Лао Шэ (Шу Цинчунь): Проза кулакка угулуп, көзгө көрүнүп турганда гана сөз көркүнө чыгат.

КАРА СӨЗ КАРАЖАТТАРЫ Адабий өнөркана Аңгеме, роман сыяктуу баяндама прозада баарынан мурда табигыйлыкка жетишүү шарт. Прозаны поэзия менен шөкөттөө көп учурда көңүлдү төтөп кыла бербейт. Не дегенде, поэтикалык идея да, поэтикалык тил да автор тарабынан табылат, а проза дегенибиз ошол даяр тил байлыгын омоктуу ойго айлантуу. Поэзиядагы айрым учурда акыл-эске сыйбас сөз айкалыштары анын табышмактуу керемет-кемелине айланышы ыктымал. Прозада антүүгө болбойт, аны талап кылбайт дагы. Албетте, аябай эле ашык болуп калсак, романдын ар эпизодун прозадагы ырга айлантууга болот. Арийне, стилди экилентип көркөмдөө – прозачынын негизги милдети эмес, аны көздөп алгандар толугу менен…..

Өмүрбек Дөлөев: Качан чыгат чымчыктардын тилдери?

Мышык -Жолборс, Илбирс кайдан чыккан, – деп сурасаң, – тапчы? – деп. -Ал балдары мышыктын, – деп, Айтылат көп жакшы кеп.   Ушунчалык күчүктөрүн, Мышык карап аябай. Жолборс, Илбирс чоңойгондо, Кетиптир да карабай.   Тууса мышык, үйдүн ээси, көзөмөлдөп турбаса. Жаман жорук баштайт экен, Жан дүйнөсүн чыр баса.   Мышык ыйлап күчүгүн, Өз энесин танганын. “Жолборс, Илбирс болбосун!” – деп, “Жеп коёт” – дейт балдарын.   Турмушта да ата-энесин, Карабаган балдарга. “Мышык болдум” дейт ата-эне, Бир жолуккан жандарга.   Жолборс, Илбирс – таш боор күчүк, Бир карасаң аялуу. Эми алардын толугу менен…..

Керимбек Кадыракунов: Алыс, алыс, алыс жакта айыл бар, Шаңын эстеп тынчым кетер жайым бар.

****** Кирпигимди көтөргүчө үңүлүп, Көздөн кайым тоону көздөй жүгүрүп. Адаштырып кетти ээрчитпей келген жаз, Жашыл көктөм жатып калды түңүлүп.   Жаз жыттанган жашыл көктөм жел өпкөн, үмүт үзбөйт жазым кайра келеттен. Жооп күтүп жол тосууга барчудай, Жоогазындар жайнайт сары желекчен.   Билбейм канча өттү ортодо аралык, Барган сайын муздак желге таранып. Жайда жашыл дан байлаган карагат, Жол кароодон кетти көзү карарып.   Ойлор келет кээде мага чаржайыт, Маңыроодой маани берсем барбы айып. Жашыл көктөм күздөн эмес, а балким, Жазды күтүп кетет белем саргайып.   Сагындырсын, мейли сапар узасын, Ынагынын ырбаттырып толугу менен…..