КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү. Мааракелик салтанатка КР Президентинин кеңешчиси С.Раев, КР ЖК Аппарат жетекчиси С.Ибраев, акын-жазуучулар, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, студенттер катышты. Майрамдык салтанатты Бишкек шаарынын Мэриясынын Эл аспаптар оркестри коштоду. Жалпы акын-жазуучуларды төрага Н.Калыбеков адабият күнү менен куттуктады. Төмөндө Н.Калыбековдун куттуктоосу. Урматтуу бүгүнкү мааракенин катышуучулары, кадырлуу меймандар жана калемдештер! Кыргыз Улуттук  жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 85жылдык мааракесине кош келиңиздер. Чыгармачыл интеллегенциянын, деги эле жалпы кыргыз интеллегенциясынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө, ошондой эле толугу менен…..

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү чыгармачыл уюмдардын жетекчилери менен жолукту

Бүгүн, 4-декабрда, Манас күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Манас» жана Айтматов академиясынын ачылышына катышкан Мамлекет башчысы Академиянын имаратын көрүп чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү укту. Андан соң чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, жазуучулар, акындар, манасчылар менен баарлашты. Баарлашууда чыгармачыл уюмдар жөнөкөй уюмдар эмес экендигине токтолуп, тарыхы бай, улуу залкарлар жетектеп кеткен чыгармачыл уюмдар экендигин айтты. Бүгүнкү күндө чыгармачыл уюмдар өз ишин мындан ары активдештирүү зарыл экендигин белгилеп өттү. Мындан ары чыгармачыл уюмдарга өзгөчө мамиле жасалып, камкордукка алынып, быйыл биринчи жолу эгемендүү кыргыз тарыхында чыгармачыл союздарга гранттык колдоо кыла турганын маалымдады. Муну менен катар чыгармачыл толугу менен…..

“Ташка чыккан гүл” окурмандардын назарында

Башкырт элинин улуу акыны Мустай Каримдин 100 жылдыгына карата “Ташка чыккан гүл” китеби “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан демилгеленип, Кыргызстанда жарык көрдү. Аталган китептин бет ачары бүгүн А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов (Кыргыз китеби) залында өттү. Иш-чарага Кыргызстандын “Түрксой” эл аралык уюмундагы өкүлү К.Култегин, акын-жазуучулар, котормочулар, “Туган тел” татар-башкырт маданият борборунун жетекчилиги, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Мустай Каримдин кыргыз тилине которулган ырлары, “Кара суулар” поэмасы, “Биздин бүлөнүн кубанычы” повести жана “Ай тутулган түндө” драмасы окурмандардын кызыгуусун арттырат.

Чыгармачылык – өнөр башаты

Бүгүн Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына карата “Чыгармачылык өнөр башаты” аттуу кереге кеңеш болуп өттү. Кереге кеңешке аталган окуу жайдын ректору М.Чотонов баштаган эмгек жамаат, КРУЖС төрагасы, акын Н.Калыбеков, орун басары К.Кадыракунов, КР Эл жазуучусу М.Абакиров, КР Эл акыны, прозаик, драматург М.Мамазаирова, Б.Максүтов, Б.Калчабаева, К.Сариева, К.Зарлыкова ж.б. акын-жазуучу, драматургдар, чыгармачыл инсандар, студенттер катышты. Университетте актердук чеберчиликке, режиссерлукка, кино тармагына дегеле искусствого басым жасалгандыктан сөздүн нугу драматургия жаатында болду. Драма жазуунун, аны коюунун машакаттарына, артыкчылыктарына, кемчиликтерине, күнгөй-тескейине басым жасалды. Жакында гана КРУЖС толугу менен…..

Акын Кемелгазы Ниязовдун чыгармачылык кечеси өттү

Бүгүн борбор калаабызда КР Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, зоотехник,  КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Кемелгазы Ниязовдун чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге акын-жазуучулар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акындын кесиптештери жана жакын санаалаштары катышты. Келген меймандар автордун айыл чарба тармагындагы эмгектерин, жасаган эрдиктерин сыймыктануу менен эскеришип, акындык талантына таңыркашып, ырларынан угуп чер жазышты.

Исраил Сулайманов 100 жашта

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу И.Сулайманов көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Жазуучунун 100 жылдыгынын урматына Ош облусунун Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында мааракелик эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучу, жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, акын Т.Жороев: “Бул маараке КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Биз бул жылдар аралыгында адабиятка салым кошкон акын-жазуучуларыбызды унутта калтырбашыбыз керек. Алардын жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүн биздин 85 жылдык тарыхыбыз бар. Андыктан мындай эскерүүлөрдү, жолугушууларды толугу менен…..

Асан Жакшылыков 70 жашта

Акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына карата КР Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Мааракенин урматына А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анда А.Акматалиев, А.Эркебаев, Э.Нурушев, А.Эгембердиева өңдөнгөн көрүнүктүү инсандар баяндама жасады. Иш-чаранын алкагында А.Жакшылыковдун бейнесине арналган көргөзмөнүн ачылышы болуп, КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, коомдук-саясий ишмер М.Шеримкулов, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Черикбаев ж.б. акынды куттукташты.                               толугу менен…..

Акын Бүбүайшакан Аксариева 70 жашта

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын Б.Аксариеванын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык жолугушуу кечеси болду. Келген меймандар акындын ырларына канып, эргүү алышты. КР Эл акындары А.Өмүрканов, Г.Момунова, К.Бакировдор автордун чыгармачылыгы боюнча кеңири токтолуп сөз кылышты. Эл ичинде катылып, билинбей жүргөн элеттик акын “Кара кыр таңы”, “Шамшыкал”, “Таалим”, “Жомоктон соң” жана “Кыргызстаным” аттуу беш китептин автору, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

“Кызыл учкундан” Улуттук жазуучулар союзуна чейинки жол”

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына карата “Кызыл учкундан” Улуттук жазуучулар союзуна чейинки жол”  аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияны КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, жазуучулар союзунун адабий сын секциясынын башчысы, адабиятчы С.Алахан ачып, “Чыгармачыл уюмдагы тагдыр чечер окуялар” (ѳтүмүшү жана сабактары) деген темадагы баяндама жасады. “Таланттарды таптаган уюмдун кылымга тете жолу”, “Жазуучулар менен “Манас” эпосунун эриш түшкѳн тагдыры” темасындагы баяндамалардан соң жазуучулар жарыш сөзгө чыгып кыргыз адабиятынын учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана чечүү жолдорун талкууга алышты. Мааракелик иш-чаралардын алкагында өтүп жаткан илимий-практикалык конференция мындан ары толугу менен…..