Блог

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафону уланууда

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо марафонуна Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчилиги 100 доллар. Ишкер Маматкадыр Тиллебаев 20 000 сом, Казакстандагы “Мурас” кыргыз этномаданий бирикмеси 10 500 сом Дордой-Дыйкан базарынын директору Салымбеков Эркин Мааткабылович 10 000 сом Гүлмира Кулумбаева 10 000 сом салым кошту.

Улуттук китепканада Жазуучуларды колдоо марафону өтүүдө

Бүгүн А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо боюнча марафон башталды. МарафондуЖазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков ачып берип, өтүп жаткан марафон ийгиликтүүболушун каалады. Маданият, маалымат, спорт жана туризм министринин катчысы Б.Секимов катышты. Марафонго жалпы акын-жазуучулар, белгилүү адабиятчылар, коомдук –мамлекеттик ишмерлер, ишкерлер ж.б катышууда. Кыргыз Республикасынын Эл акыны М.Ааматов: “Бул марафон адабияттын ойгонушу болсун, акын-жазуучуларга шарттар түзүлүп, дүйнөлүк деңгээлге чыга турган чыгармалар жазылсын” деген тилегин билдирди. Марафон кечке чейин уланат.

Марафондун өтө турган орду А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына которулду

Урматтуу мекендештер, Урматтуу калемдештер жана адабият сүйүүчүлөр, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу 2022-жылдын 9-декабрында саат 10:00дө марафон өткөрөт. Марафондун өтө турган орду өлкөбүздө өтүп жаткан ЕАЭБ саммитине байланыштуу Мамлекеттик тарых музейинен А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасына которулду. Катышуучуларды Улуттук китепканадан күтөбүз. Марафондун максаты: КРнын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгынын “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасына 2018–жылдын 31–декабрына карата коммуналдык төлөмдөргө болгон 1457071 (бир миллион төрт жүз элүү жети миң жетимиш бир) сомдук карызын төлөө; КР Улуттук жазуучулар союзунун материалдык жана техникалык базасын чыңдоо; Улуттук адабиятты колдоо. 1934 – жылы уюшулуп, 2004 толугу менен…..

С.Жапаров: “Ар бир калемгерге, чыгармачыл инсандарга шарт түзбөсөк руханий ачкачылыкты жоё албайбыз.”

КР Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 27-февралында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү.

Рахат Аманова: Аа, ошону айтсаң, кемпир

Аа, ошону айтсаң, кемпир Калың дубалы терезелердин текчесинен баамга урунган эски үйдүн айнектери бууланып, оймоктой бөлмөнүн ичи кайнайт. Колго оңдуу үчүн малакай, тебетей, калпак, жоолук, кол капты коё салганга ыңгайлуу, майда- барат буюм- тайым коюлган текчелерге канча жылдан бери буу тамчылай берип, тактайынын боёгу өчүп калган. Айнек пардалардын кыймасы жипке өткөрүлүп, эки жагынан мыктарга байланган жерин көк басып, катып калган эле. Кемпирге гүлү жакпай бузулган крепдешин көйнөгүнөн тигилген кыска, окшош пардалар үч бөлмөдө көп жылдан бери тагылып турат. Жатарда таш көмүрдүн чогуна каланган көңдүн табынан темир меш дуулдап, үстүндө капкагы толугу менен…..

Гүлзада Станалиева: Шаризаттын ыры, тергөөчүнүн сүйүүсү жана Кымыевдин кармалышы

«Менин эстүү курбуларым» сериясынан «Менин эстүү курбуларым» сериясында окурмандарга бир катар аңгемелеримди сунуштап турмакчымын. Ал аңгемелерде эстүү аялдардын бөтөнчө окуялары тууралуу баяндалат. Шаризаттын ыры, тергөөчүнүн сүйүүсү жана Кымыевдин кармалышы  (Уу сөздөн көңүлү ооругандарга арналат.) Уюлдук телефондун коңгуроосу жаналекетке түшүп чырылдады. Айгүлдүн ичке манжалары керебеттин жанында турган тумбанын үстүн сыйпалап атып чырылдаган үндү өчүрдү. Саатты караса – жети. Сегизде жумушунда болушу керек. Айла жок көзүн бир ачып, бир жумган бойдон ваннага жөнөдү. -Сабыр, тур. Мен кечигем. Тур, жуун, – деди Айгүл бөлмөгө кирери менен жуурканына оронуп алып уктап аткан күйөөсүнө. -Канча толугу менен…..

Балдар жазуучулары арасында Тоголок Молдо атындагы сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы сыйлыгы жөнүндө  Жобо I. Жалпы жоболор КР Улуттук жазуучулар союзу мектепке чейинки курактан баштап, өспүрүм курактагы балдарга руханий тарбия берүү жаатында эмгектенип келе жаткан кыргыз тилиндеги мыкты адабий -көркөм чыгармалардын авторлорун, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон котормочуларды сыйлоо жана моралдык жактан колдоо максатында Тоголок Молдо атындагы сыйлыгын жарыялайт.  КР Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгы (мындан ары – сыйлык) эки жылда бир ыйгарылат жана төмөндөгүдөй максатты көздөйт:  балдарды руханий жактан тарбиялоо; эне тилин өнүктүрүүгө салым кошуу; балдар толугу менен…..

Бектуруш Салгамани: Зоокадан агып түшкөн шагылдар – кар. Үңкүйөт түбү сууга малынган жар

Мухамед пайгамбардын турмушунан Куш уйку салып чак түш кезегинде, ойгонуп өйдө боло береринде, жатыптыр бала мышык жыргап уктап, жайылган чепкенинин этегинде.   Ширин бир жылмайды да ойлонбостон, мышыктын тынчын алып ойготпостон, акырын туруп кетти чапанынын этегин кесип таштап койгон бойдон…   Чалдар менен балдар -Бир бутубуз гөрдө турат эй, балдар, сыйдагыда, бизди байлап бериппи? Уят болот!-деп чалдар, троллейбуста топ балдарды зекишти.   Балдарды көп күнөөлөшкө негиз жок, бирдемени талкуулашып жатышкан. Байкашса орун бошотмок, булар деле салтты билип калышкан.   Бала болгон, чалдар ойлоп көрбөйбү, бекер эле беймазалап зекишти. Балдар эмне, толугу менен…..

Эсентур Кылычевдин “Күзгү токой” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү

Акын, котормочу, адабиятчы Эсентур Кылычевдин “Күзгү токой” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Жыйнакка акындын ырлары, котормолору жана автордун орус тилине которулган ырлары кирген. Китептеги “Үндөр”, “Жашыл шоолалар”, “Бүчүрлөр жарылганда” деген бөлүмдөрдө акындын мурда-кийин жазылган өзүнүн ырлары берилген. Ал эми «Күзгү токой» бөлүмүндө Э.Кылычевдин котормосунда Генрих Гейне, Антонио Мачадо, Витрезслав Незвал, Рене Сюлли-Прюдом, Рекам, Исикава Такубоку, Мати Тавара сыяктуу белгилүү акындардын чыгармалары камтылган. Ошондой эле “Ырларым Пушкин тилинде” деген бөлүмдө акындын орус тилине которулган ырлары орун алган. Эсентур Кылычев 80-жылдары кыргыз поэзиясындагы жаңычыл ийгиликтерди жараткан акындардын бири катары таанылган. Анын ырлары толугу менен…..