Гүлзада Станалиева: Кирине

Кирине Медер кечке чейин сайдагы сууга киринип, курсагы аябай ачканын сезгенде гана аргасыз үйгө чамынган эле. Ал үйгө сайдын төтө жолу менен өйдө карай жөнөгөн. Күнгө, сууга, жайдын билинер-билинбес желаргысына териси күйүп, чачтары бозоргон бала ошол жол менен энтигип үйгө жөнөгөн. Эгерде ошондо наркы кашка булактан суу ичкиси келип чоң бадалдын так түбүнөн бурулбаганда, жанагылеки сүт ооз күчүктүн күнү азыр кандай болот эле бир кудай билет. Медер эми гана тизеси менен бөк түшө отура калып, башын  булакка салып суу ичип жаткан учурда, нары топ бадалдын түбүндө күдүң-күдүң деген үндөр менен толугу менен…..