“Ташка чыккан гүл” окурмандардын назарында

Башкырт элинин улуу акыны Мустай Каримдин 100 жылдыгына карата “Ташка чыккан гүл” китеби “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан демилгеленип, Кыргызстанда жарык көрдү. Аталган китептин бет ачары бүгүн А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов (Кыргыз китеби) залында өттү. Иш-чарага Кыргызстандын “Түрксой” эл аралык уюмундагы өкүлү К.Култегин, акын-жазуучулар, котормочулар, “Туган тел” татар-башкырт маданият борборунун жетекчилиги, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Мустай Каримдин кыргыз тилине которулган ырлары, “Кара суулар” поэмасы, “Биздин бүлөнүн кубанычы” повести жана “Ай тутулган түндө” драмасы окурмандардын кызыгуусун арттырат.