Мурза Гапаров: Эки ирет гүлдөөчү алмалар

Эки ирет гүлдөөчү алмалар Алардын үйү тар болгондуктан, бала кыш ичи печтин астындагы бурчта мышыкча бүгүлүп, сыры көчкөн полдо жатып чыкты. А качан күн жылып, ачык асмандын астында жашаса боло турган мезгил келер замат, ал, өзү жыгач складынан кымтып-кумтуп келген, шахтадан чыккан породалардын арасынан чукуп тапкан сынык-сунук тактайлардан кураштырып, отун кепенин жанына кичинекей сөрү жасап алды да, шаардагылардын ичинен биринчи болуп тышта жашоочу болгон. Үстүнө эч нерсенин көлөкөсү түшпөгөн сөрүдө, чак түштө уктап, эс алуу абдан кыйын болгондуктан, бүгүн тобокелге салып, өгөй атасынан абдан корксо да, анын бүгүн жумуштан саат толугу менен…..