Асан Жакшылыков 70 жашта

Акын, драматург, жазуучу, котормочу жана коомдук ишмер Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына карата КР Улуттук Жазуучулар союзу тарабынан иш-чара өткөрүлдү. Мааракенин урматына А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында илимий-практикалык конференция уюштурулуп, анда А.Акматалиев, А.Эркебаев, Э.Нурушев, А.Эгембердиева өңдөнгөн көрүнүктүү инсандар баяндама жасады. Иш-чаранын алкагында А.Жакшылыковдун бейнесине арналган көргөзмөнүн ачылышы болуп, КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, коомдук-саясий ишмер М.Шеримкулов, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.Ибраева, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С.Черикбаев ж.б. акынды куттукташты.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Асан Жакшылыков 1949-жылы 6-октябрда Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган.

1968-жылы Фрунзедеги политехникалык техникумун, 1976-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун, 1985-жылы Москвадагы Жогорку адабий курсун бүтүргөн.

1968-1970-жж. Нарын районундагы Куйбышев атындагы колхоздо гидротехник, 1970-1974-жж. ошол эле колхоздо комсомол уюмунун катчысы, ЛКЖС БКда жооптуу кызматта иштеген. 1974-1983-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун жаштар менен иштөө секциясынын жетекчиси, 1986-1989-жж. СССР адабий фондусунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн директору, 1989–1991-жж. IX Курултайда Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, 1991–1995жж. 1-катчысы, 1995–1996жж. Аткаруу комитетинин төрагасы, 1996-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук телерадиокомпаниясынын «Рух» продюссердик борборунун директору, 1997-жылы «Обо» гезитинин башкы редактору болгон. КОФ Пен-клубунун президенти болуп кызмат өтөгөн.

Алгачкы ырлары 1963–1964-жж. республикалык басма сөздөргө жарыялана баштаган. «Таңдын ырахаты» аттуу тунгуч ыр жыйнагы 1969-жылы «Кыргызстан» басмасынын жарык көргөн.

А.Жакшылыков 1977-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, 1979-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын, 2008-жылы Аалы Токомбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, 1992-жылдан Маданият жана искусство академиясынын, акындардын дүйнөлүк конгрессинин мүчөсү (Штаб квартирасы Вашингтондо). 1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги.

А.Жакшылыков А.С.Пушкиндин, Р.Тагордун, Л.Леоновдун, Э.Межелайтистин, Г.Эминдин, Б.Олейниктин, Абайдын, М.Смеляковдун ж.б. акындардын чыгармаларын кыргызчага которуп, алар Тандалмалар китебине киргизилген.

А.Жакшылыковдун чыгармачылыгын изилдеген атайын «Асан чакырык» аттуу макалалар жыйнагы 2005-жылы жарык көргөн. Көптөгөн ырларына обондор жана романстар жазылган.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Грамотасы, Ардак грамотасы, «Манас–1000» эстелик медалы менен сыйланган.