Блог

Бейшебай Усубалиев: Түйшөлткөн 7 томдук

Ойкана Түйшөлткөн 7 томдук «Ар тараптуу зор талант Советбек Байгазиев кайдан келди?» – деген суроону коюп жатып, бала чагымда (окуучулук куракта) жүрөгүмдө уюп калган эки так аргасыздан эске түштү: К.Жусуповдун «Аянкул» повести. Согуштан эки көзүнөн ажыраган Аянкулга качан көз бүтөт, бүтүшү керек эле деп күтүп жатып, үмүтүм акталбай, сыздап кала берген элем. Советбек Орозкановдун кичинекей каарманы тегирмендин (Караңгыда каман күркүрөйт) ичиндеги бүлбүл чырактын жарыгында жерде жаткан гезиттин айрындысынан капысынан өзүнүн ырынбы, кабарынбы окуп калып, сүйүнгөнүнөнбү, коркконунанбы, айтор ааламды жаңырта кыйкырып алган эле. Ошол кыйкырык үн азыр да кулагымда жаңыра берет. толугу менен…..

Жазуучулар союзунда жагымдуу жаңылык

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча бир жарым миллион карызынан кутулду. 2018-жылдын 31-декабрына чейин топтолгон карызды жабуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунан каражат бөлүнүп берилди. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 25-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 15-февралындагы 136-тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун каражаттарын пайдалануунун тартибине ылайык Жазуучулар союзунун карызын төлөө үчүн 1 590 700 (1 млн. беш жүз токсон миң жети жүз) сом бөлүнүп берилсин” деген (23.12.2022. Номер 812) тескемеси чыкты. 1934-жылы уюшулуп, толугу менен…..

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөн китептердин бет ачары болуп өттү. Иш чарага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, авторлор катышты. С.Раевдин демилгеси менен кыргыздын 50дөн ашуун акындарынын ырлары түрк тилине которулуп “Кыргыз акындарынын антологиясы” деген ат менен жарык көрдү. Мындан тышкары “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов”, Касым Тыныстановдун “Касым ырлары”, А.Акбаровдун ырлар жыйнагы китеп болуп басылган.  Китептер А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына, КР Улуттук жазуучулар союзуна тапшырылды жана авторлорго берилди. 

Жаныбек Өмүралиевдин чыгармачылык жолугушуу кечеси өттү

Чыгармачыл чөйрөгө “Юморалиссимус” деген ат менен таанылган Жаныбек Өмүралиевдин чыгармачылык жолугушуу кечеси өттү. Бул жолугушуу кечени Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу “Сармерден” ресторанынын ээси Д.Орозалиевдин колдоосу менен уюштурду. Жолугушууга калемдештери К.Бакиров, К.Кадыракунов, Д.Керимов, Ө.Тиллебаев ж.б. акындар, автордун туугандары, “Жаңы толкун” адабий клубунун чыгармачыл жаштары катышты. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков өз сөзүндө адабиятка активдүү аралашып жүрүп, узак жылдар чыгармачылыктан алыстап кеткен таланттарды кайрадан эл алдына алып чыгып, шыктандыруу максатында ай сайын бирден автордун чыгармачылык жолугушуу кечесин уюштуруп турарын билдирди. “Таанышың барда таңкасың, таанышың жокто маңкасың”, “Галстугу бар экен, калыстыгы жок экен” деген саптардын толугу менен…..

Профессор Лайли Үкүбаева ТҮРКСОЙдун Алтын медалы менен сыйланды

23-декабрда Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев профессор, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаевага ТҮРКСОЙдун Алтын медалын тапшырды. Сыйлык Л.Үкүбаевага Түрк дүйнөсүнө, кыргыз адабиятына жана айрыкча, Айтматов таанууга сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылды. Профессор, адабиятчы Лайли Үкүбаева Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору, өзүнүн илимий мектеби бар устат жана педагог. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип келет.

Түркияда жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинин бет ачары өтөт

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу ТҮРКСОЙ эл аралык уюму менен бирге 2022-жылдын 24-декабрында саат 11:00дө А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын Ч.Айтматов залында С.А.Раевдин демилгеси менен Түркияда жарык көргөн “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебинин, бул китеп менен катар “Чыңгыз Айтматов”, “Жолон Мамытов” китептери, К.Тыныстановдун “Касым ырлары” жана А.Акбаровдун ыр жыйнагынын бет ачары өтөт.  Катышууну каалагандар үчүн эшик ачык.

Абдымомун Калбаев: Талаада турам, торгойдун ырын тыңшап, таянып кетмениме

Дыйкан – ал мен Таң. Шүгүрчүлүк ушул таңга жеткениме. Талаада турам, Торгойдун ырын тыңшап, Таянып кетмениме. Каниет кылып өмүрүм жеткенине.   Ал түндөрдү сагындым Түн. Жылдыз толо асманда, Көзүн ымдайт жымындап, Биз энчилеп алган жылдыз жаш чакта, Сырдашчубуз келечекке кол сермеп, Кыналышып кош жылдызга айланып, Кыял менен учуп кетип жатаарда, Уктачу элек жылдыз нурун жамынып. Ал түндөрдү жатам азыр сагынып.   Фантазия кыялдарым Бийлеп алган кыялымды фантазия болмуштар, Ынандырып санариптик жаңы термин конуштар. Ылдамдыктын заманыбы, кыялдан да учкулураак, It заман бүт өзгөртүп дүйнөнү, аттар дагы электрондук коюлат.   Айтты деген, толугу менен…..

Умар Нусубалиев: Өзүңдү сүйүп өтүү үчүн мага, Өмүрдө билбейм канча сентябрь бар?..

Сом курттар Кууратып жалбыракты, чөптү жеген, Курттар бар эсеби жок көп түрлөгөн. Талдын дагы, теректин да, тамырын жеп өстүрбөгөн.   Ак курт бар, кара курт бар, сары курт бар, Алардан жийиркеничтүү, Жаралды жаңы курттар.   Өрүктү курт жегендей, Өлкөмдү курттар жеди. Алманы курт жегендей, Ата-Журтту курттар жеди.   Сомкурттар кайнап-кычып кыжылдашкан, Сомкурттар былжып-сасып быжылдашкан, Жаланышып, жанталашып, жутунушуп сомдорду жутуп аткан. Оролушуп жыландардай, уюгунда уюп жаткан.   Сомкурт… сомкурт… сомкурттар, Сомду жеген, Коон жегендей, Коомду жеген…   Тойбос курттар силерди, Тоо жерип койсо экен, Жегич курттар силерди, Жер жерип койсо экен. толугу менен…..

Бейшебай Усубалиев: “Жаныңыз кыйналып калат”, же бир күнкү сабактан бир үзүм

“Жаныңыз кыйналып калат”, же бир күнкү сабактан бир үзүм (Өскөн Даникеевге) Мени тикирее карап отурган студенттериме тамашалай кайрылдым: -Деги силер кыргыз элинде Айтматовдон бөлөк жазуучулар бар экенин билесиңерби? -Билебиз, билебиз… -Мисалы, кимди? -Мисалы, Даникеевди. Анын “Кыздын сырын” баарыбыз окуп чыкканбыз. Өткөн жылы эле. Алдыда отурган кичинекей кыз ишенимдүү да, сыймыктуу жооп берди. -“Кыздын сырынбы”?… Мен ушинттим да, анан сөзүмдү улабай, ойго чөгүп кеттим. Бул чыгарманы мен да  окуган элем. Анда мен да дал ушул студенттердей куракта болсом керек. Күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Кыш болчу. Нарын шаары аппак карга чулганган. Мен толугу менен…..

Алтынай Темирова: Кумурска – токой сакчысы

Кумурска – токой сакчысы (Балдардын куурчак театры үчүн пьеса) (Чек ара, экология, достук, жана ынтымактык, коомго пайдалуу болуу жөнүндө) Башкы каармандар: –Сакчы кумурска –Чатырчан кумурска –Аары –Даң-дүң (мүйүздүү жалтырак коңуз) –Ийнелик, Эпизоддук ролдордо – Ак булут, Кара булут. 1 – көрүнүш: Декорацияда жап-жашыл карагай токой, арасында чоң-чоң гүлдөр бар. Чек ара сакчысы болгон кумурска ырдап чыгат: Күзөттөмүн ыр ырдайм, Кырлар ашып эч тынбайм. Гүлдөр менен достошом, Чек арада таң тосом.   Жешилсе да чокоюм, Токоюмду коргоймун. Тазалайт ал абаны, Көрктөп тоону-талааны.   Бардык жанга достонмун, Жамандыктан коргоймун, Кезип тоону-талааны, Душмандардан толугу менен…..