Жаш акын Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, жаш акын, ар тараптуу талант Акбар Кубанычбеков «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Жаманкулов сыйлыкты тапшырып жатып, калемгердин ырлары элдин жүрөгүнөн түнөк таап, алкышка арзып жатканын белгилеп өттү.

Сыйлык ээсин куттуктоо менен бирге, чыгармачылык жолуна байсалдуу сапар каалайбыз!

КРУЖС Башкарма мүчөлөрү