КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болуп өттү. Мааракелик салтанатка КР Президентинин кеңешчиси С.Раев, КР ЖК Аппарат жетекчиси С.Ибраев, акын-жазуучулар, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, студенттер катышты. Майрамдык салтанатты Бишкек шаарынын Мэриясынын Эл аспаптар оркестри коштоду. Жалпы акын-жазуучуларды төрага Н.Калыбеков адабият күнү менен куттуктады. Төмөндө Н.Калыбековдун куттуктоосу.

Урматтуу бүгүнкү мааракенин катышуучулары, кадырлуу меймандар жана калемдештер!

Кыргыз Улуттук  жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 85жылдык мааракесине кош келиңиздер.

Чыгармачыл интеллегенциянын, деги эле жалпы кыргыз интеллегенциясынын түптөлүшүнө, калыптанышына, өсүп өнүгүшүнө, ошондой эле мамлекеттүүлүктүн пайдубалын курууда чоң салым кошкон, сексен беш жылдык тарыхы бар жазуучулар  союзу бул мезгил аралыгында бир катар кыйынчылыктар менен бирге эле дөөлөттүү мезгилдерди өз башынан өткөрдү.

Жыйырманчы кылымда Дүйнөлүк адабияттын алтын коруна “Манас” эпосун жана Чыңгыз Айтматов феноменин берген кыргыз адабияты Совет Империясынын колдоосунун натыйжасында зор бийиктиктерди багынта алды.

Албетте, биз бүгүн Кыргыз Улуттук  жазуучулар союзуна тикелей салым кошкон, адабиятта ар биринин аты алтын тамгалар менен жазылчу залкарларыбызды бирден санабасак да алардын эмгегин элибиз жакшы билет деп ойлойм.

Урматтуу калемдештер, кадырлуу коноктор!

Ушул мезгилге чейин Улуттук жазуучулар союзун жетектеп  келген ар бир төраганын жана орун басарларынын, секретариатынын эбегейсиз зор салымын баса белгилеп кетпесем болбос. Ал эми мен бүгүнкү салтанаттуу мааракенин катышуучуларына учурда аткарылып жаткан жана келечекте аткарыла турган позицияларды ачыктагым келет. Рынок шартында Кыргыз адабиятынын абалы кандай болсо Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун абалын андан бөлүп кароо мүмкүн эмес. Бир учурда мамлекеттүүлүктү түптөөгө зор салым кошкон жазуучулар союзу рынок шартында маммлекеттик колдоодон сыртта калды. Ар бир жазуучу чыгармаларын чыгарууда жеке демилге менен чыгып, натыйжада чыгып жаткан адабияттардын көркөмдүк эстетикалык баалуулуктары коомчулукта талашка түштү. Тарыхый даректери так көрсөтүлбөгөн жеке тараптарга басым жасалган жазмалар адабий өндүрүшкө кирди. Бул турмуш чындыгы. Рынок шартында жана демократиялык принциптерде адабият да эркиндикке чыгып, тема тандоо, анын өзгөчөлүгү боюнча багыттар кеңейди. Бул бир тараптан табигый көрүнүш болсо, экинчи тараптан коомчулуктун окумал катмарынан сын пикирге жол берип жатат. Кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы катары мен эркин теманы жактайм жана бардык чыгармалар коомдун гана элегинен өтүшү керек деп ойлойм. Бирок, ошол эле учурда биз коомдун окумал жана чыгармачыл катмары катары ар бир жазган чыгармабызга олуттуу мамиле кылууга чакырат элем. Анткени дал ушул айрым бир тараптардын сын пикиринен улам Жазуучулар союзун мамлекет карап кереги жок деген пикир күчөп, натыйжада биз азыр мааниси белгисиз катардагы уюмга айландык. Өлкөдө болуп жаткан акыркы окуялардан улам биздин мамлекеттик идеологиялык фронтко кайра кайтуубузду мезгил талап кылып жатканын баамдадык. Бир кездеги өлкө жетекчилеринин экономикага гана көңүл бурабыз деген идеологиясы ишке ашып, ал эми коомдук аң сезим, маданият, табит, көркөм эстетика багыттарын унутууга түртүштү. Мезгил өзү көргөзгөндөй экономика менен катар эле көркөм маданият кошо жүрбөсө коомдук маданиятка доо кетерин билдик.

Урматтуу меймандар, кымбаттуу калемдештер!

Мына ушундан кийин биз бул демилгени Президенттин, Жогорку Кеңештин деңгээлине чейин көтөрүп, бүгүнкү күнү биз көтөргөн маселени Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты, Жогорку Кеңештин депутаттары  колдоп, мамлекет жылына бир жолу гранттык түрдө каражат бөлүү маселесин кабыл алышты. Андан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен Улуттук жазуучулар союзунун жеке имараты боюнча маселе көтөрүлдү жана бүгүнкү күндө союздун коммуналдык ишканаларга болгон карызын жоюу боюнча аракеттер жүрүүдө. Келечекте аткарыла турган бир катар маселелер күн тартибине коюлуп жатат. Бул маселелерди иш жүзүнө ашырууда сиздердин колдоого таянабыз.

Сөзүмдүн аягында бизге моралдык жана материалдык жактан колдоо көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевге, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Султан  Раевге, Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамовго, Садык Шерниязга, Төрөбай Зулпукаровго, Махабат Мавляновага, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, “Турар”басмасынын директору Тилек Мураталиевге Айылбанктын директорлор кеңешинин төрагасы Малабек Токтоболотовго, “Лига” транспорт ишканасынын директору Бешболуш Матисаковго терең ыраазычылык билдиребиз.

Сиздерге чың ден-соолук, чыгармачыл бийиктиктерди каалайм! Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!