Бүгүнкү туулган күн ээлерин куттуктайбыз!

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү: Кыргыз эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин, Филология илимдеринин доктору, КРУИАнын академиги, адабиятчы, сынчы Абдыганы Эркебаевдин, Эл агартуунун отличниги, акын Молдобек Ирсалиевдин, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу Абдилаат Дооровдун туулган күнү. Урматтуу туулган күн ээлери, сиздерди чын дилден куттуктайбыз. Кыргыз маданиятына, адабиятына, илим-билимине ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар чоң. Сиздер менен жалпы кыргыз эли сыймыктанат. Үй-бүлөңүздөр менен эсенчиликте узак өмүр сүрүңүздөр.

Урматтоо менен,

КРУЖС Башкармалыгы