Блог

Гүлзада Станалиева: Жолдогу тагдырды жазган акын

Быйыл мыкты жаңы чыгармалардын авторлоруна ыйгарыла турган 2022-жылдагы “Алтын калем” сыйлыгынын поэзия номинациясындагы жеңүүчүсү акын Нарсулуу Гургубаева болду. Анын бул жеңишке жеткирген жаңы ырларын кийинчерээк талдап чыгып, өзүнчө сөз кыларбыз. Азыр акындын 2016-жылы жарык көрүп, окурмандардын көңүлүн өзүнө дароо бурган, анын акындык дараметинин деңгээлин таасын көрсөткөн “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагы тууралуу мурда жазылган макалабызды кайра толуктап сиздерге сунуштагыбыз келди. Бул макалабыз “Алтын калемге” татыктуу деп табылган Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн кайсы бир деңгээлде ачып берүүгө өбөлгө түзөр деген үмүттөбүз. Анда эмесе, аталган жыйнак тууралуу сөзүбүздү баштасак. Сөзгө алынган жыйнактын толугу менен…..

Нарсулуу Гургубаева: Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?!

***** Аяп турдуң, аяп турдум… Билгендей, Кар аярлап жаап жатат ал тургай. …Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей, Кеткен менмин кезегинде таптырбай…   …Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү калып кеткен далдаасында жылдардын… Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн, мен болгону үшүп турган бир жанмын…   Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт? Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат. Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип, Айыптуулар гана алдында актанат.   …Кардан парда кайкып турган мунарык, Кайрылышка чейин гана көз жетет… …Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу, “оо, жөн эле, жөн эле бир сөз” дешет…   Кабагыңда кардын толугу менен…..

Абдыкерим Муратов: Түш кууган күн

Түш кууган күн Эгемали жанын сыйпалап зайыбынын ысык танаси колго урунбаганга чочуп кетти. Көзү пар ачылды. Акыры кырк жыл болду. Мындай болгон эмес. «Туруң, атасы, намаз убактысы болуп калды» дейт эле зайыбы ошол кырк жылдан бери. Мал издеп ойду – ой, тоону – тоо кыдырып, бутун тарта албай келгенде да, арапаликта ашка көп тоюп алып, ашказаны оо бир убакка чейин өйкөп чыкканда да, кар аралаш көмүр келип, шыбыргакта бир машина көмүрдү жалгыз өзү чаркардын бурчуна ташып чыкканда да – иши кылып качан болбосун, сааркы үрүл-бүрүлдө Алиймасы намазга ойготкондо ооналактап жата толугу менен…..

“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган салтанаттуу иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков калемгерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Конкурстук негизде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан. Калыстар толугу менен…..

12-декабрь – Адабият күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу калемдештер, Жалпыңыздарды бүгүнкү “Адабият күнү”  менен куттуктайбыз! Сиздер, ар бир жазган чыгармаңыздардын ар сабына түнөп, түн күзөтүп, күн кечирип түйшөлүп отуруп, окурмандардын колуна тапшырасыздар. Ошол чыгарманын багы ачылса, сиздердин багыңыздар ачылып, жылдызыңыздар жанат. Андыктан ар бир жазган, жараткан эмгегиңиздердин акыбети кайтып, адамзатка жарыгы тийип турсун демекчибиз. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы калемгерлерди колдоо, чыгармачылыгына шарт түзүү, шыктандыруу максатында алгылыктуу иштерди аткарып келе жатат. 2 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Алтын калем” республикалык адабий сыйлыгын уюштурууну колго алып, поэзия, проза, драма толугу менен…..

12-декабрь Улуттук адабият күнү белгиленет

Урматтуу калемдештер! 12-декабрь – Улуттук адабият күнү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу акын-жазуучулардын ушул кесиптик майрамын 12-декабрь күнү саат 16.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чоң адабий-музыкалуу программа менен белгилейт. Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысынын, Маданият министринин катышуусу күтүлүүдө. Программада залкарларды эскерүүгө, спектаклдерден үзүндүлөргө, поэзияга, музыкага басым жасалып, Маданият министрлиги менен Жазуучулар союзу биргелешип уюштурган “Алтын калем” сыйлыгы салтанат менен тапшырылат. Андан кийин “Кылым карыткан бир күн” спектаклин чогуу көрөбүз. Салтанатка адабият күйөрмандарын, каалоочуларды толугу менен…..

2022-жылдын 9-декабрына белгиленген марафон соңуна чыкты

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо максатында 2022-жылдын 9-декабрына белгиленген Марафон жыйынтыкталды. Марафонго КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин өкүлү Б.Секимов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери, ишкерлер, акын-жазуучулар катышты. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер да четте калган жок. Багыт Бапанов баштаган калемгерлер 20000 рубль которду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин өкүлү Б.Секимов өз сөзүндө КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен жакынкы аралыкта Жазуучулар союзуна жаңы имарат берилерин, карызы жоюларын, акын-жазуучулар колдоого алынарын билдирди. Марафондун жүрүшүндө Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чыгармачыл жамааты толугу менен…..

Айнуру Алтыбаева: “Көйгөйдү чогулуп чечүү кыргыздын канында бар”.

Марафонго акын-жазуучулар, коомдук-мамлекеттик ишмерлер, маданият ишмерлери, окурмандар активдүү катышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары, экс депутаттар да салым кошуп, жазуучулардан кабар алууда. Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директору Азиз Биймырза уулу чыгармачыл жамаат менен келип, жагымдуу маанай тартуулап, театрдын атынан 20000 сом салым кошту. КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмесинин төрайымы Айнуру Алтыбаева көмөк көрсөтүп, “Көйгөйдү чогулуп чечүү кыргыздын канында бар. Ынтымактуу, биримдиктүү элибиз менен сыймыктансак болот” деген пикирин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты 20 000 сом тапшырды

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафонуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Таалайбек кызы 20 000 сом тапшырды. Ыраазычылык билдиребиз!