2022-жылдын 9-декабрына белгиленген марафон соңуна чыкты

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзун колдоо максатында 2022-жылдын 9-декабрына белгиленген Марафон жыйынтыкталды. Марафонго КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин өкүлү Б.Секимов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият ишмерлери, ишкерлер, акын-жазуучулар катышты. Чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер да четте калган жок. Багыт Бапанов баштаган калемгерлер 20000 рубль которду. КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин өкүлү Б.Секимов өз сөзүндө КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен жакынкы аралыкта Жазуучулар союзуна жаңы имарат берилерин, карызы жоюларын, акын-жазуучулар колдоого алынарын билдирди. Марафондун жүрүшүндө Кыргыз улуттук “Манас” театрынын чыгармачыл жамааты толугу менен…..

Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз!

Урматтуу маданият өкүлдөрү, Кадырлуу калемдештер, Баарыңыздарды бүгүнкү 2-октябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз! Улут өз наркын, дөөлөттөрүн сактай алганда гана улут катары сакталып калаары ааламдашуу доорунда биротоло айкын болду. Улуттун дал ушул баалуулуктарын коргоп, көрөңгөсүн кемитпей турган маданият өкүлдөрү эмеспи. Унутта калып бара жаткан маданият менен анын өкүлдөрүнө соңку жылдары көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан камкордукка алына баштаганы дагы жакшы жышаан. Бүтүндөй бир улуттун улуу жоопкерчилигин көтөргөн эмгегиңиздерден баар таап, эң бийик сыйлык – эл журттун алкышына арзыңыздар. Бабаларыбыз “элде болсун, эл ичинде бизде болсун” демекчи, дүйнөдө тынчтык болуп, жергебиз толугу менен…..

Ыраазычылык билдиребиз

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган короновирус илдети аздап азайып, эл жай турмушуна түшүп, күнүмдүк тиричилигин кылып калды. Эки айдан ашык убакытка созулган карантинде Улуу жаратуучу жалпы элибизге көп эле жакшы иштерди жасоону үйрөтүп койду окшойт. Алгач, ажиотаж менен башталган карантин акыры карамдуу болуу менен аяктады. Башка иш түшкөндө бириге калуу кыргыздын канында бар экендиги мында дагы бир жолу айгине болду. Үйү жогуна үй таап берип, ашы жоктун аягына аш салып берген карапайым уул-кыздарыбыздын эмгеги күч. КРнын Улуттук жазуучулар союзуна кайрылып, үйүндө жаткан акын-жазуучулардан кабар алып турган айрым мекендештерибизге ыраазычылык билдирип коюу биздин толугу менен…..

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет

Аксы районунун Ак Жол айылындагы маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана журналист Зайырбек Ажыматовдун ысымы берилет. Мындай чечим 19-майда Ак Жол айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы, “Айтыш” коомдук фонду жана “Аксы жаштар биримдиги” коомдук фонду акындын атын түбөлүккө калтыруу максатында өзү туулуп өскөн Ак Жол айылындагы маданият үйүнө ысымын ыйгаруу сунушу менен кайрылган. Адабиятчы Улан Турдалиевдин демилгеси менен сунушталган кайрылуубузду колдоп бергендиги үчүн айыл башчысы Мырзагулов Бердалы Жумабековичке, айылдык кеңештин төрагасы Батыралиев Темиркул толугу менен…..