Гүлзада Станалиева: Жолдогу тагдырды жазган акын

Быйыл мыкты жаңы чыгармалардын авторлоруна ыйгарыла турган 2022-жылдагы “Алтын калем” сыйлыгынын поэзия номинациясындагы жеңүүчүсү акын Нарсулуу Гургубаева болду. Анын бул жеңишке жеткирген жаңы ырларын кийинчерээк талдап чыгып, өзүнчө сөз кыларбыз. Азыр акындын 2016-жылы жарык көрүп, окурмандардын көңүлүн өзүнө дароо бурган, анын акындык дараметинин деңгээлин таасын көрсөткөн “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагы тууралуу мурда жазылган макалабызды кайра толуктап сиздерге сунуштагыбыз келди. Бул макалабыз “Алтын калемге” татыктуу деп табылган Нарсулуу Гургубаеванын чыгармачылыгынын өзгөчөлүгүн кайсы бир деңгээлде ачып берүүгө өбөлгө түзөр деген үмүттөбүз.

Анда эмесе, аталган жыйнак тууралуу сөзүбүздү баштасак. Сөзгө алынган жыйнактын атына берилген алыстагы ак жарык – бул акындын Ата Журту. Ушундан улам ыр жыйнактын негизги концепциясы да өз ата журтуңдун жарыгы гана жан дүйнөнү жылытат, ата журттан алыс жүргөн адамдын бир өксүгү болот деген ойдун тегерегинде өрчүйт.
Нарсулуу Гургубаева бул чакан ыр жыйнагында миграцияда жүргөн адамдын (акындын) жашоо философиясы менен психологиясын ар тараптуу чагылдырып берүүнү көздөгөн. Муну китепке кирген 33 ырдан 24 жолу жол деген сөздүн кездешкени эле ырастап турат. Акын өзү деле ырларында “жолду” ушунчалык арбын сөзгө алганын аңдабаса керек деп ойлойм. Өзү чет жерде жашап иштеп жүргөн Нарсулуунун ырларынын “жолго” байланганы акындын бейаң сезиминде ар дайым жашаган ой-санаасынын, өзү күндө күбө болгон, жүрөгүнөн өткөргөн турмуш чындыгынын чагылышы деп түшүндүрсөк болот.

Ырас, “жол” дегеле дүйнө адабиятында акындардын ырларында арбын учураган концепт. Ага талаш жок. Бирок, акындын чет жерде жүргөн кезде жазып, китепке киргизген 33 ырынын ичинде 24 жолу “жолдун” сөзгө алынышы эмнеден кабар берет деген суроо бизди кызыктырат. “Жол” – бул бардык элдердин поэзиясында да, катардагы кепте деле өмүр сапары, тагдыр турмуш жолу, адам баласы басып өткөн жол катары эле берилет. Нарсулуунун ырларында деле, бир караганда, “жол” деген сөз өмүр, жашоо деген түшүнүктү камтып тургансыйт.

Бирок, ырларында “жолго” берилген акындын аныктамаларында, биз өмүр “жол” миграция түшүнүгүн камтып, такыр башка өңүттөн чагылдырылганы көңүл бурдурат. Акын үчүн “жол”, б.а., чет жерде кечирген өмүр жолу, тагдыр, турмуш жолу сыдыргыга салгандай тегиз эмес, анын өйдө-төмөнү, будуң-чаңы, кайгы-капасы көбүрөөк. Мунун себеби, албетте, кыргыз элинин эгемендик мезгилинде башына түшкөн эмгек миграциясы деген маселенин түйүнүнө барып такалат.
Чындыгында, туулуп өскөн жериңден алыста иштеп өмүр кечирүү азыркы ааламдашкан заманда бир эле кыргызда эмес, бүтүндөй дүйнөдө күч алган заманда жашап жатабыз. Эл аралык мамилелер, кызматташуулар тиешелүү адистерди жер которууга мажбурлап, чар тарапта иштеп жашоого биротоло көндүрдү. Алтургай, азыр адамдар бүт өмүрүн чет жерлерде өткөрүүгө кайыл болгону жаңылык деле болбой калды. Айрымдар үчүн жер кезип, эл көрүп, түрдүү компанияларда, мекемелерде күчүн сынап, тажрыйба алмашуу – жашоосунун негизги маңызына да айланган учурлар арбын.

Бирок, кыргыз эмгек мигранттарынын жагдайы башка. Ооба, кыргыз баласынын өз өлкөсүндөгү жумушсуздуктун айынан жарга такаган жокчулуктун зардабы жүрөгүнө батканынан улам, аргасыз жумуш издеп чет өлкөлөргө, көбүнчө, Орусияга тагдырын канжыгага байлап жүрүп кетишкен тагдыры такыр башка. Айрыкча, 1990-жылдардан берки он жылдыктарда кыргыз эмгек мигранттарынын көрбөгөн тозогу, тартпаган азабы калган жоктур. Адам укугу, эмгек укугу деген түшүнүк такыр аларга тиешелүү эместей, адам чыдагыс өтө оор жагдайларда иштеп, Кыргызстанда калган үй-бүлөлөрүн, өздөрү ачка-ток болуп жүрүп, багып, 90-жылдардын кризисинен чыгарууга опол тоодой күч жумшаган эмгек мигранттарынын тагдыры жүрөктү тилет. Алар азыр да, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстандын бюджетине зор салым кошуп, өлкөбүзгө негизги таяныч болуп келишет.

Миграция темасы, т.а., чет жерлерде өмүрү өткөн, өтүп жаткан кыргыз эмгек мигранттарынын жашоо-турмушу качандыр бир адабиятыбызга өзүнчө тема катары кириши күтүлгөн иш болчу. Ошол күтүлгөн иш акын Нарсулуу Гургубаеванын “Алыстагы ак жарык” ыр жыйнагында өзгөчө жүзөгө ашты десек калпыс болбойт. Ырас, миграциянын оош-кыйышы тууралуу башка акындар, жазуучулар да жазышты, жазып да жүрүшөт. Бирок, миграциянын кыргыз адамынын тагдыр-турмушуна тийгизген таасирин, ата журттан алыс чет жерде укук-талапсыз оор тагдырды башынан өткөргөн кыргыз баласынын жашоо философиясын, психологиясын көркөм-эстетикалык бийик сапаттагы поэтикалык ойдо ачып бере алган акын Нарсулуу Гургубаева болду.

Мындай өзгөчөлүк акындын ата журттан алыс кетүү, бөлөк эл, бөтөн жерде жашоонун кыйынчылыгын, татаалдыгын майда-барат турмуштук деталдар менен эмес, психологиялык толгонуулардын, символдоштуруунун негизинде чагылдырып берүүгө жетишкенинен улам ишке ашканын көрөбүз.
Ушул жашоо… Талаа болуп күнөстүү,
Калаа болуп… Бекет болуп башталып,
Капыс анан өчкөн эле жүрөктөн,
Мени ээрчиткен, мен ээрчиген ак жарык.
Ушундай саптар менен башталган миграция жолу, чет жерде кечире турган жашоо менен Ата журттун символу болгон “жарыктын” жүрөктөн кошо өчкөнү каңырыкты түтөтөт. Акын, лирикалык каарман ал өчкөн жарыктын ордуна башка жактан жарык издебейт, “мага ошол өчкөн жарык жетиштүү” деген бүтүм чыгарат. Жарык өчкөн өмүрдө, жолдо муң-зар башталат, кыйынчылык буттан тушайт, көңүл кирдейт, жүрөк ооруйт, мына ушунун баары миграция турмушунун психологиялык татаал абалын көз алдыбызга тартат, анын оош-кыйышын жон терибиз менен сезгенге түртөт. Акын мигрант көргөн жашоо, баскан жол тарыхта калаарын, ага кийинки муун өз баасын берерин, сабак аларын да жакшы түшүнөт.

Ушул жолдон, уюп калган муң-зарга,
Буюктурган бурганактар, куюндар,
Үңүлүшүп үнү бүткөн жылдарга,
Мени көрөт мен көрбөгөн кылымдар.

Үңүлүшүп жарыгы өчкөн жылдарга,
Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар.
Акын мында Ата журттан алып кеткен муң-зарга, буюктурган бурганактарга, куюндарга уюган жолдорго; үнү бүткөн, жарыгы өчкөн жылдарга качандыр бир акын өзү да, биз да көрбөй турган кылымдарда тиешелүү баа берилерине ишенет.

“Жол” акындын “Өзүңдөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да…” деп башталган дагы бир ырынын ар бир төрт сабында сөзгө алынганы кызыгууну туудурат. Эгерде башка ырларда “жол” сөзү учкай же эки-үч мертебе эске салынса, бул ыр башынан аягына чейин “жол” тууралуу жазылганын көрөбүз.

Өзүңдөн, өзгөлөрдөн, өзүмдөн да
Кеткем мен жолду тандап жөнү бөлөк.
Бул жолдо сага айтылган сөздөр жалган,
Айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт.

Бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү,
Чындыгым, билем, көбүн сүйүндүрөт.
Билгенин айтса айтышат, бирок мени
“Билем” деп айта албайт кийин бирөө.

Бул жолдо ыйым жалган, күлкүм деле.
Эсимде калбайт кайгым, кубанычым.
Жан көрсөм, бирок кокус мүңкүрөгөн
Жанында башын жөлөп турарым чын.

Жөөлөшөт, түртүп өтөт жолдогулар,
Жөөлөндүм, үндөбөдүм… Күндү ээрчидим…
Эстедим, кечкенимди бар-жогунан,
Бактысын көтөрө албай күндөшүмдүн.

А бирок ушул жолго, каран калган
Каяктан келгенимди эстей албай,
Эр жүрөк көрүнүштү анан мага
Эсинен, эсендиктен кечкен жандар

…Мени эми күтпөгүлө, күйбөгүлө.
Кайрылбайм, кайтпай калдым ушул жолдон…
Бактылуу болуш үчүн бул дүйнөдө
Бакыттын эмне экенин билбеген оң.

Эми бул ырдагы жол деген сөзгө берилген аныктамаларды карап көрө турган болсок, андан миграция ар тарабынан тереңдетилип түшүндүрүлүп олтурат.
Жол – бул жөнү бөлөк, демек башка.
Жол – бул жалган орун алган жер: “сага айтылган сөздөр жалган”, “айтылбай калган сөзүм төгүндөлөт”; “бул жолдо сырым жалган жүрөктөгү”; “бул жолдо ыйым жалган, күлкүм деле” дейт акын.

Бул каран калган жолдо баары жалган болгон үчүн эч нерсе эсте калбайт, каяктан келгениңди да эстөө кыйын. Негативдүү маани берилген “жолдон” кайтуу кыйын. Бактылуу болуу да мүмкүн эмес. Ушундай негативдүү түстөгү “жолдо” калган адам дүйнөдөн бакыттын эмне экенин билбеген учурда гана бактылуу болот тура деген ой-постулатты өзү үчүн чыгарат. Мунун да себеби бар. Бакытты издеген, ага зар болгон адам гана бакыт тууралуу көп ойлонсо керек. Ал эми бактылуу жай турмушта бакыт тууралуу адам ал тууралуу башын оорутуп ойлонбошу да мүмкүн.
Бакыттан куру калтырган ушундай жолдо, демек, өмүрдө, баары жалган болгондугунун себебин автор кийинки ырында мындайча түшүндүрөт:
Жаныңда жайдаңдаган ким бирөөлөр.
Көшөрүп көрбөйт ыйың, тиштенгениң.
Тулкуңду куру намыс сүдүрөгөн,
Тунартып бүткөнү чын ичтеги өлүм.
Бирок, автор ушуну менен эле биротоло пессимист болуп, бакыттын, жакшылыктын эшигин таптакыр жаап салбайт.Ал:
Карабай ойду, тооңу, туш тарапка
Өзүңдөн өзүң качкан күндөр келет.
Башыңды басып түшүп муштай асман,
Жолуңдан жол издейсиң ый көрө элек, – дейт.
Демек, өмүрдөгү талбаган күрөш, чарчабаган изденүү токтобойт. Бирде ал күчтөнсө, кай бир кезде төмөндөйт, бирок, биротоло өлбөйт, өчпөйт.
Ай ыйлап асманыңда угузбастан,
Күн өлөт жүрөгүңдө, гүлдөр өлөт…
Сүйүү өлөт, сүйүү үчүн арман өлөт.
Боштукка келгениңди билген күнү
Жек көрүп, жектеп жашап калганың чын
Арт жакты көздөй кетчү издериңди.

Бул ыр саптарында адамга кымбат нерселердин баары өлгөнүн, жок болгонун айтканы менен, ошолордун өлгөнүн сезип, туюп, сыздап жаткан адамдын жүрөгү, сезими, жан дүйнөсү өлгөн жок. Чындыгында “Жаңылгандын жарык болуп жолуна, Жыгылганга жөлөк болгум келди эле…” деген гуманисттик ой-тилек менен, ниет менен жашаган адамда сүйүү, өмүрүндөгү гүлдөр, күнү өлсө да, асманында ай ыйласа да, өзү, сезими өлбөйт.

Турмуштун ак-карасы, дурусу менен бурушу, жамандыгы менен жакшылыгы дайыма эриш-аркак келгендиктен,“тозоктонгон тирүүлүк, аркыраган шамал тоскон” жолдо адам жүрөгүнө бакыт менен сүйүү жетпесе да, бак менен сүйүүгө март болбогон дүйнөнү сүйүп жашаш канчалык кыйын болгон күндө да, эмне үчүн “мен өзүмдү бүт унутуп калгым бар?!” деген собол таштайт.

Бул ырда да жол – мен жоголгон жол, үмүткө жетеленген (“кырк айрылыш жолдун учунда деңиз бар”) деген аныктама менен өмүр, жашоо катары ойду тереңдетет.

Жыйнакта өзгөчөлөнүп турган ырлардын бири “Энем Айканга” деген ыр. Анда да жол деген сөздү кезиктиребиз. Эне менен бирге сөзгө алынганда жолго дагы башка нуктагы түшүнүк ыйгарылат.
Билем, эне. Мен – мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы.
Аял болуу андан кыйын, куруп кал.
Мында жол – бул өмүр, жашоо менен бирге башат тек, басып өткөн тарых катары сыпатталганын көрдүк.

Миграция лирикалык каармандын психологиясында жол түшүнүгүнө алмашылып, өмүр менен, жашоо менен эриш-аркак берилип, дайыма жолдо, сапарда болуу түйшүгүнөн адамдын кыйналганын, мүшкүл тартканын жалпы ырлардын мазмунунан учуратабыз. Андыктан мындай “жолго” аттанганга “ак жол” деш да оор. Алтургай антип айтуу текеберлик. Эрк да жетпейт.
Мен сенден кече электе, кете электе
“Ак жол” де, эркиң жетсе, текеберим.
Калганга кадырлаш көп, кечелеш көп,
Жолу оор, жолу катуу кеткендердин.
Ырларда жол жалпысынан күңүрт түстө “боз жол” деп, бар туруп, “жок жол” деп бааланганы да жаңыча поэтикалык сыпаттама десек болот:
Куттуу үйгө кабар айтпай, чакыртпай
Келдим, досум, шамал буруп боз жолдон.

Ошол жашоо… Менде кайдан өзгөрүш?
Баягы мен, багыт тапкан жок жолдон.

Үнүңөн-ов, мезгил менен кооздолгон,
Үйүңөн ов, балаң менен кештелүү.
Бакыт болуп түшкө кирер боз жолдо,
Балаңдын бул балжыраган дептери!
Балаңдын бул баасы жаман дептери.

Өмүрүңө кимдер башын бакпаган,
Мен келишим бир күн керек болуучу.
Каргыш айт же карыздар бол, жакшы адам,
Сага чейин келген ушул жол үчүн…

Кайдан, кайда сапар (жол) алдым баркы жок,
Өзүм гана акылымда өзүмдүн.
Бараткам мен жок ичинде барга окшоп,
Жетегинде желкеленип сезимдин.
Өмүр – бул жол, сага чейин өткөн өмүр, баркы жок өмүр.
Дагы башка бир ырында жолго адамга ыйгарыла турган сапат берилгенин көрөбүз.
Салам сага, шамалы оор түндүктөн,
Сабыры бек жашоодогу Жарыгым.
Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн,
Ооруп келди мага бүгүн жаңы күн.
Мында деле ырдын кийинки саптарынан белгилүү болгондой, жол-өмүрдө ооруп турганы дагы деле болсо, алыстыктан, шамалы оор түндүктөн салам айтып турганынан улам дейт акын.

Акындын жолго берген баасы, аны өмүр, жашоо менен бирдей карашы кийинки ырынан да айкын көрүнөт.
Кыйык тамгам, кыйыктанба… Болгону
Биз жашаган жашоо башка, биз башка.
Баары сынбайт бүк түшкөндөр жолдогу
Жакпаса эле жаабай койбойт муздак кар.
Мында акын өмүрдө, турмушта, кыйналгандардын баары сынбайт, жашоо улана берет, башты көтөр деген сындуу чакырык, мындай оор турмушту түшүндүрүүгө умтулат.

Китепте “Жүк – 200” деген ыр публицистикалык ыргакта жазылган, миграцияга түздөн-түз байланышы бар, алтургай миграция кимдин катасы экенин ачык эле бетке айткан ыр. Бул ырда да акын жол сөзүнөн кыйгап өтө алган эмес.
Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!
Мында жолго кул жол деген аныктама берилет. Эмне үчүн? Мигранттардын тагдыры “Манастагы” Алманбеттин психологиялык абалын эске салат. Алманбет канчалык Манаска жакын болбосун, ак кызматын өтөбөсүн, селсаяк, артында колдоор эли жок деп айрымдар тарабынан кордолгонун билебиз. Анын сыңарындай, мигрант билими болсо да, болбосо да, жергиликтүүлөргө караганда укугу төмөн болуп, жумуштун эң оорунда иштеп, көпчүлүк учурда ден соолугунан ажырап, айрым учурда улутчулдардын колунан ажал таап, мекенине өзү эмес, табыты келип жатканы бүгүнкү күндүн оор чындыгы. Ошондуктан акын мигранттарды бөтөн жерге алпарган жолдорду кул жолдор деп таамай айткан.

Акындын “Алыстагы ак жарык” жыйнагындагы ырларда бүтүндөй мигранттардын үнү угулуп тургансыйт. Учу-түбү көрүнбөгөн жолдо өмүр кечирген бир боор мекендештерибиз эмне тууралуу ойлонот, кандай күндө жашайт, кандай ойлор менен түйшөлөт?
Узак жолдо учу-түбү карарган,
Каргыш тийгир, кадам сайын жаңы адам.
Оо мен сени тааный албайм, сен мени,
Изде, тааны, сен мени тап, жан аргам.
Акын өзү “тааны дагы, сурай көрбө атымды, аяй көрбө, аарчылбаган жашымды. Деңиз жыттуу шамалды ырда сен мага, Аралды ырда, жайы-кышы жашылдуу” дегендей, Нарсулуунун ушул чакан “Алыстагы ак жарык” аттуу китеби – бүгүнкү мигранттарды тааныта турган, миграция темасындагы поэзияга, жалпы эле адабиятыбызга салым кошо турган жыйнак.

Эми жогорудагы ойлорубузду жыйынтыктап, өмүр – бул жол деген түшүнүккө берилген аныктамаларды жиликтеп, мигрант үчүн жолго айланган өмүр, жашоо деген эмне экенине саресеп салып көрөлү.
Мигранттардын психологиясында өмүр – бул оңойго турбаган, жемишин жеңил бербеген татаал жол. Ошондуктан акын жолго “боз жол, муң-зарга, буюктурган бурганактарга, куюндарга уюп калган жол”, “каран калган жол”, “учу-түбү карарган”, “жолу оор, жолу катуу кеткендердин” деген аныктамаларды берет.
Ошондой эле акындын “жолго” берген экинчи аныктамасы: өмүр – бул жалган орун алган жол. “Сырым, оюм, күлкүм, ыйым, айтылган да айтылбаган сөздөрүм жалган жол” дейт ал. Алыста кечирген өмүрдүн жалган болушу жанында жандай көргөн ишенимдүү жакын адамдардын болбошу, күндө жаңы адам кездешкен, көпчүлүктүн ичинде жүргөн менен жалгыздык, кооптонуучулук жанга батканы менен түшүндүрүлөт.
Үчүнчү аныктама: өмүр – бул жалгыздык орун алган жол. Бул концепт “Эмнеге анан керең-дүлөй кеч менен, жалгыз-жарым жолго чыктым, билбеймин”; “Жөөлөшөт, түртүп өтөт жолдогулар. Жөөлөндүм, үндөбөдүм… Күндү ээрчидим” деген саптардан улам келип чыкты.

Төртүнчү аныктама: өмүр-жол – бул бүтпөгөн, үмүт арттырган, чакырган жол. “Жолуңдан жол издейсиң ый көрө элек, “Кырк айрылыш ушул жолдун учунда деңиз бар”, -деп бирөө мага айтты эле…”; “Кайтаар жолдо кадамыбыз тушалып… “Аманбыз” дейт үнү менен апамдын кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык”.
Бешинчиси, өмүр-жол – бул адамды чөгөргөн, жоголткон жол. “Алдымда азыр мен жоголгон жол жатат. Билем чөктүм, өзүмдү өзүм чөгөрдүм”.

Алтынчысы, өмүр-жол, мигранттардын өмүрү, жашоосу, Ата журттан алыста кечирген күн – бул оорулуу жол. “Онтоп жолдор экөөбүздү бир күткөн, ооруп келди мага бүгүн жаңы күн”.
Жетинчиси, мигранттар үчүн өмүр – бул кул жол. “Сени апкелген кул жолдорду бул жерге сени апкеткен жолдор эми кечирбейт”.

Акыркысы, өмүр-жол – бул башат тек, басып өткөн тарых, ал эми ушул контекстте берилген мигрант – башатынан, тарыхынан, тамырынан алыстаган мезгилдин бир сыныгы.

Миграция темасындагы поэзиясында өмүр – бул жол түшүнүгү менен айкалышат. Демек, мигранция философиясында өмүрдүн жол менен айкалышы, өмүргө жолго жасалган мамиленин жасалышын шартташы ыктымал. Жолдо адам дайыма күтүүдө болот, жолдо адам жай ала албайт, жолдо адам жоготот, адашат, жоголот, жолдо адам издейт, табат, жолдо адам кор болот, мусапыр болот, жолдо жай турмуш өтпөйт, жолдо бакытты да кармап калуу кыйынга турат, жолдо адам үйгө кайтам деген психология менен күн кечирет, андыктан толук кандуу жай турмушту куруу да кыйынга турат. Жол – бул бүтпөйт, чеги жок, акын айткандай, “учу-түбү карарган” жолдо өзүңдү табуу, сүйүүнү табуу, ишенимди табуу, бакытты табуу, жакшы адамды табуу кыйын. Андыктан, Нарсулуу Гургубаева миграция темасындагы поэзиянын өкүлү катары мигранттардын психологиясы менен миграциянын философиясын көркөм чечмелөөгө көтөрүлө алган, муну менен катар Ата журттун кадырын, туулган жердин образын жаңы кырдан ачып берген адабияттагы жаңы сөз деп айтууга толук негиз бар.

Гүлзада Станалиева,
филология илимдеринин кандидаты