Акын Бүбүайшакан Аксариева 70 жашта

А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында акын Б.Аксариеванын 70 жылдыгына арналган чыгармачылык жолугушуу кечеси болду. Келген меймандар акындын ырларына канып, эргүү алышты. КР Эл акындары А.Өмүрканов, Г.Момунова, К.Бакировдор автордун чыгармачылыгы боюнча кеңири токтолуп сөз кылышты. Эл ичинде катылып, билинбей жүргөн элеттик акын “Кара кыр таңы”, “Шамшыкал”, “Таалим”, “Жомоктон соң” жана “Кыргызстаным” аттуу беш китептин автору, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.