Т.Жороев: “Жаздым бекен, жазбадымбы башкымды, Желпингеним желаргыбы, ташкынбы?”

Убакыт Убакыттан күтпө көмөк, мамиле Узаганы узаган ирмем сайын. Жетпей калдың жаштык,  өткүр демиңе, Жыргамайбы,  жалооруубу,  шул жайың.   Өмүр сага жаз да болду, күз болду. Өмүр ысык жай тартуулап, кыш келди. Журт сүрөгөн жолуң адеп түз болду, Жасап келдиң нар көтөргүс иштерди.   Ата болдуң бүлөң менен журтуңа, Ак эмгектин татып нак бал-даамын, Калганың жок орто жолдо умсуна Кадырыңды көкөлөтүп балдарың.   Эми минтип сыйды көр да, төрдө бол Эл сураган ак батаңды жаадырып. Канткен менен сыноосу мол өрдө жол – Күйпөктөбө, майдаларча таарынып.   Бул курбалым, өткөндөр тарых толугу менен…..

Исраил Сулайманов 100 жашта

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын-жазуучу И.Сулайманов көзү тирүү болгондо быйыл 100 жашка толмок. Жазуучунун 100 жылдыгынын урматына Ош облусунун Кара-Суу районунун Алга-Бас айылында мааракелик эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чара КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмү тарабынан уюштурулду. Уюштуруучу, жазуучулар союзунун Ош облустук бөлүмүнүн башчысы, акын Т.Жороев: “Бул маараке КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү. Биз бул жылдар аралыгында адабиятка салым кошкон акын-жазуучуларыбызды унутта калтырбашыбыз керек. Алардын жасаган иш-аракеттеринин натыйжасында бүгүн биздин 85 жылдык тарыхыбыз бар. Андыктан мындай эскерүүлөрдү, жолугушууларды толугу менен…..