Урматтуу Роза Исаковна, кутман курагыңыз кут болсун!

КРнын экс Президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү жана төрайымы Отунбаева Роза Исаковна 70 жашка толду.

Урматтуу Роза Исаковна, кутман курагыңыз кут болсун!

Башкасын айтпаганда да сиз акын жазуучуларды колдоо максатында өзүңүз негиздеген фонддун ишмердүүлүгүн алкагында акыркы 4 жыл аралыгында эле 40тан ашык кече өткөрүп 80ден ашуун авторлордун чыгармачылыгын элге тартуулап келдиңиз. Дагы да өткөрүп жатасыз. Бул биз үчүн өтө чоң кубаныч, зор колдоо болуп, чыгармачылык эргүү алып келет. Айрыкча айыл жергесинде жашап, жазып жүргөн калемгерлерге көңүл буруп, чоң аудиторияга алып чыгып жатканыңыз алкышка татырлык эмгек. Муну менен гана чектелип калбастан айрымдарынын китептеринин чыгуусуна да көмөк көрсөтүп келесиз.

Өткөөл мезгилде убактылуу өкмөттүн башында туруп ошол учурдагы оор шарт жагдайга карабастан мурдагы президенттердин жолун улап жазуучулар союзуна каржылык колдоо көрсөтүп турдуңуз. Бул сиздин адабиятка болгон чоң салымыңыз деп билебиз. Мындай камкордугуңуз үчүн сизге айтар алкышыбыз чексиз.

Урматтуу Роза Исаковна, сизди дагы бир ирет кутман курагыңыз менен куттуктап, бекем ден-соолук каалайбыз. Өрнөктүү өмүрүңүз узак болсун!

Терең урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы