Исраил Сулайманов 100 жашта

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу И.Сулайманов көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Жазуучунун 100 жылдыгынын урматына Ош облусунун Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында мааракелик эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучу, жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, акын Т.Жороев: “Бул маараке КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Биз бул жылдар аралыгында адабиятка салым кошкон акын-жазуучуларыбызды унутта калтырбашыбыз керек. Алардын жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүн биздин 85 жылдык тарыхыбыз бар. Андыктан мындай эскерүүлөрдү, жолугушууларды толугу менен…..