Эл акыны Гүлсайра Момунова дүйнө салды

Кыргыз маданияты жана адабияты оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун жана Журналисттер союзунун мүчөсү Гүлсайра Момунова узакка созулган оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышты.

Акын Гүлсайра Момунова Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында 1937-жылдын 30-декабрында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Талас шаарында орто мектепти, 1960-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтун ийгиликтүү аяктаган.

1961-1969-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кызматкер, 1971-жылдан «Кыргызстан» басмасында редактор, 1973-1993-жж. «Кыргызстан аялдары» журналында жооптуу катчы, башкы редактордун орун басары, болуп эмгектенип жүрүп, эмгегинин үзүрү катары 1993-жылы республикалык маанидеги персоналдык пенсияга чыккан.

Биринчи ырлар жыйнагы «Тилек» деген ат менен 1964-жылы жарык көргөн. Бир катар поэтикалык кыргыз тилиндеги жыйнактардын, эки орус тилине которулган жыйнактардын автору, бир топ жамааттык котормолордун авторлошу. 1996-жылы Түркияда өткөн Ата Мекенди даңктоо ырларынын эл аралык конкурсунда «Боз үй» поэмасы «Куттуу апта» медалын жеңип алган.

1971-жылдан Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. 1987-жылдан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алып,  2001-жылы «Эр Манас урпагы» медалы менен сыйланган, ал эми 2003-жылы «Түгөлбай Ата» адабий сыйлыгынын лауреаты болгон. Г.Момунова 2011-жылы Кыргыз Республикасынын эл акыны наамына ээ болгон.

Эл акыны Гүлсайра Момунованын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкарма мүчөлөрү