көрбөй,

Кыйнайсың өзүңдү да,

Өзгөнү да,

Анткени,

Билем – сенде билим көңдөй.

 

Чаңкай түштө түз жолдон адашасың,

Билбей туруп,

Билгенден талашасың.

Эзе берип баягы самыныңды

Эл бүткөндүн баарысын тажатасың.

Күйпүйүп жүдөп бүттүң калакчыдай,

Күн чыгып,

Күн батканча алаксымай,

Куурагыр,

Бул өмүрдөн тапкан ордуң –

Таранчылар тарууга конбосун деп,

Там башына илип койгон каракчыдай.

 

Мансап десе

Сүлүк курттай жабышасың,

Байлык десе

Шилекейиң агызасың.

Жашың да өр таянып барып калды,

Жашоонун шамын качан тамызасың?

Сөңгөктөй катып-сенип көз көрүнө,

Майдалык тартып барат өз көрүнө.

Же өзүң кайылсыңбы,

Макулсуңбу

Өмүрүң кысыр бойдон өткөнүнө?

Кысыр өткөн өмүрдүн ысыгы жок,

Ысыгы жок өмүрдүн кызыгы жок.

 

Мен билмейди

Жалган дебе ушуну,

А-ай турмуштун кызыгы.

Бир жигит бар.

Ишенсең – «Менбилмейди» ысымы.

 

Кошуналар кечки убак

Олтурушат кеп курап.

Кокус ага кайрылсаң,

«Мен билмейди» деп турат.

 

Кана, баатыр, сайра – деп,

Кайра жыйын, кайра кеп.

Ал жок болсо издейбиз

Менбилмейди кайда? – деп.

 

Тойдо, ашта, анан да

Же бир башка абалда

Чогулушсак баш кошуп,

Сөз беребиз аган да.

 

Нелер болбойт турмушта,

Турмуш деген турмуш да.

Тигил үч ооз сөз айтат:

«Мен билмейди киргизча».

 

Баш оорутар ага чын,

Менин жалгыз талашым –

«Менбилмейдиевич» деп,

Каттатабы баласын?

 

Түгөнгүс кенч тил деген,

Сүйлө түркүн тил менен.

Бирок дурус иш эмес

Эне тилин билбеген.

 

Көп аракет жасадык,

Көнбөй жүрүп кашайып,

Кетти ушул кошунам

«Менбилмейди» атанып.

 

Жалган айтасыз

Ашканага кирип,

Аралаштырып койгонун билип.

Ууртап көрүп кымызын,

Алуучу,

Мындай деди тымызын:

–Өңү-түсүнөн өөн табылбас,

Саал жылып калыптыр ээ, карындаш?

Десе,

Тиги челегин сапырып,

Жооп айтат минтип ашыгып:

–Жалган айтасыз, тууган,

Жаңы эле

Муздак суу куйгам.

 

Көлөкөмчө болбодуң

Кезимде баары жайында

Кетпедиң карыш жанымдан.

Каякка барсам жандаган

Канатым элең жайылган.

Чай ичсем бирге иччү элең,

«Волгага» бирге түшчү элең.

Килемиң төшөп жолума

Үзүлө калып күтчү элең.

Жанымдан чыкпай ал күндө

Жакыным элең жан бирге.

Жазыгым – иштен түшкөнүм,

Жамандап жүрсүң ар кимге.

Залакам тийсе таарынба,

Зар болдум сендей «алтынга».

Көрүнбөй кеттиң. Бир гана

Көлөкөм ээрчийт артымда.

Ар кайда кетет ойлорум,

Ар кандай ишке болжодум.

Көп жаша, «досум», кайыр кош,

Көлөкөмчө болбодуң!

 

Адамды барктай албасаң

Сылана басат бир жигит,

Зыңкыйта кийим кийинип,

Балдары жатат үйүндө

Тишинин кирин шимирип.

 

Кайкалай басат бир жигит

Казыкты жутуп алгансып.

Аялы чыкпайт үйүнөн

Барымта болуп баргансып.

 

Кыз-келин көрсө кыйшактайт,

Өрттөнүп сакал-муруту.

Кадыр түн тосот көчөдө,

Калгансып бүтпөй жумушу.

 

Тамаша көрөт анысын,

Тапканын чачып талаага.

Аялга жар да, балага

Атасың сен да, арам-аа!

 

Көргөндө мындай көңдөйдү,

Бөксөрө түшөм бир эли.

Өз жарын сыйлай албаган,

Өзгөнүн баркын билеби?

 

Турмуштун жолу миң кырлуу,

Туш болсоң ага иш кыйын.

Адамды барктай билбесең,

Зыңкыйган мүчөң бир тыйын.

 

Тоңуп турат

Көргөн жерден өзүмдү,

Ала качып көзүңдү,

Бажактамыш болосуң

Бал татытып сөзүңдү.

 

Жылпыштаган көлтөгүм,

Жылуу-жумшак сөздөрүң.

Бирок: – Баары жалган, – деп,

Тоңуп турат көздөрүң.

 

Штат кыскартуу

Токтом кабыл алынып өкмөттө,

Зоопарктын директирине келди көрсөтмө.

Буйрук деген буйрук да,

Мындай деп жазылган буйрукта:

«Чымчыктарга берилчү жемден,

Элүү пайызга чейин кыскартылсын!» делген.

Тоту кушту баш кылып,

Торгойду каш кылып,

Тоңкулдакты көз кылып,

Таркылдакты төш кылып,

Бөдөнө менен Борбашты,

Чөкөтаан менен Карганы,

Үкү жапалак бар дагы…

Тизме узаргандан узарды,

Жүз чымчык штаттан кыскарды.

Кыскасы,

Эсеби табылды,

Жем жеген чымчык кетип,

Эт жей турган

Үч бүркүт штатка алынды.

Үч көппү,

Жүз көппү?

Түкшүмөлдөгөндү коелу.

Бирок,

Бир суроо берсек болобу,

Айтыңызчы урматтуу директир,

Эгиндин баасынан

Эттин баасы канча эсе жогору?.

Кыскасы,

Табылат издесе амалы,

Ушундай биздеги

Штат кыскартуунун абалы.

 

Жыйынтыксыз жыйын

Мүлдө Чычкан тукумдуулар чогулушуп,

Чо-оң короодо жолугушуп,

Курултай ачышты,

Кужулдашып жатышты.

Күн тартибине бир маселе коюлду:

«Кантип коргонуу керек Мышыктан».

Ушул иш болду,

Алардын бүйүрүн кызыткан.

Аңгыча минтип бирөө

Чыга калып кычыктан,

Кызыган кезде жыйналыш:

Чычкан аттуулардын баарында кыйналыш.

Мышыктан кырылып калдык кыйлабыз.

Байыңар бар,

Бакырыңар бар,

Балканыңар бар,

Баатырыңар бар,

Айткыла,

Кандай акылыңар бар?

Айтор, ары кетишти,

Бери кетишти,

Акыры мындай деп чечишти:

–Коргонууга мыкты жол мына,

Коңгуроо тагуу керек

Мышыктын мойнуна!

Шылдырап кыймылдаган сайын,

Угулуп турат дайым.

Ошентип,

Анын келатканын

Алыстан сезебиз,

Култ-култ ийинге кирип кетебиз.

«Бул жакшы акыл» – дешти,

Бир ооздон макул дешти.

Тараганы калганда аз эле,

Пайда болду

Да бир балакеттүү маселе:

 

Көңүл бурбапбыз го ой буга,

Айткылачы,

Ким барып тагат коңгуроону

Мышыктын мойнуна?!

Ушунча Чычкандан,

Болгон жок мен деп чыккан жан.

Кой,

Чычкан тукумунан чыкканча

Мышыктын мойнуна

Коңгуроо тага турган баатыр.

Ушундай токтом кабыл алышты,

Курултайды жабышты.

 

*****

А менин эскертерим элге,

Эч качан натыйжа чыкпайт,

Иш менен сөз дал келбеген жерде.