Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү

Бүгүн КРнын Эл акыны Рамис Рыскуловдун туулган күнү.

Биз сыйлаган, биз сыймыктанган улуу акындын туулган күнү менен куттуктайбыз!

Рамис Рыскулов Чүй облусунун Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган.

1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин М.Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.

Эмгек жолун “Кыргызстан пионери” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында, 1959–1960-жж. “Ала-Тоо” журналынын редакциясында эмгектенген.

Анын ырлары “Кыргызстан маданияты”, “Эркинтoo” ж.б. гезит беттеринде жарыяланган. Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан.

Биринчи ырлар жыйнагы “Жаз” 1959-жылы жарык көргөн.

Ал кыргыз тилине А.С.Пушкиндин, В.В.Маяковскийдин, Н.А.Некрасовдун, Л.Вознесенскийдин, X.Алимжандын ж. б. чыгармаларын которгон.

1986-жылы “Ырлар” жыйнагы А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.

1987-жылы СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон.

Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.

Урматтуу Рамис Рыскулович, сиз чыгармачылыктын түмөн түйшүктүү жолунда талыкпай эмгектенип, зор кадыр-баркка, урмат-сыйга ээ болдуңуз. Байбичеңиз менен дөөлөттүү карылыкта уул-кыздардын, жалпы кыргыз элинин сыйына татып, бактылуу өмүр кечирип келүүдөсүз. Буюрса алдыда токсон жылдык тоюңузду тойлоп, ак калпак элиңиздин ак батасын алыңыз. Сизге бекем ден-соолук, узак өмүр каалайбыз. Көп жашаңыз.

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы