“Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды

12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу биргеликте уюштурган салтанаттуу иш-чара Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Министрдин орун басары Түмөнбай Колдошов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков калемгерлерди бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жыл сайын уюштурулуп келген республикалык “Алтын калем” адабий сыйлыгынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Конкурстук негизде ыйгарылган сыйлыкка драма жанры боюнча 8 автор, поэзия жанры боюнча 29 автор, проза жанры боюнча 19 автор чыгармалары менен катышкан. Калыстар тобунун чечими менен жазуучу Абдыкерим Муратов, драматург Алтынай Темирова, акын Нарсулуу Гургубаевалар “Алтын калем” сыйлыгынын лауреаты болушту. Жеңүүчүлөргө диплом, статуэтка жана 100 000 (жүз миң) сом байгенин сертификаттары тапшырылды. 

Майрамдык салтанат Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган программа менен коштолду. Ч.Айтматовдун “Кылым карыткан бир күн” спектакли менен уланууда.