“Кызыл учкундан” Улуттук жазуучулар союзуна чейинки жол”

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына карата “Кызыл учкундан” Улуттук жазуучулар союзуна чейинки жол”  аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияны КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, жазуучулар союзунун адабий сын секциясынын башчысы, адабиятчы С.Алахан ачып, “Чыгармачыл уюмдагы тагдыр чечер окуялар” (ѳтүмүшү жана сабактары) деген темадагы баяндама жасады. “Таланттарды таптаган уюмдун кылымга тете жолу”, “Жазуучулар менен “Манас” эпосунун эриш түшкѳн тагдыры” темасындагы баяндамалардан соң жазуучулар жарыш сөзгө чыгып кыргыз адабиятынын учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана чечүү жолдорун талкууга алышты. Мааракелик иш-чаралардын алкагында өтүп жаткан илимий-практикалык конференция мындан ары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук илимдер академиясында ж.б. жерлерде дагы өткөрүлөт.