Бүгүн Кыргыз эл акыны Сүйөркул Тургунбаевдин туулган күнү! 80 жашка толду!

Түрк маданияты эл аралык уюмунун ТҮРКСОЙ баш катчысы Дүйсен Касеиновдун куттуктоосу: Урматтуу Сүйөркул Тургунбай уулу! Түрк маданияты эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун жана жеке өзүмдүн атымдан сизди куттуу мааракеңиз – 80 жашка толушуңуз менен чын ыкласымдан куттуктаймын! Сиз кыргыз калкына сунган “Салам жаш өмүр”, “Кечки троллейбус” аттуу жаңычыл, жайдары ыр жыйнактарыңыздан тартып “Эки аска”, “Жарыктын ыры”, “Күндүн көзү” сыяктуу окурмандардын толук сүймөнчүлүгүнө арзыган китептериңиз кыргыз маданиятынын кенчине айланды, өзүңүздү Кыргыз эл акыны наамына чейин жеткирди. Адабий сын жаатында өзүнчө эмгектериңиз бар. Ал эми көркөм котормодо өрнөк болор эмгектерди жараттыңыз. Айрыкча түрк толугу менен…..

Ыраазычылык билдиребиз

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган короновирус илдети аздап азайып, эл жай турмушуна түшүп, күнүмдүк тиричилигин кылып калды. Эки айдан ашык убакытка созулган карантинде Улуу жаратуучу жалпы элибизге көп эле жакшы иштерди жасоону үйрөтүп койду окшойт. Алгач, ажиотаж менен башталган карантин акыры карамдуу болуу менен аяктады. Башка иш түшкөндө бириге калуу кыргыздын канында бар экендиги мында дагы бир жолу айгине болду. Үйү жогуна үй таап берип, ашы жоктун аягына аш салып берген карапайым уул-кыздарыбыздын эмгеги күч. КРнын Улуттук жазуучулар союзуна кайрылып, үйүндө жаткан акын-жазуучулардан кабар алып турган айрым мекендештерибизге ыраазычылык билдирип коюу биздин толугу менен…..

Новопавловка Айылдык Кеңешинин депутаттарына ыраазычылык билдиребиз

Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак Ордо жаңы конушундагы көчөлөргө Кыргыз эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зайырбек Ажыматовдун аттары берилди. Бул боюнча чечим бүгүн 25-чакырылышта шайланган Новопавловка Айылдык Кеңешинин №34 сессиясында кабыл алынды. Ээрчишип кеткен кош таланттын элесин түбөлүккө калтыруу максатында КРнын Улуттук жазуучулар союзунун кайрылуусун эске алуу менен жасаган иштери үчүн Новопавловка Айылдык Кеңешинин төрагасы Абдыраимов Куан Мирлановичке, кош таланттын ысымын ыйгаруу демилгесин сунуштаган айылдык кеңештин депутаты Сүйүнбай Таабалдиевге, Тынчтык Атабековичке, Дастан Эркинбек уулуна жана сунушту колдоп берген бардык толугу менен…..

Керимбек Кадыракуновдун котормосунда “Абай” китеби жарык көрдү

Эл аралык Түрк академиясы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргелешип КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин колдоосу менен казак элинин даанышманы, акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата “Абай” аттуу китебин кыргыз тилинде чыгарып, окурмандарга сунуштады. Аталган китепке А.Токомбаев, С.Жусуев, С.Эралиев ж.б. акындардын котормолору топтоштурулуп, К.Кадыракуновдун жаңы которгон ырлары киргизилди. Котормолорду топтоштурган жана чогулткан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын, котормочу Керимбек Кадыракунов. “Абай” китебинин бет ачары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен Эл аралык Түрк академиясынын 10 жылдыгынын алкагында өткөн “Абай толугу менен…..

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет. Мындай чечим 19-майда Ак Жол айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Айтыш” коомдук фонду жана “Аксы жаштар биримдиги” коомдук фонду акындын атын түбөлүккө калтыруу максатында өзү туулуп өскөн Ак Жол айылындагы маданият үйүнө ысымын ыйгаруу сунушу менен кайрылган. Адабиятчы Улан Турдалиевдин демилгеси менен сунушталган кайрылуубузду колдоп бергендиги үчүн айыл башчысы Мырзагулов Бердалы Жумабековичке, айылдык кеңештин төрагасы Батыралиев Темиркул толугу менен…..

Жаңы мыйзамдын эч бир зарылдыгы жок

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраев “Манас жана “Манас” эпосу” тууралуу жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул долбоорго айрым манасчылар, манастаануучулар каршы пикирлерин билдиришүүдө. Алардын катарында адабиятчы, сынчы, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун сын секциясынын башчысы Садык Алахан: “Жаңы мыйзамдын эч кандай зарылдыгы жок, 2011-жылдын 28-июлунда кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына эле айрым толуктоолорду киргизүү керек” деген пикирин билдирди. Төмөндө адабиятчы Садык Алахандын пикирин толугу менен окуй аласыздар. Урматтуу калайык калк, айтпай коюуга мүмкүн болбой калгандыктан айта турган пикир болуп калды бул. Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын экс-президенти толугу менен…..

Улуу Жеңишке 75 жыл

Улуу Жеңишке 75 жыл Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калемдештер! Бүгүн, 9-май Улуу Жеништин 75 жылдык майрамы менен чын дилден куттуктайбыз. Кезинде душман менен салгылашып кан кечип жүрүп бизге бүгүнкүдөй жаркын күндү алып берген аталарыбызга түбөлүк таазим кылуу менен Улуу Жеңиш майрамы кут болсун демекчибиз. Урматтуу биздин баатыр аталар, энелер силер согушта кыпкызыл өрт кечип, кан кечип жүргөн талаалар эрдигиңердин аркасында бүгүн кыпкызыл гүлгө оронуп турат. Гүл заманды тартуулаган силер менен чексиз сыймыктанабыз! Эрдигиңерди эч качан унутпайбыз! Улуу согуш өчүрө албаган демиңерди, алалбаган өмүрүңөрдү убакыт уурдап жыл өткөн сайын катарыңар суюлуп барат. толугу менен…..

ТҮРКСОЙ З.Ажыматовдун калемдештерине, үй-бүлөсүнө көңүл айтат

                                                ТИЛИМ БУУЛУУ… КАНТИП АЙТАМ КАЙЫР ДЕП Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек, тилим буулуу… кантип айтам кайыр деп? Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө калыстык жок экендигин далилдеп?! Улутумдун ак жарыгы, ак жарык! Уулуу кабар жүрөктөрдү как жарып – узунуңдан ар жүрөктө жатасың үстөлүңдө калган калем баштанып. Падыша-элдин толугу да, кеми элең, байкай бербес – толук-кемдин чеги элең. Жаакка чапса зөөкүр келип момунду, чак эттире чабылган жаак – толугу менен…..

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды

Акын, журналист Зайырбек Ажыматов дүйнө салды Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады… Улутту ар-намысына келтирген, духун көтөргөн атуулдук ырларды, жашоо-турмушта аралашып жүрүп эле көп адамдар байкабаган көрүнүштөрдү, окуяларды, ой-толгоолорду ыр саптарына айланткан, жандуу жаратылышка, аялзатына, айлана-чөйрөгө болгон сүйүүнүн күчүн даңазалаган лирикалык ырларды жазган, өтө жөнөкөй, ичине сыр жашырбаган ак көңүл, кыргыз элине таанымал болгон журналист, кыргызга чындап күйгөн патриот акын Зайырбек Ажыматов 44 жашында дүйнө салды. Чыгаан жана патриот акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-жылдарда уюштурулган Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын (мурдагы чыгармачыл жаштардын республикалык “Нурборбор” коомдук толугу менен…..

Заманыбыздын залкар ырчысы Иманалиев Элмирбек Калилович дүйнө салды

Заманыбыздын залкар ырчысы Иманалиев Элмирбек Калилович дүйнө салды Кыргыз адабияты жана маданияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул менен бир жүргөн улуу ырчы Эшмамбеттин жээн небереси, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, атактуу төкмө ырчы Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жашында узакка созулган катуу оорудан үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде каза болду. Азыркы заманыбыздын залкар ырчысы Иманалиев Элмирбек Калилович 1978-жылы 17-январда Токтогул районундагы Үч-Терек аймагында Чоң Коо (Чоңко) айылында туулуп-өскөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы эстрадалык студияда окуган. 2004-жылы Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы институттун фольклор бөлүмүн толугу менен…..