Бектуруш Салгамани: Менин душманым ким? (Прозадагы ырлар)

Прозадагы ырлар Акча Акча! Сага алтын саатты сатып алса болот, а бирок, убакытты сатып алышка таптакыр мүмкүн эмес. Ага сенин жетпейт күчүң таптакыр. Акча! Сага не бир китептерди сатып алышка болот, анткен менен билимди сатып алышка жарамсызсың сен деген. Акча! Набаада сен бар болсоң, бар болсоң да – мол болсоң, анда дүйнөнү түрө кыдырып, каалаган өлкөнүн жаккан жайынан не бир, не бир үлгүлөрдө тургузулган заңгыраган үйлөрдү, виллаларды сатып алышка болот, бирок, үй бүлөнү сатып алышка мүмкүн эмес. Акча! Сенин күчүң менен алтын, жакут, каухардан жата турган керебеттерди, ылгый жибек, шайылардан толугу менен…..