Талантаалы Бакчиев: Аман Саспаевдин “Каныкейдин алтын билериги” жөнүндө

Аман Саспаевдин “Каныкейдин алтын билериги” жөнүндө “Манас” эпосунун мотивинде 1991-жылы жазылган көркөм адабияттын аңгеме жанрындагы бул чыгарма С.Каралаевдин вариантындагы үчилтиктин биринчи бөлүгүндө баяндалган – “Каныкейдин ордосун Абыке, Көбөштүн талап кетиши” аттуу окуянын негизинде жазылган. Жазуучунун С.Каралаевдин вариантына кайрылгандыгынын себеби да бар. Биринчиден: 1958-1960-жылдардагы кыскартылган курама варианттан жана С.Каралаевдин, Ж.Мамайдын айтуусундагы варианттан сырткары бул окуя башка варианттарда (1991-жылга чейин) жарык көрө элек эле. Экинчиден: окуя биринчи менен экинчи бөлүктөрүнүн ортосундагы байланыштыруучу окуя болуп эсептелинет. Ал эми негизинен окуянын өзү, мааниси жана мазмуну жагынан көбүнчө экинчи бөлүккө жакыныраак. Үчүнчүдөн: кыскартылган курама вариантка толугу менен…..

Платон Ойунский: Александр Македонский

Боордош элдердин адабиятынан П.А.ОЙУНСКИЙ Саха-Якут элинин көрүнүктүү классик жазуучусу Платон Ойунский (Ойуунускай) саха элинин ХХ-кылымдын башындагы алгачкы жазма акыны, драматургу, прозачысы жана коомдук ишмери болгон. 1938-жылы  кандуу репрессияга тушуккан. Артында калган көптөгөн чыгармалары кийин театрларда коюлуп, дүйнөлүк тилдерге которулуп, китептери чыккан. Ал жарык дүйнөгө келген Татты улусунда, кыштактарда, борбор шаарында анын атындагы көчөлөр, Якутск шаарында чоң адабий музей, мамлекеттик башкы аэропорт, Улуттук драма театры бар. Бул аңгеме саха тилинен орус тилине мыкты которгон Альбина Слепцова-Борисовадан кыргыз тилине которулду. Александр Македонский Эзелтеде, качанкы бир жылдар-күндөрдө, эч бир кычыраган  кышы жок, мемиреген толугу менен…..